Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы №2021-П-12/70-2-(НПА) Токтомунун редакциясына ылайык)
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 токтому менен бекитилди
|
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө НУСКОО
1. Жалпы жоболор
2. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөө тартиби
3. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө алып салуулар
4. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн алып салууну камсыз
кылуучу күрөөгө карата талаптар
5. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча талаптар
6. "Ислам терезесине" ээ банк үчүн бир кардарга/берүүчүгө
тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө
тартиби жана "ислам терезесине" ээ банктын ири
тобокелдигин эсептөө
7. Байланыштуу жактар
8. Белгиленген чектөөлөргө ылайык келбей калган учурларда
ушул нускоонун талаптарын колдонуунун тартиби
9. Отчеттуулук
10. Башка талаптар
1-тиркеме. Эң ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар
2-тиркеме. Банк-корреспонденттер жөнүндө маалымат
3-тиркеме. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык келбей калган учурлар
жөнүндө маалымат
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Нускоо исламдык банктарга жана "исламдык терезеси" бар банктарга таркатылат.
2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоонун чектерин жана ошондой эле исламдык банктар жана "исламдык терезеси" бар банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптарды жана жол-жоболорду белгилөө, бул Нускоонун максаты болуп саналат.
3. Каржылоонун чектери - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) "бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" экономикалык ченеми аркылуу бир кардарга/берүүчүгө жана аны менен байланыштуу жактарга карата тобокелдикти чектөө.
2. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөө тартиби
4. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К1) төмөнкү формула боюнча эсептелинет.
К1 = ЧК/ТСК * 100%,
мында, чогуу алгандагы карыз же талаптар - ЧК деп, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн төмөнкүлөр боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызын түшүнүү зарыл:
- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн каржылоо (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз);
- факторинг;
- банктар аралык жайгаштыруулар;
- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар;
- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн каржылоо боюнча үстөк баа жана каржылоо боюнча кошумча төлөмдөрдүн башка формалары;
- маңызы боюнча каржылоо болуп саналган кардарларга/берүүчүлөргө, каражаттарды кайсыл болбосун, тике же кыйыр түрдө берүүлөр;
- ошол кардарга/берүүчүгө берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (каржылоого берүүгө гарантиялардын, аккредитивдердин, милдеттенмелердин) суммасы боюнча;
- банктын үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдикке баруусу, ал сөзсүз ошол кардар тарабынан гарантияланган;
- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык берилген, мурда алынып салынган каржылоо боюнча, анын ичинде каржылоо боюнча үстөк баа жана каржылоо боюнча кошумча төлөмдөрдүн башка формалары. Ар бир кардардын/берүүчүнүн делосунда ошол кардардын/берүүчүнүн жана аны менен байланыштуу жактардын мурда алынып салынган каржылоо жана ал боюнча үстөк баа жана каржылоо боюнча кошумча төлөмдөрдүн башка формалары жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө жана анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: кардардын/берүүчүнүн жана аны менен байланыштуу жактардын аты-жөнү, эсептен алынып салынган каржылоонун суммасы, үстөк баа жана каржылоо боюнча кошумча төлөмдөрдүн башка формалары, эсептен алынып салынган күн жана карыздын эсептен алынып салынышынын себеби. Эгерде бул маалыматтар камтылбаса, анда делодо банктын ыйгарым укуктуу адамынын ошол кардардын/берүүчүнүн жана аны менен байланыштуу жактардын мурда алынып салынган карыздары жок экендиги жөнүндөгү корутундусу болууга тийиш.
ТСК - банктын таза суммардык капиталы.
5. Ислам банкы менен байланышы болбогон бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
- банктарды кошпогондо, кардар/берүүчү үчүн (K1.1.) - 20% ашпаган өлчөмдө;
- банктар үчүн (К1.3) - 30% ашпаган өлчөмдө.
6. Ислам банкы менен байланыштуу жактарды каржылоонун чектери жана тартиби Банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга карата талаптар жөнүндө нускоого ылайык аныкталат.
7. Ушул Нускоодо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди дагы кошумча төмөндөтүү максатында, ислам банктарына каржылоонун ички чектерин белгилөө сунуш кылынат, алар ушул Нускоонун 5-пунктунда белгиленген чектерден төмөн болууга тийиш.
3. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө алып салуулар
8. Күрөө менен байланыштуу болбогон, алып салуулар:
1) улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар;
2) рейтинги Moode's I№vestors Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган же Ваа узак мөөнөткө каралган кредит төлөөгө жөндөмдүүлүк рейтингине барабар же андан жогору болгон коммерциялык банктарда жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушу сыяктуу банктар тарабынан гарантияланган каржылоо суммалары. Мына ушул алып салуулар мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу үчүн ислам банкы ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгачкы ыйгарылган күн жана ыйгарылган рейтинг акыркы жолу тастыкталган күн, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалыматтар булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету;
3) ислам банкынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу кагаздарын же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу кагаздарга ээ болуусу аркылуу инвестициялары.
9. Күрөөгө байланыштуу болгон алып салуулар:
1) бир карыз алуучуга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана алынып салынат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу кагаздары;
- ошол ислам банкында өзүнчө банктык эсепте турган каражаттар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же ислам банкы тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантия бар баланстан тышкаркы милдеттенмелер;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары бар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук баасы сунушталган каржылоонун негизги суммасынан кеминде 20% артып турууга тийиш.
Ушул нускоонун 8-пунктунун 3-пунктчасында, 9-пунктун 2- жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген каржылоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген гарантиялар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделинүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген гарантиялар ислам банкынын таза суммардык капиталынын 60% өлчөмүнөн ашпоосу зарыл;
4) ошол ислам банкындагы өзүнчө банктык эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө банктык эсеп - бул, жеке адамдын же юридикалык жактын өзүнчө ачылган эсеби. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.
Мында төмөндөгү шарттар аткарылууга тийиш:
- киргизилген акча каражаттардын суммасын тастыктоочу документ ислам банктын сактоосунда турууга тийиш;
- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде кардар/берүүчү өз милдеттенмелерин аткарбай койсо, анын өзүнчө банктык эсептеги акча каражаттарынан ислам банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш;
- ислам банкында тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга тийиш жана ал келишимде каралган мөөнөт бүткөнгө чейин банктык эсептин сакталып турушун камсыз кылган ички контролдукту жүзөгө ашыруусу зарыл;
- талаптарды камсыздоочу банктык эсептеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана так котировкаланышынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертирленүүчү кайсыл болбосун валютада болууга тийиш. Мында, эгерде банктык эсеп талап белгиленген валютада болгон болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан башка валютадагы банктык эсеп - сом түрүндөгү эквивалентте кеминде 120% жабууга тийиш;
- эгерде, акча каражаттары каржылоого сунушталган валютадан башка валютада берилген болсо, банктык эсепти жума сайын милдеттүү түрдө кайрадан баалоодон өткөрүү;
5) Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү уюмуна (ЭКӨу) мүчө болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө же Борбордук банктарына карата талаптар же алар тарабынан же болбосо эл аралык финансы институттары (ЕБРР жана АБР ж.б.) тарабынан гарантияланган талаптар;
6) ислам банкы тарабынан кабыл алынган, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү уюмуна (ЭКӨу) мүчө болгон өлкөлөрдүн Борбордук банктары же өкмөттөрү алар боюнча бенефициар болуп саналышкан баланстан тышкаркы милдеттенмелер;
7) ислам банкы тарабынан башка банкка кайтара сатып алуу укугусуз сатылган, каржылоого катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул, сатып алып жаткан банк сунушталган каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдигин, адатта ал өзү каржылоону сунуштаган шарттарда толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Каржылоого катышуу жөнүндөгү келишимде эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги алардын каржылоого катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Каржылоо үлүшүн алууда Улуттук банктын бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченеми сакталууга тийиш.
4. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу
өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн алып салууну камсыз
кылуучу күрөөгө карата талаптар
10. Эгерде, баалуу кагаздар жана/же акча каражаттары күрөө предмети катары колдонулса, анда күрөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык заклад (күрөөгө коюу) түрүндө жүзөгө ашырылат.
11. Эгерде, документтелбеген баалуу кагаздар күрөө предмети катары колдонулса, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул күрөөнүн каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер банктын колунда болууга тийиш. Мында, ислам банкы күрөө, анын предметинен өндүрүүнү жүргүзүү талабы биринчи кезекте аткарылуусу зарыл экендигин кароого тийиш.
12. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндөгү" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таризделинет.
13. Күрөө жөнүндөгү келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө коюлгандардын башка жакка күрөөгө коюлушуна жол берилбеши каралууга тийиш.
14. Күрөөнүн предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, ислам банкы ушул нускоонун талаптарына ылайык анын наркын көбөйтүүнү жана бул талаптын 10 жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууну дароо талап кылууга милдеттүү.
15. Ислам банкы ушул Нускоонун 3- жана 4-бөлүктөрүндөгү талаптарга ылайык, күрөөнүн сакталып турушу боюнча тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгууга жана ички контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү.
16. Эгерде, Кыргыз. Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун күрөөгө тиешелүү талаптары (күрөөнү каттоодон өткөрүү жол-жоболорун, күрөөгө карата тиешелүү документтердин, тиешелүү түрдө тастыкталган тескөөчү ыйгарым укуктар боюнча документтердин болушу) аткарылбаса, анда бул талап бир карыз алуучуга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн алып салууга туура келбейт.
17. Сунушталган каржылоонун 3 жана 4-бөлүктөрдөгү талаптарга туура келбеген үлүшү бир карыз алуучуга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ушул Нускоонун жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.
5. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча
талаптар
18. Бир кардарга/берүүчүгө ислам банкынын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашуучу чогуу алгандагы карызы олуттуу (ири) тобокелдик катары каралат.
19. Ислам банкынын бардык олуттуу (ири) тобокелдиктеринин жалпы суммасы таза суммардык капиталдын беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
20. Ири тобокелдикти түзгөн ар бир талап ислам банкынын Директорлор Кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Директорлор Кеңешинин отурумунун протоколунда аны берилишин жактыруу, ошондой эле Директорлор Кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы так көрсөтүлүшү зарыл.
21. Эгерде, ал ири тобокелдик аныктамасына дал келсе же ошол абалда сакталып турса, ушул Нускоонун 20-пунктунун шарттары ошол кардарга/берүүчүгө карата кайсыл болбосун кошумча талаптардын катарына кирет.
22. Күрөө менен камсыз болбогон каржылоону сунуштоо боюнча контрактылардын чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.
6. "Ислам терезесине" ээ банк үчүн бир кардарга/берүүчүгө
тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө
тартиби жана "ислам терезесине" ээ банктын
ири тобокелдигин эсептөө
23. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К1) "ислам терезесине" ээ банк үчүн Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу Нускоого ылайык эсептелет жана салттуу банк иши боюнча чогуу алгандагы жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча чогуу алгандагы бир кардарга/берүүчүгө карыздын ислам банкынын таза суммардык капиталга карата катышы катары аныкталат.
24. "Ислам терезесине" ээ банк, ири тобокелдикти эсептөөдө салттуу банк иши боюнча сыяктуу эле, ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган бардык активдерди эске алууга тийиш.
7. Байланыштуу жактар
25. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, эгерде бир кардардын/берүүчүнүн финансылык жактан оор абалда калуусу башка жактарда да төлөө көйгөйүнө дуушар кылышы мүмкүн болсо, анда кардарлардын/берүүчүлөрдүн карызы суммаланууга жана байланыштуу бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралууга тийиш.
26. Көбүнчө, ар кандай кардарлардын/берүүчүлөрдүн каржылоону сунуштоо боюнча контрактыларынын суммасы суммаланууга тийиш, эгерде:
- бир кардар/берүүчү экинчисин контролдоп турган болсо;
- каржылоо толук шериктештикте иш алып баргандарга жана ошол толук шериктештиктин катышуучусуна (толук шерикке) берилген болсо;
- каржылоо коммандиттик шериктештикке жана ушул коммандиттик шериктештиктин катышуучусуна (толук шерикке) берилген болсо;
- чогуу алганда, жок эле дегенде бир контролдоочу жакка, өнөктөшкө ээ же алардын ар биринде жоопкерчилиги чектелбеген катышуучу (толук шериктештик) болгон эки же андан көп жактарга карата тобокелдиктер (ошол жак ага карата банк өзүнчө тобокелдикке, мисалы каржылоого ээ жак болуп саналгандыгына карабастан);
- бир нече кардарлар/берүүчүлөр ортосунда олуттуу түрдөгү финансылык өз ара көз карандылык орун алса. Өз ара кызматташтык жөнүндө келишимди кошо алганда, олуттуу түрдө финансылык өз ара көз карандылык, эрежедегидей эле, эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын 50 же андан көп пайызы же келип түшкөн башка каражаттары же төлөмдөрү башка карыз алуучулар менен бүтүмгө келишүүдөн улам келип чыккан учурда гана орун алат;
- кардар/берүүчү каржылоонун каражаттарын жалпы ишканага же жалпы ишке катышуу үчүн пайдаланган же экөөсү тең бир эле төлөөнүн экинчилик булагына (күрөөгө) таянган жагдайды кошо алганда, алынган каржылоону төлөө үчүн бир эле булак пайдаланылат;
- кардарлардын/берүүчүлөрдүн бири экинчисинин милдеттенмесин гарантиялаган (кросс гарантия) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун тең гаранты болуп санала турган болсо;
- бир же бир нече кардар/берүүчү тарабынан алынган каражаттар үчүнчү жактын (банк тарабынан бул үчүнчү жакка карата талап коюлганбы же коюлган эмеспи, ага карабастан) тике пайдасы үчүн колдонулса же каражаттар же ошол алынган каражаттарга сатылып алынган активдер үчүнчү жакка берилсе, бул жерде андан бизнестин жүрүшүндө товарлар же кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган учурлар эске алынбайт.
Эскертүү: "Контролдук" деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга карата талаптар жөнүндө Нускоодо аныкталган.
8. Белгиленген чектөөлөргө ылайык келбей калган учурларда
ушул нускоонун талаптарын колдонуунун тартиби
27. Ислам банкынын тобокелдиктерди тескөө системасы ушул Нускоонун талаптарын бузууга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого өбөлгө түзүүгө тийиш. Ислам банкы эгерде, кардарларга/берүүчүлөргө же өз ара байланыштуу жактар тобуна карата орун алган жалпы тобокелдиктин көбөйүүсү ушул Нускоонун талаптарына дал келбесе, мындай кардарларга/берүүчүлөргө карата жаңы тобокелдиктерди кабыл ала албайт.
28. Эгерде, бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ислам банкында тобокелдик келип чыккан учурунда ушул Нускоодо белгиленген чектөөлөрдү аткарууга мүмкүндүк берип, бирок кийинчерээк алардан артса (мисалы, алмашуу курсу өзгөргөн учурда), анда ислам банкы бул факт тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк санкцияларды колдонуусуз эле, ошол ылайык келбеген шартты четтетүүгө боло турган мерчемдүү мезгил аралыгын белгилеши мүмкүн.
9. Отчеттуулук
29. Ислам банкы дайыма маалымат базасын толуктап турууга жана байланыштуу жактар боюнча эсепке алуу журналын жүргүзүүгө тийиш, анда ар бир кардарга/берүүчүгө жана аны менен байланыштуу жактарга карата бардык талаптар жөнүндө маалыматтар камтылышы зарыл.
30. Ислам банкы Улуттук банкка ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча бардык ири тобокелдиктер тууралуу маалыматты берип турууга тийиш (1-тиркеме).
31. Ислам банкы Улуттук банкка ушул Нускоонун 8-пунктунун 2-пунктчасына ылайык рейтингге ээ болгон бардык банк-корреспонденттер жөнүндөгү маалыматты ар бир чейректин акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча берип турууга тийиш (2-тиркеме).
32. Ушул Нускоонун талаптарына дал келбей калуу учурлары орун алган шартта, банк Улуттук банкка алар жөнүндө маалыматты ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча берет (3-тиркеме).
10. Башка талаптар
33. Эгерде, каржылоо же операцияларды жүргүзүү ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса жана анын натыйжасында ислам банкы жоготууга дуушар болгон болсо, анда банктын Директорлор Кеңешинин жана Башкармасынын каржылоо берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген, операцияны жактырган ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
| "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоого 1-тиркеме
|
Эң ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────┬─────┬─────┐
│№ │ Кардар/берүүчү жөнүндө маалымат │Банк │ Ком-│
│ ├─────┬───┬────────────────────────────────────────────┤ээлик│пания│
│ │Кар- │То-│ Жалпы карыз/Контракттардын жалпы суммасы │ кы- │ же │
│ │дар- │бу │ │луучу│жеке │
│ │дын/ │ │ │ ком-│адам │
│ │бе- │ │ │ па- │ээлик│
│ │рүү- │ │ │ ния-│ кы- │
│ │чү- │ │ │ нын │луучу│
│ │нүн │ │ │ фи- │банк-│
│ │аты- │ │ │ нан-│ тын │
│ │жөнү │ │ │сылык│ ак- │
│ │ │ │ │каты-│ ция-│
│ │ │ │ │ шуу-│лары-│
│ │ │ │ │сунун│ нын │
│ │ │ │ │ (ак-│үлүшү│
│ │ │ │ │ ция-│ │
│ │ │ │ │ лар-│ │
│ │ │ │ │ дын)│ │
│ │ │ │ │үлүшү│ │
│ │ │ ├────┬─────┬────┬─────┬─────┬────┬─────┬─────┼─────┼─────┤
│ │ │ │Су- │үстөк│Жана│үстөк│ Ба- │Бар-│Клас-│Мөө- │ │ │
│ │ │ │нуш-│ баа │баш-│ баа │ланс-│дыгы│сифи-│ нө- │ │ │
│ │ │ │тал-│жана │ ка │жана │ тан │ бо-│ ка- │түн- │ │ │
│ │ │ │ган │ кар-│ ак-│кар- │ тыш-│луп │ ция-│ дө │ │ │
│ │ │ │кар-│жылоо│тив-│жылоо│каркы│ │ лоо-│ тө- │ │ │
│ │ │ │жы- │боюн-│дер │боюн-│ мил-│ │ нун │лөн- │ │ │
│ │ │ │лоо │ ча │ │ ча │ дет-│ │кате-│ бө- │ │ │
│ │ │ │ │ ко- │ │ ко- │ тен-│ │ го- │ гөн │ │ │
│ │ │ │ │шумча│ │шумча│мелер│ │риясы│ ка- │ │ │
│ │ │ │ │ тө- │ │ тө- │ │ │ │рыз- │ │ │
│ │ │ │ │ лөм-│ │ лөм-│ │ │ │ дар │ │ │
│ │ │ │ │ дөр-│ │ дөр-│ │ │ │(күн-│ │ │
│ │ │ │ │ дүн │ │ дүн │ │ │ │ дөр │ │ │
│ │ │ │ │башка│ │башка│ │ │ │ көр-│ │ │
│ │ │ │ │фор- │ │ фор-│ │ │ │ сө- │ │ │
│ │ │ │ │ ма- │ │ ма- │ │ │ │ тү- │ │ │
│ │ │ │ │лары │ │лары │ │ │ │лөт) │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ 1│ 2 │ │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│3 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│4 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│5 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│6 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│7 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│8 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│9 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│10│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│11│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│12│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│13│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│14│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼───┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│15│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┴───┴────┴─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ │Бардык ири │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │тобокелдиктердин │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │жалпы суммасы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼────────────────────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ │Бир кардарга │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │караштуу эң ири │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │карыз │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┬───┬────┬─────┼────┴─────┴─────┴────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
│ │Маа- │ │ │ │
│ │лымат│ │ │ │
│ │үчүн:│ │ │ │
│ │бар- │ │ │ │
│ │дыгы │ │ │ │
│ │бо- │ │ │ │
│ │луп, │ │ │ │
│ │карыз│ │ │ │
│ │алуу-│ │ │ │
│ │чу- │ │ │ │
│ │лар- │ │ │ │
│ │дын │ │ │ │
│ │саны │ │ │ │
└──┴─────┴───┴────┴─────┘
(*) Эгерде, исламдык банкында ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, ислам банкында 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы №2021-П-12/70-2-(НПА)
Токтомунун редакциясына ылайык)
| "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоого 2-тиркеме
|
Банк-корреспонденттер жөнүндө маалымат
┌──┬─────────────────────┬──────────────┬──────────────┬──────────────┐
│ │Банк-корреспонденттин│ Ыйгарылган │ Рейтингдик │ Рейтинг │
│ │ аталышы │ рейтинг │ агенттиктин │ ыйгарылган │
│ │ │ │ аталышы │ күн │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│1 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│2 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│3 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│4 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│5 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│6 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│7 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│8 │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────────────┼──────────────┼──────────────┤
│9 │ │ │ │ │
└──┴─────────────────────┴──────────────┴──────────────┴──────────────┘
| "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоого 3-тиркеме
|
Ушул Нускоонун талаптарына ылайык келбей калган
учурлар жөнүндө маалымат
┌──┬────────────┬──────────────┬──────────┬────────┬────────┬─────────┐
│№ │ Кардардын/ │ Чогуу │ Норматив-│Келишим │ Пролон-│ Класси- │
│ │ берүүчүнүн │ алгандагы │ ден ашык │ боюнча │ гация- │ фикация │
│ │ жана аны │карыздын (ЧК) │ калган │ төлөө │ лардын │ │
│ │ менен │ отчеттук │ сумма │ датасы │ саны │ │
│ │байланыштуу │датага калдыгы│(миң сом) │ │ │ │
│ │тараптын аты│ миң сом │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼──────────┼────────┼────────┼─────────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼──────────┼────────┼────────┼─────────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼──────────┼────────┼────────┼─────────┤
│ │Жалпы чогуу │ │ │ │ │ │
│ │алгандагы │ │ │ │ │ │
│ │карыз │ │ │ │ │ │
└──┴────────────┴──────────────┴──────────┴────────┴────────┴─────────┘