Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-октябры № 40/3
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү" жобосуна (кошо тиркелет);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобосуна (кошо тиркелет);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобосуна (кошо тиркелет).
2. Юридика Башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/3 токтомуна тиркеме
|
1. Улуттук банк башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул жобонун максатында кредит дегенден улам, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди, анын ичинде факторинг, лизинг жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерди түшүнүүгө болот. Чек ара аралык кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Мыйзамындагы түшүнүккө окшош.";
б) 12-пункттун 1 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын Директорлор кеңеши кредиттик саясатты жана зарылчылыкка жараша банктын стратегиясын, банктын профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөрүүлөргө, банктын уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрдык курамындагы банк операцияларынын кредиттөө процессине таасирин тийгизүүчү татаалдыгына жараша, ошондой эле банктын кредиттөө процесстерине таасирин тийгизген өнөктөрү жана кардарлары бар республиканын жана өлкөлөрдүн экономикасында жүргөн өзгөрүүлөргө жараша, бирок жылына кеминде бир кайра карап чыгууга милдеттүү.";
в) 12-пункттун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына ири кредиттерди жана кредиттерди берүү банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Банктын Директорлор кеңеши банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен жана/же банк жоготууга дуушар болгон ири кредиттерди жана кредиттерди, Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттерди кошо алганда, чек ара аралык кредиттерди берүү жөнүндө чечимдерди жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.";
г) 12-пункт төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, кредиттин суммасынын 20% ашыгыраак кредит боюнча күрөө болуп саналган учурда банктын Директорлор Кеңешинин жактыруусу талап кылынат. Мында, күрөөнүн наркы дегенден улам, анын жоюу наркын түшүнүүгө болот.";
д) 52-пункт алынып салынсын (көрсөтүлгөн пунктту "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, күрөөлүк мүлк менен иштөө тартибине" киргизүү менен).
2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 4.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү олуттуу ишти жүзөгө ашырган банкка өлкөлүк тобокелдикке дуушарлануунун суб-лимиттерин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат. Суб-лимиттерди белгилөө үчүн критерийлерге төлөө мөөнөтү (узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү); карызгердин түрү (финансылык мекеме, бизнестин түрү), өлкөлүк тобокелдиктин түрү (суверендүү, трансферттик) продукттун түрү (соода кредити, долбоордук каржылоо), Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кабыл алынган күрөөлүк мүлктүн болушун ж.б. камтылышы мүмкүн.";
б) 5-бөлүктүн 5.4-пунктунда "чейрек" деген сөз "жыл" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 6.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Директорлор кеңеши Банк Башкармасы тарабынан өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча саясаттын сакталышынын жана өлкөлүк тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча тиешелүү чаралардын ишке ашырылышынын камсыз кылынышына жооп берет. Директорлор кеңеши ар жылдык негизде банктын өлкөлүк тобокелдикти тескөө жана банктардын чек ара аркылуу өтүүчү кредиттик операциялары боюнча потенциалдуу чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн кам түзүү боюнча саясатын, алардын өлкөлүк тобокелдикти эске алуу менен масштабына жана татаалдыгына ылайык келүүсүн камсыз кылуу максатында карал турууга тийиш.".
3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо төмөнкүдөй мазмундагы жаңы глава менен толукталсын:
"11. Чек ара аралык кредиттерди жана Кыргыз Республикасынын
чегинен ары алынган күрөө менен камсыздалган
кредиттерди классификациялоо
11.1. Чек ара аралык кредиттер жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттер берилгенде көзөмөл алдында турган кредиттер катары классификацияланат.
11.2. Ошондой эле, алар боюнча күрөө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган "Чек ара аралык кредиттер" аныктамасына кирбеген кредиттер да байкоого алынган кредиттер катары классификацияланып, бирден бир камсыздоо болуп саналбайт. Ал эми күрөөнүн сапаты жана наркы, анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттин өлчөмүнө карата катышын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын тиешелүү талаптарын жана финансы-кредиттик мекемелердин ички саясаттарын канааттандырбайт.";
11 жана 12-бөлүмдөр тийиштүүлүгүнө карата 12 жана 13-бөлүмдөр деп саналсын.
|
|