ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу токтому"

Редакция14.11.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 14-ноябры № 42/3

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыялансын;

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Асанкожоева