Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-декабры № 51/3
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Финансылык кызматтардан пайдалануучулардын укугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 27-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 29-сентябрында 119-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 33/4 токтом менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө" жобого;
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" басылмасына жарыяласын;
- бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Кыргызстандагы кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук биримдигин, Кыргызстан кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясын жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы № 51/3 токтому менен бекитилген
|
I. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы 33/4 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жылдык эффективдүү пайыздык чен - так, жылдык негизде, салыштырууга боло тургандай эсептелинген пайыздык чен. Аны эсептөөдө кредит алууга байланыштуу кардардын төлөмдөрү же акча каражаттарын депозиттик эсепке жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы төлөөгө байланыштуу төлөмдөр эске алынат.".
2. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.3. Кредитке байланыштуу депозит боюнча кардарга төлөнүп берилген сый акы суммасын эске албаганда, кредит алууда жана ага байланыштуу банктын бардык кызматтарынан пайдаланууда кардардын төлөмдөрүнүн жалпы суммасына төмөнкүлөр кирет:
1) карыздын негизги суммасынын ордун жабууга жана кредит боюнча сый акыны төлөөгө байланыштуу төлөмдөр;
2) төлөмдөрдү кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдү, кредиттик келишим шарттарын сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эске албаганда, кредит алууга, аны тариздетүүгө жана тейлөөгө байланыштуу банктын пайдасына чегерилген төлөмдөр (документтерди кароого алгандыгы үчүн төлөм, нак акча алгандыгы үчүн комиссия, банктык эсептерди тейлөө наркы ж.б.).".
3. Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.3.-1.-пункт менен толукталсын:
"3.3.-1. Белгиленген кредиттик лимиттердин чегинде кредиттик төлөм карттарын пайдалануу менен берилген кредиттер боюнча жылдык эффективдүү пайыздык ченди эсептөөдө төмөнкүлөр камтылбайт:
- эсеп валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн комиссиялык төлөм (кредит берилген валюта);
- кредиттик карточканы чыгаруу жана тейлөө, анын ичинде кредиттик карточка боюнча операцияларды токтотуу (кайра баштоо) үчүн комиссиялык төлөм;
- кредиттин суммасын банкоматтан нак акчада алгандыгы үчүн комиссиялык төлөм.".
4. Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.1.-1.-пункт менен толукталсын:
"4.1-1. Эффективдүү пайыздык чен өлчөмү жөнүндө маалыматтар менен катар эле, банктар, эгерде мындай төлөмдөр боюнча кардардын милдеттери кредиттик келишим/каржылоо келишиминин шарттарынан улам келип чыкса, кредиттин (каржылоонун) абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты, кредиттин (каржылоонун) негизги суммасын, пайыздар (үстөк акыны) комиссиялык жыйымдар ж.б. төлөмдөр, анын ичинде үчүнчү жактардын пайдасына колдонуудагы тарифтер боюнча төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды кардарга берүүгө тийиш.".
5. Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.1.-2.-пункт менен толукталсын:
"4.1.-2. Сунушталган кызматтар боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда (жарнамалык буклеттер, жол четиндеги такталар, баракчалар ж.б. аркылуу), анын ичинде жалпыга маалымат каражаттары аркылуу жайылтууда банктар, банкка кайрылууда кредит алууга/каржылоодон пайдаланууга байланыштуу кардардын чыгашаларын эске алуу менен кредиттин/каржылоонун толук наркы эсептелине тургандыгын белгилеп, көрсөтүүгө тийиш.".
6. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2.-пунктунун биринчи абзацындагы "операциялар" деген сөз "кызмат көрсөтүү" дегенге алмаштырылсын.
7. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3.-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча кардар менен түзүлгөн, келишимдерде эффективдүү пайыздык чен жана кредиттин/каржылоонун толук наркы компьютердик техникалык жабдуунун жардамы менен сан түрүндө, ошондой эле башка сый акы чендери менен бир пунктта бирдей тамга менен, бирдей өлчөмдө (курсив, түсүн өзгөртүп, баса белгилөө менен) көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгерде, банк, кредиттик келишимде, каржылоо келишиминде ушул тиркемеге тиешелүү шилтеме келтирген болсо, кредит келишимине/каржылоо келишимине карата тиркемеде кредиттин/каржылоонун толук наркынын өлчөмүн көрсөтө алат.".
II. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 4.2.-бөлүгүнүн 39-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Кардардын кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш.
Бардык тиркемелер менен кошо кредиттик келишимде колдонулган тамга келишимдин бүтүндөй тексти боюнча бирдей болушу зарыл. Тамганын өлчөмү кеминде 12.".
2. Жобонун 4.2.-бөлүгүнүн 42-пунктунун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банк мындай кызматтарды сунуштабаган учурларда, кардарларга маалым болушу үчүн келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерине ылайык мындай чыгашалардын наркын алар үчүнчү жактардын пайдасында жумшалгандыгын, ошондой эле бул эсептөөлөр келечекте өзгөртүлүшү мүмкүндүгүн көрсөтүүгө тийиш.".
3. Жобонун 4.2.-бөлүгүнүн 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"46. Бардык тиркемелери менен кошо кредиттик келишимдин ар бир барагына кардар кол коюусу зарыл.
Банк кардардан тил кат алууга тийиш же кардар кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишимдин шарттары ага түшүнүктүү жана аларга кардар макул экендигин тастыктоо менен кредиттик келишимге кол коюусу зарыл.
Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт.".
4. Жобонун 4.2.-бөлүгүнүн 47-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Кардардын акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.".