Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-декабры № 50/13
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр бекитилсин:
- (абзац утратил силу в соответствии с постановлением Правления Нацбанка КР от 15 июня 2017 года № 2017-П-12/25-4)
- (абзац утратил силу в соответствии с постановлением Правления Нацбанка КР от 31 мая 2017 года № 21/7)
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети" жөнүндө жобого.
2. Токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын.
3. Расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы № 50/13 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
II. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети" жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктунун р) пунктчасы алынып салынсын.
2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.3-пункту алынып салынсын.