Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1999-жылдын 12-февралы ПУ № 42
Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз
Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана
энциклопедия борборуна кайра түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2000-жылдын 20-сентябрындагы ПУ № 268 Указына,
2002-жылдын 7-майындагы ПУ № 109 Указынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеңейтүү жана статусун көтөрүү, ошону менен бирге тилди өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы ПУ № 268 Указына ылайык алынып салынды)
3. Кыргыз Респлубликасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору жөнүндөгү Жобону;
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун редколлегиясынын жаңы курамын бекитсин.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редколлегиясынын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору башчылык кыла тургандыгы белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы ПУ № 109 Указынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө мурдагы Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын имаратын жана материалдык-техникалык базасын Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Указга ылайык келтирсин.
2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |