Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 319
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 21-декабры ПЖ № 365
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119, 2017-жылдын 24-майындагы ПЖ № 98, 2019-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 35 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" Декретине ылайык, кыргыз тилин андан ары өнүктүрүү, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушунун чөйрөсүндө аны ишке киргизүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү, мамлекеттик тил маселелери боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишин координациялоо максатында токтом кылам:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкаруу схемасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын курамы.
2. (КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мамлекеттик мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык мөөнөттө бекитсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишмердигин өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы № 42 "Кыргыз энциклопедиянын" Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна кайра түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- бардык уюштуруу, финансы, башка маселелерди чечсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 35 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы N 365 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 35 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Ишекеев Назаркул | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Абдысадыр уулу Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы; |
Усеков Уланбек Абдилазизович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Тажиматов Санжарбек Камбарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Сыртбай Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, профессор; |
Рысбаев Сулайман Казыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Мусаев Айбек Ырсалиевич | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Биялиев Кутман Абакович | - | Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дюшеева Гульмира Самтыевна | - | "Тил Клаб" кыргыз тили борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Курбанов Райымжан Рахманович | - | "Кыргыз тили" коому" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Сааданбеков Чоробек Идирисович | - | "Биздин мурас" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Култаева Үмүт Баймуратовна | - | филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча). |