Загрузка документа…
НАЦИОНАЛЬНЫЙ БАНК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2013-жылдын 31-январы № 2/1
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 18 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына кошо тиркелген толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-октябрындагы № 122-08 каттоодон өткөн "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө" нускоого.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын;
- расмий жарыялагандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик каттоодон өткөзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыялангандан баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары айым Б.Ж.Жеенбаевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 31-январындагы № 2/1 токтомуна карата тиркеме
|
I. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-октябрындагы № 122-08 каттоодон өткөн "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. I бөлүктүн 5.1-пункту төмөнкүдөй жаңы подпункт менен толукталсын:
"укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер".
2. II бөлүктүн 16-пунктундагы "... бир нарктагы банкнотту/монетаны экинчисине алмаштыруу ..." деген сөздөн кийин "Улуттук банкта" деген сөз менен толукталсын.
3. II бөлүктүн 19-пунктундагы: "... 2001-жылдын 20-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 9-апрелинде 59-номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 6/9 токтому менен бекитилген "Улуттук валютанын аныктыгы шектенүүнү туудурган банкноттору менен иш алып баруу жөнүндө" нускоодо аныкталган" деген сөздү, "... 2011-жылдын 10-августунда № 44/3 токтому менен бекитилген "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоодо аныкталган" деген өзгөртүү киргизилсин.
II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-бөлүмдүн 4.2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы подпункт толукталсын:
"укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер".
2. 4-бөлүмдүн 4.3-пунктундагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктар 4.2.1 жана 4.2.2-пункттарында көрсөтүлгөндөй зыянга учураган банкноттор менен монеталарды иргеп, аларды эскилиги жеткен банкноттордун катарына кошуу зарыл жана укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилери бар ар бир банкнотторго "ЭСКИЛИГИ ЖЕТКЕН" деген штамп коюлушу керек.".
|
|