Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8, 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/8, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 19-июлундагы № 2017-П-09/32-2-(НПА), 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу (мындан ары текстте - АТС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын (мындан ары текстте Улуттук банктын ноталары) чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 20, 21-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текстте - Улуттук банк) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын ноталары боюнча милдеттенмелерге ээ эмес.
5. Улуттук банктын ноталары боюнча каттоо номерлерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк ортосунда 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 201 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу тартиби жана мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзүү жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Улуттук Банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши боюнча Жободо (мындан ары текстте - АТСтин иши боюнча Жобо) белгиленген эрежелер жана шарттар азыркы Жобого жайылтылат.
2. Аныктамалар жана атоолор
Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши боюнча Жободогу бекитилген аныктоолор жана терминдер колдонулат:
7. Аукцион - Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча операциялардын формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу эң жогорку дисконттолгон баадан башталат жана Улуттук банк үчүн алгылыктуу шарттарда калган билдирмелерди канааттандырууда аяктайт.
8. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу - Улуттук банктын ноталарын акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча аукциондон тышкары сатуу.
9. Тике катышуучу - Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк (мындан ары Банк), ноталар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги (1, 2-тиркемелер).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8, 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кыйыр катышуучу - аукциондун тике катышуучусу болуп саналбаган, Улуттук банктын ноталарын сатып алууга тике катышуучу болгон коммерциялык банктары аркылуу билдирме берген жеке адам, юридикалык жак.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
11. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун негизги параметрлери - өзүнө Улуттук банктын ноталарынын аукционун өткөрүү күнүн, аларды кошумча жайгаштыруу күнүн, чыгаруунун каттоо номерин, чыгаруу көлөмүн, максималдуу кирешелүүлүгүн, чыгаруу жана төлөө күнүн камтыган маалыматтар.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Канааттандыруу баасы - билдирмелерди канааттандыруу менен аяктаган баа.
3. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн, тейлөөнүн жана төлөөнүн жалпы шарттары
13. Улуттук банктын ноталары акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан чыгарылат. Улуттук банктын ноталары акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн, жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан пайдаланылуучу акча-кредит саясатынын инструменти болуп саналат.
14. Улуттук банктын бир нотасынын номиналдык наркы 10000 (он миң) сом.
15. Улуттук банктын ноталары жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 күн болгон дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат. Улуттук банктын ноталарынын башка мөөнөттөрүн Улуттук банктын Башкармасы аныктайт.
16. Улуттук банктын ноталары кагазсыз формада чыгарылат.
17. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу боюнча комитети (мындан ары текст боюнча - Комитет) Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жөнүндө: көлөмү, мөөнөттүүлүгү, аукционду өткөрүү күнү, ошондой эле Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алат. Максималдуу кирешелүүлүк аукцион өткөрүлгөн датанын эсептик ченине бара бар аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Улуттук банк Улуттук банктын ноталарын чыгаруу параметрлери жөнүндө маалыматты Улуттук банкынын веб-сайтына жана АТСте жарыялайт.
19. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери тике катышуучуларга АТС жана факсимилдик байланыш аркылуу тааныштырылат.
20. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, аукциондук негизде АТС аркылуу жүзөгө ашырылат жана Улуттук банк белгилеген эрежелерге ылайык башка ыкмада да жүргүзүлөт.
21. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон юридикалык жактар жана жеке адамдар Улуттук банктын ноталарынын ээси боло алышат.
22. Улуттук банктын нота ээлери, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске албаганда, Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашыра алат.
23. Улуттук банктын ноталары менен операциялардан салык алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана жүгүртүүгө чыгаруу
24. Улуттук банктын ноталары аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки иш күнү чыгарылат. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жөнүндө чечим Комитет тарабынан кабыл алынат жана Комитеттин отурумунун протоколунда чагылдырылат.
25. Нота чыгарылган күн Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп саналса, Улуттук банктын ноталарын чыгаруу кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт, мында Улуттук банктын ноталарын төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.
26. Улуттук банктын ноталарын жүгүртүү ноталар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана аларды төлөө күнүнөн бир күн мурда аяктайт.
27. Экинчилик рынокто Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү келишүүгө алардын иш күндөрү жүгүртүлгөн мезгилинде гана уруксат берилет.
28. Улуттук банктын ноталарын жүгүртүү тартиби Улуттук банктын ченемдик документтери аркылуу аныкталат.
5. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу
29. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан өткөрүлүүчү аукциондордо АТС аркылуу жүзөгө ашырылат жана Улуттук банк белгилеген эрежелерге ылайык башка ыкмада да жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде аукцион күнү Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп санала турган болсо, аукцион кийинки иш күнүндө өткөрүлүп, мында Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.
30. Эгерде аукциондо бир катышуучу катышса, аукцион өткөрүлбөй ал эми эмиссия жайгаштырылбай калган катары таанылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жарыяланган эмиссиянын көлөмү Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болгондо жүзөгө ашырылбай калышы же кыскарышы мүмкүн. Эмиссиянын көлөмүн жүзөгө ашырбоо же кыскартуу тууралуу чечим Улуттук банктын төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.
32. Аукциондо Улуттук банктын ноталарын сатып алууга билдирмени АТС аркылуу тике катышуучулар гана бере алышат. Кыйыр катышуучулар Улуттук банктын ноталарын тике катышуучу болуп эсептелген финансы-кредит мекемелери аркылуу сатып ала алышат.
33. Аукциондор билдирмелер анда көрсөтүлгөн баалар боюнча канааттандырыла тургандай ыкмада өткөрүлөт. Билдирмелер атаандаштык негизде гана канааттандырылат.
34. Билдирмелерди аукционго берүү убакыт регламенти, аукционду иштеп чыгуу жана бекитүү АТСтин иши жөнүндө Жобо менен иретке салынат.
6. Аукционго катышууга билдирмелерди тариздөө жана сунуштоо тартиби
35. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча билдирмелер аукцион өткөрүлгөн күнү АТСтин иши боюнча Жободо белгиленген убакыт боюнча регламент менен тике катышуучулар тарабынан сунушталат, оңдолот жана/же кайтарып алынат.
36. Тике катышуучу болгон финансы-кредит мекеменин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген билдирмелерди да камтышы мүмкүн.
37. Финансы-кредит мекемеси болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.
38. Тике катышуучунун атаандаша алган сунушту камтыган өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- билдирменин саны - 5тен ашпайт;
- ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны - 10го бөлүнүүгө;
- бир билдирмеде баалуу кагаздардын минималдуу саны кеминде - 10 даана.
39. Тике катышуучунун өздүк билдирмелериндеги баалуу кагаздардын жалпы саны жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын санынан артпоого, б.а. өздүк билдирмелердин суммардык көлөмү номиналы боюнча чыгарылыш жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
40. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.
41. Билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздын кирешелүүлүгү, Жобонун 17-пунктуна ылайык аукциондун датасына карай аныкталган максималдуу кирешелүүлүктөн ашып чыкпаш керек.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/8 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Тариздөө тартибин бузуу менен токтотулган билдирмелер анык эмес деп таанылып, аукционго катыштырылбайт.
43. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.
44. Аукциондун жыйынтыктары Комитеттин төрагасы тарабынан аукцион өткөрүлгөн күнү бекитилет. Комитеттин төрагасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: аукциондун жыйынтыктарын бекитүү; ушул Жобонун 30 жана 31-пункттарына ылайык эмиссиянын жарыяланган көлөмүн кыскартуу же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу.
45. Кабыл алынган чечим тике катышуучуларга АТС аркылуу маалымдалат. Аукциондун жыйынтыктары бекитилген учурда, тике катышуучуларга суроо-талаптын жана жайгаштыруунун көлөмү, орточо салмактанып алынган баа жана кирешелүүлүк, билдирмелердин максималдуу баасы жана канааттандыруу баасы, тике катышуучулардын саны маалымдалат; ар бир тике катышуучуга анын аукционго катышуусунун жыйынтыгы боюнча ал тарабынан сатылып алынган Улуттук банктын ноталарынын саны жана наркы өзүнчө АТС аркылуу маалымдалат. Эгерде, аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылса, анда анын себеби түшүндүрүлөт.
7. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруу тартиби
46. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча АТСте жүзөгө ашырылат. Улуттук банктын ноталарынын акыркы аукциону өткөрүлбөгөн катары таанылса, аларды кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы аукционунда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча жүргүзүлөт.
47. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери орун алган рыноктук коньюнктурага жараша, Улуттук банктын төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.
48. АТСке кошулган тике катышуучулар кошумча жайгаштырууга катышуу укугуна ээ. Кыйыр катышуучулар билдирмелерди тике катыщуучу болгон финансы-кредит мекемелери аркылуу билдирме берүү менен, кошумча жайгаштырууга катыша алышат.
49. Улуттук банк катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.
50. Тике катышуучу болгон финансы-кредит мекемелердин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген топтолгон билдирмелерди да камтышы мүмкүн. Финансы-кредит мекемеси болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.
51. Тике катышуучунун өздүк билдирмеси номиналдык наркы боюнча 100000 сомдон кем болбоого тийиш, баалуу кагаздардын саны 10го бөлүнүүгө тийиш. Өздүк билдирменин номиналдык нарктагы максималдуу көлөмү тиешелүү эмиссия боюнча Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артпоого тийиш.
52. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.
53. Тике катышуучулардан берилген билдирмелер боюнча суроо-талаптын көлөмү Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артып калса, анда баалуу кагаздарды бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде жүргүзүлөт.
54. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктарын Комитеттин төрагасы бекитет.
55. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктары тике катышуучуларга АТС аркылуу тааныштырылат.
8. Эсептешүүлөр
56. Улуттук банктын ноталарынын аукционунун жана ноталарын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнү жүзөгө ашырылат.
57. Тике катышуучулар Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнүндө, жайгаштыруу жана/же кошумча жайгаштыруу боюнча аукциондо канааттандырылган билдирмелерге ылайык, Улуттук банктын сатып алынган ноталарынын санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик/күндөлүк эсебин Кыргыз Республикасынын улуттук валютадасындагы жетиштүү акча каражаттары менен камсыз кылат.
58. Билдирме үчүн жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, тике катышуучунун сатып алынган Улуттук банктын ноталарына толук төлөө үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик/күндөлүк эсебинде жетиштүү көлөмдө улуттук валютадагы каражаты жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Мындай учурда тике катышуучу Улуттук банкка тике катышуучунун төлөнгөн уставдык капиталынан бир пайыздан көп болбогон, номиналдык нарк боюнча төлөнбөгөн Улуттук банктын ноталарынан наркынан бир пайыз өлчөмүндө үстөк айып төлөйт. Тике катышуучу үстөк айыпты төлөмөйүнчө, кийинки аукциондорго катышууга жол берилбейт.
59. Улуттук банктын ноталарын төлөө күнү иш эмес күнгө дал келип калса, төлөө кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат.
60. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу жана төлөө боюнча эсептөөлөрдү өткөрүү тартиби ушул Жобо жана АТСтин иши жөнүндө жобо аркылуу белгиленет.
9. Корутунду жоболор
61. Тике катышуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка нормаларды жана лимиттерди, Улуттук банк тарабынан сунушталган эскертүү чараларын жана санкцияларды аткарбаган, ошондой эле банктар аралык рынокто операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу эрежелерди бузган учурда, Улуттук банктын төрагасынын Комитетти жетектөөчү орун басары тике катышуучу Улуттук банктын талаптарын аткарганга чейин, анын Улуттук банктын ноталар аукционуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектей алат.
62. Ушул жобонун 61-пункту боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине таркатылбайт.