Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-сентябрындагы №201
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
Мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын рыногун андан ары өнүктүрүү, финансылык инструменттерди бирдиктүү идентификациялоо методун кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 13-сентябрындагы №201 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарына каттоо номерин ыйгаруунун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чыгарылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылуучу муниципалдык баалуу кагаздарга карата колдонулат.
3. Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышына Финансы министрлигинин жана Улуттук банктын каттоо номери ыйгарылат.
4. Муниципалдык баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышына Финансы министрлигинин каттоо номери ыйгарылат.
5. Каттоочу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзөт.
6. Каттоо номери мамлекеттик жана/же муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууга тийиштүү болгон документтерде көрсөтүлөт.
7. Каттоо номерин ыйгаруунун үлгүлөрү ушул Жобонун тиркемесинде келтирилген.
8. Бул Жобонун максаты үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
каттоочу орган - мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууда каттоо номерин ыйгаруу боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жапа муниципалдык баалуу кагаздарынын реестри - мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын чыгарылыштары жөнүндө электрондук жазуулар;
каттоо номери - мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды 11 маанилүү код менен туюнтуу;
эмитент - мамлекеттик баалуу кагаздарды/муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзүүчү Финансы министрлиги, Улуттук банк, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
9. Каттоо номери - мамлекеттик/муниципалдык баалуу кагаздарды арабча сандар жана латын арибиндеги тамгалар менен белгиленген 11 маанилүү код менен туюнтуу.
10. Биринчиден он биринчиге чейинки разряд базалык номерди ээлейт, ал сан менен тамганын символдорун туюнткан төмөнкүдөй төрт позициядан турат:
а) биринчи позиция, базалык номердин биринчи символу латын арибинин тамгаларынан турган эмитенттин кодун туюнтат;
В - Улуттук банк;
С - Финансы министрлиги;
М - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
б) экинчи позиция, базалык номердин экинчи символу баалуу кагаздардын түрүн аныктайт. Бул позицияда тамгалар төмөнкүлөрдү туюнтат:
D - нөлдүк купондуу мамлекеттик баалуу кагаз;
В - мамлекеттик купондуу облигация;
В - муниципалдык баалуу кагаз;
в) үчүнчү позиция, базалык номердин үчүнчүдөн баштап бешинчиге чейинки символу төмөнкүнү туюнтат:
- нөлдүк купондуу (D) мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жумаларда;
- баалуу кагаздарды айырмалоо үчүн латын арибиндеги тамгалар (A, B, C...) жана мамлекеттик купондуу облигациялар үчүн жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жылдарда (B);
- жаңыланып турган мамлекеттик казына векселдери (мындан ары жөнгө салуу МКВсы) үчүн жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жумаларда (В)(1);
- баалуу кагаздарды айырмалоо үчүн латын арибиндеги тамгалар (A, B, C...) жана муниципалдык баалуу кагаздар үчүн жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү; айларда - (B)(2);
г) төртүнчү позиция, базалык номердин алтыдан баштап он биринчиге чейинки символу баалуу кагаздарды тындыруу жылынын акыркы эки санын, айын жана күнүн туюндурат.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрине мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын бардык чыгарылышы киргизилет.
12. Мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестри Каттоочу орган тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жазуулар түрүндө, жазуу жүзүндө;
- мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жазуулар түрүндө, электрондук формада.
13. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестри төмөнкүдөй негизги маалыматты камтууга тийиш:
- эмитенттин толук аталышын;
- мамлекеттик/муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун каттоо номерин;
- мамлекеттик/жана муниципалдык баалуу кагаздардын түрүн;
- чыгаруу көлөмүн;
- чыгаруу формасын;
- чыгарылган мамлекеттик/муниципалдык баалуу кагаздардын номиналдуу наркын;
- мамлекеттик/муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана тындыруу күнүн;
- чыгарылган мамлекеттик/муниципалдык баалуу кагаздардын санын.
14. Мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар реестринде мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар жөнүндө дагы башка керектүү маалыматтар камтылышы мүмкүн.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрине чыгарылыштар жөнүндө жазууларды, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышын жокко чыгаруу тууралуу, кайра каттоо жөнүндө жазууларды киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун тийиштүү катталышын, жокко чыгарылышын жана кайра каттоодон өткөрүлүшүн ырастаган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
16. Ушул Жобонун 13-пунктунда аталган маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын депозитардык эсебин (сактоо, менчик укугунун өтүшүн каттоону жана ырастоону) жүргүзүү максатында да колдонулат.
(1) Жөнгө салуу МКВсы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № 396 биргелешкен токтомуна ылайык чыгарылган.
(2) «Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому 88245} кабыл алынган.
| Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
1. Нөлдүк купондуу мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн:
- эмитентти жеке код менен туюнтуу - G, Финансы министрлиги (1-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздар нөлдүк купондуу баалуу кагаздардын түрүнө ээ - B (2-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жумаларда - 052 (3-5-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу күнү - 101102 (6-11-символ).
Жүгүртүү мөөнөтү 12 ай жана тындыруу күнү 2010-жылдын 2-ноябры болгон мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) үчүн код төмөнкүдөй болот:
GD052101102.
2. Мамлекеттик купондуу облигациялар (мындан ары - МКО) үчүн:
- эмитентти жеке код менен туюнтуу - G, Финансы министрлиги (1-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздар купондук облигациялар түрүнө ээ - B (2-символ);
- баалуу кагаздарды айырмалоо үчүн латын алфавитинин (A, B, C...) тамгалары жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жылдарда - A07 (3 жана 5-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу күнү - 120109 (6-11-символ).
Жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл жана тындыруу күнү 2012-жылдын 9-январы болгон МКО үчүн код төмөнкүдөй болот:
GBA07120109.
3. Жаңыланып турган мамлекеттик казына векселдери үчүн (Жөнгө салуу МКВсы - мындан ары - МКВ):
- эмитентти жеке код менен туюнтуу - G, Финансы министрлиги (1-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздар купондуу облигациялар түрүнө ээ - B (2-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, жумаларда - 013 (3-5-символ);
- мамлекеттик баалуу кагаздарды тындыруу күнү - 101019 (6-11-символ).
Жүгүртүү мөөнөтү 3 ай жана тындыруу күнү 2010-жылдын 19-октябры болгон МКВ үчүн код төмөнкүдөй болот:
GB013101019.
- эмитентти жеке код менен туюнтуу - М, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (1-символ);
- муниципалдык баалуу кагаздар купондуу облигациялар түрүнө ээ - B (2-символ);
- баалуу кагаздарды айырмалоо үчүн латын арибиндеги тамгалар (A, B, C...) жана муниципалдык баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн баштапкы мөөнөтү, айларда - A12 (3-5-символ);
- муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу күнү - 100705 (6-11-символ).
Жүгүртүү мөөнөтү 12 ай жана тындыруу күнү 2010-жылдын 5-июлу болгон муниципалдык баалуу кагаздар үчүн код төмөнкүдөй болот:
МВА12100705.