Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 10/11
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 26- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-декабрында № 48/1 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялагандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |