Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 114-07
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 48/1 токтому менен бекитилген
|
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан
депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө"
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары "Улуттук банк") Кыргыз Республикасынын аймагында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартибин аныкталат.
1.2. Улуттук банк депозиттик операцияларды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине" ылайык жүргүзөт.
1.3. Депозиттик операциялар акчакредит саясатынын банк тутумундагы ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан колдонулган каражаты (инструменти) болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү убактылуу алуу депозиттик операцияларды жүргүзүүнүн максаты.
1.4. Улуттук банк депозиттик операцияларды төмөнкү ыкмаларда жүргүзөт:
- кадимки депозиттик аукцион;
- тездетилген депозиттик аукцион.
Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча ошондой эле, Улуттук банк депозиттик операцияларды стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча да жүргүзө алат.
1.5. Депозиттик операциялар кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөттүүлүк шарттарында жүргүзүлөт.
1.6. Улуттук банк бир жагынан, экинчи жагынан "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын ушул Жобонун 3.2-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктары (мындан ары "банктар") депозиттик операциялардын катышуучулары болуп саналышат.
2. Аныктамалар жана терминдер
Ушул Жобонун максаттарына жетишүү үчүн төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
2.1. Депозит - Улуттук банк тарабынан кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында банктардан алынган жана Улуттук банкта мөөнөттүү депозиттик эсепте сакталып турган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттарынын суммасы.
2.2. Депозиттик операция - банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктү алуу максатында, Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсептерге банктардан депозиттерди тартуу боюнча операция, ал Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири аркылуу жүргүзүлөт.
2.3. Кадимки депозиттик аукцион - Улуттук банктын демилгеси боюнча, эрежеге ылайык, жуманын бир күнүндө банктар менен бирге өткөрүлүүчү аукцион. Параметрлер кадимки депозиттик аукционду өткөрүүгө чейинки бир иш күнүндө жарыяланат. Кадимки депозиттик аукцион учурунда аткаруу күнү аны өткөрүү күнүнө дал келбей калышы мүмкүн.
2.4. Тездетилген депозиттик аукцион - Улуттук банктын демилгеси боюнча, эрежеге ылайык, жуманын кайсы болбосун иш күнү банктар менен өткөрүлгөн аукцион. Параметрлер тездетилген депозиттик аукцион өткөрүлө турган күнү ал башталганга чейин эки саат калганда жарыяланат. Тездетилген депозиттик аукциондо аткаруу күнү аны өткөрүү күнүнө дал келет.
2.5. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча жүргүзүлгөн депозиттик операциялар - Улуттук банктын демилгеси менен жүргүзүлүүчү депозиттик операциялар, алар жөнүндө чечимди Улуттук банк Башкармасы кабыл алат. Депозиттик операциянын параметрлери аларды өткөрүү күнүнө чейинки бир иш күнүндө жарыяланат. Бул операциялар депозиттик операциянын параметрлеринде жарыяланган, бардык банктар үчүн бирдей жана ошол күнү гана колдонулган катталган пайыздык чен боюнча жүргүзүлөт. Бул операциялар боюнча аткаруу күнү аларды жүргүзүү күнүнө дал келет.
2.6. Мөөнөттүү депозиттик эсеп - депозитти эсепке алуу үчүн Улуттук банктагы банктын эсеби.
2.7. Депозиттик операциянын мөөнөтү - календардык күндөрдө туюндурулган жана депозиттик операция аткарылган күндөн кийинки күндөн тартып депозиттик операция аяктаган күн кошо эсептелген убакыт аралыгы.
2.8. Депозиттик операция боюнча пайыздарды кошуп эсептөө мөөнөтү календардык күндөрдө туюндурулган жана банк тарабынан банктын мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарынын суммасы чегерилгенден кийинки күндөн тартып депозитти кайтарып берүү күнүнө чейинки, 360 күнгө барабар болгон убакыт базасынын негизинде алынган мезгил аралыгы.
2.9. Депозиттик операцияны жүргүзүү күнү - Улуттук банк тарабынан жарыяланган параметрлердеги билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле депозиттик операциянын жыйынтыктары жарыяланган депозиттик операция күнү.
2.10. Депозиттик операцияларды аткаруу күнү - Улуттук банк тарабынан жарыяланган параметрлердеги банк тарабынан банктын мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарын анык чегерүү ишке ашырылган депозиттик операция күнү.
2.11. Депозиттик операцияны бүткөрүү күнү - Улуттук банк тарабынан жарыяланган параметрлерде депозиттин негизги суммасын жана кошуп эсептелген пайыздарды банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу депозиттин негизги суммасынын жана кошуп эсептелген пайыздардын кайтарылышы ишке ашкан депозиттик операция күнү.
2.12. Тоорук системалары - Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда операцияларды жүргүзүүнү автоматташтырууга каралган программалык-техникалык комплекстери.
2.13. Сүйлөшүүлөрдү жазуу системасы - бул Улуттук банктын сүйлөшүүлөрдү белгилүү телефон аппараттары менен автоматтуу түрдө жазуу жана алардын архивин түзүүгө багытталган, жазылган сүйлөшүүлөр кийинчерээк табууга жана көчүрмөлөөгө мүмкүндүк берүүчү программалык-техникалык комплекси. Бул система финансы рынокторунда бүтүмдөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жазып, каттоо үчүн каралган.
3. Депозиттик операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары
3.1. Банктардын депозиттик операциялар боюнча Улуттук банк менен болгон өзара мамилелери ушул Жобо жана Улуттук банк менен банктардын ортосундагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө эки тараптуу келишимдер (текстте мындан ары "келишим") аркылуу жөнгө салынат.
3.2. Депозиттик операцияларга алар жүргүзүлгөн күнгө карата төмөндөгү талаптарга жооп берген банктар катышат:
- банк операцияларын жүргүзүүгө (өздүк же тартылган каражаттарды өз атынан жайгаштырууга чектөөлөрсүз) Улуттук банктын лицензиясынын болушу;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу;
- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин болушу;
- "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган процесстерге же жол-жоболорго тартылбоосу.
3.3. Келишимдин жана Улуттук банкка банктын депозиттик операцияга катышуу тууралуу берген билдирмеси депозиттик операцияларды жүзөгө ашырууга негиз болот.
3.4.Депозиттик операцияларды жүргүзүү ыкмалары жана параметрлери Улуттук банк тарабынан белгиленет.
3.5. Улуттук банк депозиттик операцияны жүргүзүү ыкмасына жараша төмөнкү параметрлерди белгилейт жана жарыялайт:
- депозиттик операцияны жүргүзүү ыкмасын (кадимки депозиттик аукцион, тездетилген ыргактагы депозиттик аукцион же стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операция);
- депозиттик операцияны жүргүзүү күнүн;
- депозиттик операциянын мөөнөттөрүн;
- билдирмелерди кабыл алуу мөөнөттөрүн;
- депозиттик операцияны аткаруу датасын;
- депозиттик операцияны аяктоо (жабуу) датасын;
- тартылып жаткан (банктар жайгаштыруучу) акча каражаттарынын жалпы суммасын;
- тартылып жаткан акча каражаттарынын минималдык суммасын жана билдирмелер лотундагы акча каражаттарынын суммасынын бөлүнүшүн;
- депозиттик аукциондор үчүн максималдуу жана стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операция үчүн катталган болуп саналган депозиттик операциялар боюнча пайыздык ченди.
3.6. Ушул Жобонун 3.5-пунктунда көрсөтүлгөн параметрлер Улуттук банк тарабынан маалыматтарды Улуттук банктын веб-сайтында жана тоорук системаларында кадимки депозиттик аукциондун ыкмаларын пайдалануу менен жана стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияларын өткөрүү күнүнө чейинки бир иш күнүнөн кечиктирбестен, ошондой эле тездетилген депозиттик аукциондун ыкмасын пайдалануу менен депозиттик операцияларды жүргүзүү башталганга чейинки, минимум, 2 саат ичинде жарыяланат.
3.7. Улуттук банк жүргүзүлгөн депозиттик операциялардын жыйынтыктарын Улуттук банктын веб-сайтында жана тоорук системаларында маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен жарыялайт. Ошондой эле жүргүзүлгөн депозиттик операциялардын жыйынтыктары Улуттук банктын расмий мезгилдүү басылмаларына да жарыяланат.
3.8. Кадимки жана тездетилген ыргактагы депозиттик аукционду өткөрүү учурунда баалардын көп түрдүүлүгү принциби пайдаланылат, ага ылайык атаандаша ала турган бардык билдирмелер аларда көрсөтүлгөн пайыздык чен боюнча канааттандырылууга тийиш.
3.9. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияны жүргүзүүдө билдирмелер Улуттук банк жарыялаган катталган пайыздык чен боюнча канааттандырылат.
3.10. Улуттук банк тартып жаткан депозиттер боюнча пайыздар, банк тарабынан банктын мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарынын суммасы чегерилген күндөн кийинки күндөн тартып депозитти кайтаруу күнүнөн мурдагы күн кошо алынган күнгө чейин, 360 күнгө барабар болгон убакыт базасынын негизинде жөнөкөй пайыздардын формуласы боюнча эсептелет.
3.11. Билдирмелери канааттандырылган банктарга Улуттук банк менен аталган банктын ортосунда келишилген депозиттик операциялардын шарттары тууралуу тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлөт, алардын негизинде банктар Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсепке акча каражаттарын чегеришет.
3.12. Жүргүзүлгөн депозиттик операциялардын жыйынтыктары боюнча билдирмелери канааттандырылбаган банктарга Улуттук банк сүйлөшүүлөрдү жазып алуу системасын пайдалануу менен телефондук байланыш аркылуу кабарлайт.
3.13. Депозиттик операция жүргүзүлгөн күнү Улуттук банктын жана банктардын бэк-офис милдетин аткарып жаткан бөлүмдөрү акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейин келишилген депозиттик операциялар боюнча тастыктоолорду алмашууга тийиш.
3.14. Улуттук банкка депозитти салуу жана Улуттук банктан аны кайтарып алуу жөнүндө кат жүзүндөгү тастыктоо болуп Улуттук банктын ири төлөмдөр системасынан (гросстук система) алынган акча каражаттарын которуу тууралуу электрондук тастыктоо эсептелет.
3.15. Депозиттик операцияны аткаруу күнү иш эмес күн деп жарыяланган учурда аны ишке ашыруу кийинки иш күнү аткарылат. Мында депозиттик операцияны аяктоо күнү жылдырылбайт.
3.16. Депозиттик операцияны бүткөрүү күнү иш эмес күн деп жарыяланган учурда аны аяктоо кийинки жумушчу күнү аткарылат.
3.17. Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарын банк тарабынан мөөнөтүнөн эрте алууга уруксат берилбейт.
3.18. Улуттук банкта жайгаштырылган депозиттердин мөөнөтүн пролонгациялоого болбойт.
3.19. Улуттук банкта мөөнөттүү депозиттик эсепте жайгаштырылган акча каражаттарын талап кылуу укугун үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт.
4. Депозиттик операциялар боюнча билдирмелерди тариздөөнүн жана берүүнүн жалпы шарттары
4.1. Депозиттик операцияларды жүргүзүү датасында билдирмелерди кабыл алуунун Улуттук банк тарабынан жарыяланган убагында банктар билдирмелерди ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган кагаз түрүндө, конвертке салып беришет. Билдирмелер Улуттук банктын тоорук системалары аркылуу электрондук түрдө да берилиши мүмкүн, мында билдирме электрондук цифралык колтамга менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Тездетилген депозиттик аукционду өткөрүүдө билдирмелер сүйлөшүүлөрдү жазып алуу системасын пайдалануу менен телефон байланышы аркылуу кабыл алынат.
4.2. Билдирме депозиттик операциялардын Улуттук банк жарыялаган параметрлерине дал келүүгө тийиш.
4.3. Билдирмеде депозиттик операция боюнча банк жайгаштырып жаткан акча каражаттарынын суммасы жана пайыздык чендер үтүрдөн кийинки эки белгиге чейинки тактык менен көрсөтүлөт.
4.4. Билдирме кайра кайтарылып алынгыс болуп саналат.
4.5. Туура эмес толтурулган же таризделген, ошондой эле билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтүн бузуу менен берилген билдирмелер анык эмес деп табылып, депозиттик операцияларга киргизилбейт.
4.6. Ушул Жобонун 4.5-пунктуна ылайык билдирмелери анык эмес деп табылган банктарга Улуттук банк тарабынан сүйлөшүүлөрдү жазып алуу системасын колдонуу менен телефон байланышы аркылуу маалымат берет, аларга кийин кат жүзүндө да билдирүү берилет.
4.7. Улуттук банк банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялыгын камсыз кылат.
5. Кадимки жана тездетилген депозиттик аукциондорду өткөрүү тартиби
5.1. Банк депозиттик аукционго катышуу үчүн бир гана билдирме бере алат, мында билдирме бештен көп болбогон лотту камтууга тийиш. Банктан бирден көп билдирме же бештен көп лотту камтыган билдирме келип түшкөн учурда банк депозиттик аукционго киргизилбейт, ал эми берген билдирмелердин бардыгы анык эмес деп табылып, аукционго катыштырылбайт.
5.2. Билдирмеде лоттор пайыздык чендин өлчөмүнүн өсүү тартибинде көрсөтүлүүгө тийиш.
5.3. Билдирменин бардык лотторунун акча каражаттарынын жалпы суммасы тартылуучу акча каражаттардын Улуттук банк жарыялаган суммасынан жана банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынан ашпоого тийиш.
5.4. Депозиттик аукционго Улуттук банк жарыялаган пайыздык ченден төмөн же максималдуу пайыздык ченге барабар лоттору бар билдирмелер киргизилет.
5.5. Депозиттик аукционго катыштырылган билдирмелердин лоттору пайыздык чендин өлчөмү боюнча алардын өсүү тартибинде бөлүштүрүлөт жана биринчи кезекте, эң төмөнкү пайыздык ченди (Улуттук банк тарабынан жарыяланган максималдуу пайыздык ченге салыштырмалуу) сунуштаган банктардын билдирмелеринин лоттору канааттандырылат. Билдирмелердин лотторун канааттандыруу эң төмөнкү чекте сунушталган пайыздык ченден баштап, андан ары өсүү тартибинде, анда депозиттик аукциондо тартылуучу акча каражаттарынын жалпы суммасы түгөнгөн, чек коюлган чен боюнча аяктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
5.6. Эгерде чек коюлган чен боюнча билдирме бирден көп банктан берилген болсо, анда акча каражаттарынын калган суммасын бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде жүзөгө ашырылат.
5.7. Депозиттик аукцион бул аукциондо бир гана катышуучу болсо же депозиттик операция боюнча пайыздык чендин өзгөрмөлүүлүгү жогорку болгондо Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн болуп таанылышы мүмкүн.
6. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен
боюнча депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби
6.1. Банк стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияга катышуу үчүн бир гана билдирме бере алат, ал бир гана лоту камтууга тийиш. Банктан бирден көп билдирме же бир нече лоттор менен бир билдирме келип түшкөн учурда, ал стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияга катыштырылбайт, ал эми ал тарабынан берилген бардык билдирмелер анык эмес деп таанылат.
6.2. Билдирмеде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы тартылып жаткан акча каражаттарынын Улуттук банк жарыялаган суммасынан жана банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынан ашпоого тийиш.
6.3. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияларга банктардын Улуттук банк жарыялаган катталган пайыздык чендин өлчөмүнө барабар болгон пайыздык чен көрсөтүлгөн билдирмелери катыштырылат.
6.4. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияларга катыштырылган билдирмелер Улуттук банк тарабынан тартылып жаткан акча каражаттарынын жалпы суммасынын негизинде канааттандырылат.
6.5. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операцияларга катышкан бардык билдирмелердин акча каражаттарынын жалпы суммасы ошол эле шарттарда катталган пайыздык чен боюнча депозиттик операция боюнча Улуттук банк тарабынан тартылып жаткан акча каражаттарынын суммасынан арткан учурда, билдирмелер пропорционалдуу негизде канааттандырылат.
7. Депозиттик операциялардын жыйынтыктары
боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү
7.1. Депозиттик операция аткарылган күнү банк өзүнүн Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарынын суммасын өз убагында жана толук көлөмдө чегерет.
7.2. Депозиттик операция бүткөн күнү Улуттук банк депозиттин негизги суммасын жана кошуп эсептелген пайыздарын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине өз убагында жана толук көлөмдө чегерет.
7.3. Банк тарабынан депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюу болуп:
- банк тарабынан депозиттик операцияга катышуу үчүн билдирме берилгенден кийин депозиттик операцияны жүзөгө ашыруудан баш тартуу;
- өзүнүн Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсебине билдирүүдө көрсөтүлгөн депозиттин суммасынан төмөн сумманын чегерилиши эсептелет.
7.4. Улуттук банк тарабынан депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюу болуп банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине депозиттик операция бүткөн күнү депозиттин негизги суммасын жана кошуп эсептелүүчү пайыздарын чегербей коюу эсептелет.
7.5. Банк же Улуттук банк тарабынан депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда, күнөөлүү тарап депозиттин суммасынан 0,5 пайыз өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү жазапул төлөйт.
7.6. Банк тарабынан акча каражаттары өзүнүн Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсебине билдирүүдө көрсөтүлгөн суммадан аз суммада чегерилген учурда, Улуттук банк кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген акча каражаттарынын суммасын кайтарат, мында көрсөтүлгөн акча каражаттарынын көрсөтүлгөн суммасына пайыздар кошуп эсептелбейт.
7.7. Банк тарабынан акча каражаттары өзүнүн Улуттук банктагы мөөнөттүү депозиттик эсебине билдирүүдө көрсөтүлгөн суммадан жогору суммада чегерилген учурда, Улуттук банк кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын ашыкча чегерилген суммасын кайтарат. Мында ашыкча чегерилген акча каражаттарынын суммасына пайыздар кошулуп эсептелбейт.
8. Корутунду жоболор
8.1. Депозиттик операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби ушул Жобонун шарттары жана Улуттук банк менен банктын ортосундагы келишим аркылуу жөнгө салынат.
8.2. Депозиттик операцияларды бухгалтердик эсепке алуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.