Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры № 35/17
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн;
- токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында № 8/2013 жарыяланды
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Асанкожоева |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/17 токтомуна карата 1-тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган № 4/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине" төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) Эрежелердин 2.1-пункту "жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган" деген сөздөрдөн кийин "ушул Убактылуу эрежелердин 2.1.-1-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 2.1.-1-пункт менен толукталсын:
"2.1.-1. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырышкан, дүңүнөн кредит берүү менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, микрофинансылык компания тарабынан бир эле карыз алуучуга ушул Жобонун 2.7-пунктунда аныкталган максималдуу өлчөмүнөн ашыгыраак микрокредиттин, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, кредиттөөнүн төмөнкү багыттары боюнча кошумча жумуш орундарын жаратууга берилишине уруксат берилет:
- соода;
- айыл-чарба (анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын даярдоо жана кайра иштетүү);
- тейлөө;
- транспорт;
- курулуш;
- жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзам талаптарына ылайык, микрокаржылоонун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка багыттар.
Микрофинансылык компаниялар тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттердин берилишинде төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) микрокредиттик компаниянын конкреттүү кредиттик продукттарды аныктоо менен микрокаржылоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан саясатынын болуусу;
2) белгиленген шарттар сакталган учурда (уставдык капиталдын 10 пайызынан ашпаган), мындай микрокредиттин суммасы 3000000 (үч миллион) сомдон ашпоого (же чет өлкө валютасына эквиваленттүү болууга) тийиш;
3) Кредиттик маалымат бюросунан (КИБ) арыз ээсинин кредиттик маалыматынын, анын ичинде буга чейин алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле арыз ээси башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматтардын болушу;
4) арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (арыз ээсинин кирешесин генерирлеген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же микрокрофинансылык компаниянын башка ички документтерине ылайык жоопкерчиликтүү кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш;
5) арыз ээсинин Бизнес-планы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен микрокредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;
6) микрокрофинансылык компаниянын берилген микрокредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин караган ички ченемдик документтеринин болушу;
7) карыз алуучунун карызын жабуучу коэффициенти анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча бир айлык төлөмгө болгон катышына барабар (негизги сумма жана пайыздар боюнча) 130% кем болбоого тийиш.".