Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 45/15
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежесине.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында № 10/2013 жарыяланды
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) Убактылуу эреженин 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Микрофинансылык компаниялар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда негизги иш чөйрө, ушул Убактылуу эрежелердин 2.1-1-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, бир эле адамга сунушталуучу Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган микрокредиттин максималдуу өлчөмү, ошондой эл микрофинансылык уюмдардын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамда белгиленген максаттарына ылайык, микрокредит алууга укуктуу карыз алуучулар категориясы милдеттүү түрдө аныкталууга тийиш.".