Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-февралы № 4/5
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобо жөнүндө” токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтому.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензия башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын «19»-февралындагы № 4\5 токтомуна карата тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобо жөнүндө” токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобонун:
1) бүтүндөй тексти боюча “КРУБ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Улуттук банк” дегенге алмаштырылсын жана “банк” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “ФКМ” дегенге алмаштырылсын;
2) “Жалпы жоболор” деп аталган 1-бөлүмүнүн 1.3-пунктундагы:
- “в” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык – ФКМдер ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет;”;
- «г» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополиялык ишкердик – ФКМдин, адамдар тобунун басымдуу абалынан кыянаттык менен пайдалануусу, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген макулдашуулар же макулдашып иш алып баруулары, ФКМдин (адамдар тобунун) атаандаштыкка жол бербөөгө, аны чектөөгө жана четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары);”;
- «ж» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«ж) атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашып иш алып баруулар) – документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү макулдашуу, ошондой эле анын далили катары банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүлөрүнө талдап-иликтөөлөр оозеки түрүндөгү макулдашуу болушу мүмкүн;».
3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин, 2-бөлүмдүн 2.2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык – ФКМдер ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет;”.