КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-май № 24/8
“Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 4, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелиндеги №19/6 “Аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрокаржылоо компанияларын, Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | Т.С. Абдыгулов |