Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 19/6 токтому менен бекитилген
|
"Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" НУСКОО
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө":"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык мекемелер жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары - Улуттук банк) ушул ачык валюта позициясын эсептөө жана аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу микрофинансылык компаниялар тарабынан (мындан ары текст боюнча - МФК) ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышын контролдоо тартиби киргизилет.
Бул Нускоо, МФКлардын ишинде донор уюмдардан, жергиликтүү жана эл аралык финансылык уюмдардан каражаттарды тартуу менен аларды чет өлкө валютасында, Кыргыз Республикасында мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда жайгаштыруудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон валюталык тобокелдиктерге бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.
МФКлар ички саясатты жана валюта тобокелдиктерин контролдоо жол-жоболорун иштеп чыгуу учурунда, ушул Нускоонун талаптарына таянууга тийиш.
1. Аныктамалар
Ушул Нускоонун максаты катары төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1.1. Валюта тобокелдиги - МФК тиешелүү валюта боюнча ачык валюта позициясына ээ болгон учурда, валюта курсунун ылайыксыз өзгөрүшү шартында, МФКлардын чет өлкө валютасындагы талаптардын (активдеринин) /милдеттенмелердин наркынын өзгөрүшүнөн улам, МФКлардын чыгашага учуроо тобокелдиги. Валюта позициясы валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда жаралат жана МФКнын валюта тобокелдигине кабылуу деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат.
1.2. Валюта операциялары - бул чет өлкө валюталарын алмашуу, сатып алуу/сатууга (конвертациялоого) байланышкан бүтүмдөр, ошондой эле башка операциялар, анын натыйжасында чет өлкө валютасында берилген талаптар (активдер) же милдеттенмелер өзгөрөт.
1.3. Таза валюта позициясы - МФКлардын баланстык сыяктуу эле баланстык эмес ар кайсы чет өлкө валютасындагы талаптарынын (активдеринин) жана милдеттеринин ортосундагы айырма.
МФКлардын талаптары (активдери) жана милдеттенмелери тиешелүү валюталарда дал келбеген шартта, валюта позициясы ачык, ал эми барабар учурда жабык деп саналат.
МФК ачык валюта позициясы узун (эгерде МФКнын тиешелүү валютадагы талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы милдеттенмелеринен ашып кетсе) жана кыска (милдеттенмелеринин талаптарынан (активдерден) ашып кетишинде) болушу мүмкүн. Узун валюта позициясы "+" белгиси менен, ал эмт кыска "-" белгиси менен жазылат.
Суммардык валюта позициясы - бул, МФКнын бардык чет өлкө валютасы боюнча ушул Нускоонун 2.5-пункту менен аныкталган, "short hand" ыкмасын колдонуу менен эсептелген бардык таза валюта позицияларынын суммасы.
1.4. Ачык валюта позициясынын лимиттери - бул, ачык валюта позициялардын (ар бир чет өлкө валютасы жана суммардык боюнча), таза суммардык капиталга карата пайыздык катышта берилүүчү, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр. Ачык валюта позициялары Улуттук банктын эсептик курсу боюнча кыргыз сомунда эсептелинет. Ачык валюта позициялардын лимиттери үтүрдөн кийинки эки ондук санга чейин тегеректөө менен пайызарда эсептелинет.
1.5. МФКнын таза суммардык капиталы- бул чоңдук, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 21-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештүүлүк стандартын аныктоо боюнча Нускоонун талаптарына ылайык эсептелинет.
Ачык валюта позициялардын лимиттерин эсептөө учурунда бул нускоонун максатында, банктын ар бир айдын 1-күнүнө карата абал боюнча таза суммардык капиталынын мааниси эсептелинет.
1.6. Бүтүм келишкен күн - бул, тараптар тарабынан бүтүмдүн негизги шарттары (валюта түрү, алмашуу курсу, каражаттар суммасы, валюталоо күнү) боюнча келишимге жетишкен күн.
1.7. Валюталоо күнү - бул, бүтүмгө катышуучулардын эсебине каражаттарды чегерүү жүргүзүлгөн күн.
2. Ачык валюта тартибин эсептөө тартиби
2.1. Ар бир жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча МФКлар төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептөөгө тийиш:
- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюталык позицияларын;
- суммардык валюта позицияларын.л
2.2. Таза валюта позициялары ар бир чет өлкө валютасы боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары өзүнчө эсептелинет:
- Чет өлкө валютасындагы таза спот-позиция. Бул чоңдук тиешелүү валютада чегерилген пайыздык кирешелерди/чыгашаларды кошо алганда, баланстык активдер меНен баланстык милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелинет. Мында активдер жана милдеттенмелер таза баланстык нарк боюнча эсептөөгө кошулушат.
2.3. Валюта операциялары, анын ичинде бүтүм келишкен күн болуп саналбаган, валюталоонун алдыдагы күнүн камтыган операциялар, бүтүм келишкен күндөн тартып, валюта позициясынын эсептөөсүнө киргизилет.
2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясын эсептөө учурунда, валюта позицияларынын чоңдуктары Улуттук банктын отчеттук күндөгү эсептик курсуна которулат.
2.5. Бардык чет өлкө валютасы боюнча суммардык ачык валюта позициясы "short hand" ыкмасын колдонуу менен эсептелинет. Эсептөө, бардык узун таза валюта позицияларын өзүнчө жана бардык кыска таза валюта позицияларын өзүнчө, ар бир валюта боюнча суммалоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Андан кийин алынган чоңдуктар бири-бири менен салыштырылат (Улуттук банктын эсептик курсу боюнча кыргыз сомундагы маанидеги абсолюттук чоңдукта), жана эки чоңдуктун олуттуураагы (бардык узун таза валюта позицияларынын суммасы же бардык кыска валюта позицияларынын суммасы) суммардык ачык валюта позициясынын лимитин эсептөөдө колдонулат.
3. Ачык валюта позициясынын лимиттери
3.1. Улуттук банк МФКнын валюта тобокелдиктерин басањдатуу максатында төмөндөгү ачык валюта позициялардын лимиттерин белгилейт:
3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, Экономикалык өнүгүү жана Кызматташтык Уюмуна (ЭӨКУ) мүчө өлкөлөрдүн валюталары жана/же Эл аралык валюта фондусу менен "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары боюнча суммардык ачык валюта позициясынын өлчөмү, МФКнын таза суммардык капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
3.1.2. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, Эл аралык валюта фондусу менен "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол коюшпаган өлкөлөрдүн валюталары боюнча суммардык ачык валюта позициясынын өлчөмү МФКнын таза суммардык капиталынын 0% (жабык позиция) түзөт.
3.2. МФКлар ар бир операциялык күнгө карата ачык валюта позициялардын белгиленген лимиттерин сактоого тийиш.
3.3. Ачык валюта позициялардын белгиленген лимиттеринин артуусу МФК тарабынан кийинки операциялык күнгө которулбайт. Өтүп жаткан операциялык күндүн акырына чейин, лимиттер Улуттук банктын талаптарына ылайык келтириши керек.
3.4. Ачык валюта позицияларынын көлөмү операциялык күн ичинде МФКлар тарабынан, валюта тобокелдигинин мүмкүн болуучу дењгээлине жекече баа берүүсүнөн алынып, өз алдынча текшерилет. Мында ар бир МФК, Директорлор кењеши тарабынан бекитилген валюта тобокелдиктерин башкаруунун ички саясатына ылайык" бир күндүн ичинде валюта тобокелдигинин өлчөмүн токтотуп турууга тийиш.
3.5. Суммардык ачык валюта позициясынын лимитинин акыркы мааниси, тиешелүү МФКлардын өзүнө кабыл алуучу өзгөчө жогорку деңгээлдеги валюта тобокелдигин табуу учурунда, айрым МФКлар үчүн Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен басањдатылышы ыктымал.
3.6. Эгерде, МФКнын таза суммардык капиталынын көлөмү терс же нөлгө барабар болсо, анда МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө ар бир валюта боюнча таза валюта позициясын нөлдүк мааниге карата (жабык позиция) алып келүүсү зарыл.
4. МФКнын отчету жана аны берүү тартиби
4.1. МФК күн сайын саат 9.00го чейин Нускоого карата 1-тиркемеге ылайык, акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча суммардык ачык валюта позициясы жөнүндө отчетту Улуттук банкка берүүгө тийиш.
4.2. Филиалдары бар МФК, отчетто бардык филиалдардын маалыматтарын эске алуу менен ачык валюта позициясы боюнча чогуу алгандагы маалыматтарды бериши зарыл.
5. МФК тарабынан ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттери бузулгандыгы үчүн санкциялар
5.1. Эгерде МФК тарабынан ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттери бузулса, Улуттук банк бузулган суммадан 5% өлчөмүндөгү, бирок МФКнын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнөн 1 пайыздан ашпаган акчалай айыпты, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июлунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/3 токтому менен бекитилген, Улуттук банк тарабынан микрофинансы уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялары жөнүндө жобого ылайык, МФКдан өндүрүү түрүндө санкцияларды колдонот.
5.2. МФК тарабынан белгиленген лимиттер кайталанып бузулган учурда (30 календарлык күн ичинде 2 же андан көп жолу), Улуттук банк өзүнүн мыйзамдары жана ченемдик актыларында каралган, ал тургай лицензияны кайтарып алууга чейинки башка санкцияларды колдоно алат.
Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттердин ашып кетишинде, айыптык санкциялар колдонулбайт.
5.3. МФК отчетувда реалдуу валюта позициясын чагылдыруудан баштарткан кайсы болбосун аракети, Улуттук банк тарабынан төмөнкүчө каралат:
- Улуттук банкты адаштырууга аракеттенүүлөр;
- банктык алгылыксыз тажрыйба;
- валюта позициясынын реалдуу өлчөмүн бурмалоо максатында манипуляциялоо, башкача айтканда алардын келип чыгыш жагдайы жана ишке ашырылгандыгын так тастыктоого алынбаган шектүү операциялардын жүзөгө ашырылышы жана/же эгерде бул операциялар МФКнын финансылык отчетуна жана экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген болсо;
- МФК тарабынан так эмес финансылык жана регулятивдүү отчет.
Валюта позициясын так эмес чагылдырган учурда, МФКга карата лицензияны кайтарып алууга чейинки тиешелүү санкциялар колдонулат.
5.4. Ушул Нускоонун кайсы болбосун талаптарынын бузулушуна жол берилсе, МФКнын жетекчилиги, Улуттук банкка, жол берилген кемчиликте тууралуу дароо билдирүүгө жана эки күндүк мөөнөттө ошол кемчиликтерди себептерин түшүндүргөн негиздеме катты жана аларды четтетүү максатында МФК тарабынан көрүлгөн чаралардын тизмесин берүүгө тийиш.
6. Чет өлкө валюталары боюнча ички контролдукту уюштуруу
6.1. Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн МФК валюта тобокелдиктерин башкаруунун ички саясатын иштеп чыгууга жана шайкеш ички контролдукту уюштурууга тийиш.
6.2.Чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча жок эле дегенде төмөнкүдөй маселелер чагылдырылган тиешелүү жол-жоболор иш-телип чыгышы зарыл:
- МФКнын кызматкерлеринин милдеттерин, бир кызматкер бүтүмдү демилгелегенден тартып анын бухгалтердик китепке эсепке киришине чейинки жол-жобосун толугу менен аткаруусуна жана/же контролдук кылуусуна чек коюу;
- банк тарабынан өткөрүлүүчү операциялардын көлөмүн санкциялоонун так системасын МФКнын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан колдонулушу;
- МФК тарабынан ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй алганда бардык валюталар боюнча ачык валюта позициясынын ички лимиттеринин белгилениши;
- контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүк деңгээлинин, контрагенттердин категориясына жана алар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардагы тобокелдиктердин мүнөзүнө жана даражасына жараша белгилениши.
- валюта операцияларын текшерүү учурунда ички аудитке карата талаптарды белгилөө (аудитордун көз карандысыздыгын жана аларда тиешелүү квалификациянын жана билиминин болушун);
- МФК жана анын филиалдары үчүн валюта операцияларына тиешелүү эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча талаптарды белгилөө (формасы, берүү аралыгы, жоопкерчилиги).
1-тиркеме
Ачык валюта позициялары (АВП) жөнүндө ОТЧЕТ
ТСК: ________________________________ миң сом
Валютанын түрү | Улуттук банктын эсептик курсу | АВП көлөмү (миң, сом) | Анын ичинде: | АВП көлөмү (& СК карата) | Лимиттин нормадан четтөөсү (&) | Бүтпөй калган спот-бүтүмдөр боюнча калдык (*) | ||
|
|
| баланс | забаланс |
|
| Сатуу | Сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
АВП суммардагы: |
|
|
|
| ||||