Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 53/8
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА), 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6 (НПА), 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6 (НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА), 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, алмашуу бюролорун, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА), 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6 (НПА), 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
- бүтүндөй тексти боюнча кездешип калышын мүмкүн болгон "КРУБ" деген аббревиатуралар, тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.2-пунктунун "Кредиттик союздарга карата" деген сөздөр ", анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган" деген сөздөр менен толукталсын;";
- 1.4-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн);";
- 2.1-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"г) кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап коюу;";
- 2.2-пунктундагы "пунктчаларда көрсөтүлгөн" деген сөздөр "б),'' тамгасы менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 2.5-1-пункт менен толукталсын:
"2.5-1. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин отурумуна документтердин долбоорлорун даярдайт жана андан ары Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна сунуштоо үчүн аларды Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт:
- Тышкы көзөмөл башкармалыгына - тышкы көзөмөлдүн жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн, талаптардын/жазма буйруктардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;
- Инспектирлөө башкармалыгына - инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;
- Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына - лицензиялоо маселелери боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги фактылары аныкталган учурда.";
- 2.8-пункттагы "(мындан ары - ыйгарым укуктуу жак)" деген сөздөрдөн кийинки "жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр алынып салынсын;
- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Таасир этүү чараларын колдонуу";
- 3.3-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн);";
- 3.4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.4. Кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:";
төртүнчү абзацтагы "атайылап" деген сөз алынып салынсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу кредиттик союздун кызмат адамына карата кылмыш ишин козгоо (экономикалык жана кызматтык ишинде кылмыштуулукка жол бергендиги боюнча);";
- 3.5-пунктундагы "белгиленген экономикалык ченемдердин" деген сөздөр ", ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүдө Шариат стандарттарын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.7-пункттун:
биринчи абзацындагы "үч айга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алынып салынсын;
төртүнчү абзацындагы "атайылап" деген сөз алынып салынсын;
- 3.8-пунктунун тогузунчу абзацындагы "кредиттер" деген сөздөр төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"(ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн - анын шарттары боюнча акча каражаттары сунушталган бүтүмдөр)";
- 3.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.10. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алгандан кийинки үч күн ичинде кредиттик союз лицензиялардын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү, ал эми бир ай ичинде соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосу башталууга тийиш.".
3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6 (НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун:
- 7.6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"7.6. Нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун (пункттардын) ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу".
7. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)