Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 45/1
"Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялан күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдыгулов
|