Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 токтому менен бекитилген |
"Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы шарттар
1. Бул жободо, Кыргыз Республикасы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте Кыргыз Республикасында түзүлгөн өз ишин мамлекеттер аралык жана/же өкмөттөр аралык келишимдердин жана уставдын негизинде жүзөгө ашырган эл аралык уюмдарга (мындан ары - Уюм) республиканын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгөтүзүүсү максатында кредит берүү тартиби аныкталган.
2. Улуттук банк кредиттерди Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 18 жана 44-беренелерине, ушул жобого жана Улуттук банк менен Уюмдар ортосунда түзүлгөн, Кредит берүү боюнча башкы келишимге ылайык сунуштайт. Кредит берүү боюнча башкы келишимдин типтүү формасы ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк, өз учурунда кайтаруу жана камсыздоо сыяктуу кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада сунушталат.
4. Уюмдарга кредиттер Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө колдоо көрсөтүү максатында сунушталат.
5. Улуттук банк тарабынан берилген кредиттер уюмду уюштуруу тууралуу мамлекеттер аралык жана/же өкмөттөр аралык келишимдерде, уюмдардын уставында аныкталган, ушул жобонун 4-пунктунун талаптарына каршы келбеген максаттарга жана милдеттерди аткаруу үчүн гана пайдаланылууга тийиш.
6. Кредит берүү шарттары жана анын көлөмү боюнча чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.
7. Кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет жана ал зарылчылыкка жараша, пайыздык ченди өзгөртүүгө чейинки кеминде бир ай мурда уюмга ал тууралуу маалымдалган шартта гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
8. Улуттук банк уюмдарга кредиттерди Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган мөөнөткө сунуштайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кредитти кайтарып берүү милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Улуттук банкта пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары күрөө предмети болуп саналат. Күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда) анын түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Колдонулган терминдер жана түшүнүктөр
10. Уюмдарга берилген кредиттер жөнүндө башкы келишим (мындан ары - Башкы келишим) - бул Улуттук банк менен уюм ортосунда түзүлгөн, Улуттук банктын уюмдарга кредит берүү шарттарын жана тартибин, андан улам келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу эрежелерин аныктаган, кат жүзүндө таризделинген келишим. Башкы келишим ушул жобого карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада жана уюмдар жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген учурда түзүлөт.
11. Күрөө келишими - бул, Улуттук банк Башкармасынын чечиминин жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында Улуттук банк менен Уюм ортосунда түзүлгөн келишим. Анын негизинде Уюмдун алган кредитти кайтарып берүүгө милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Келишимде күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
12. Улуттук банк Башкармасы - Улуттук банктын негизги иш багытын аныктаган, Улуттук банктын ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган коллегиалдуу орган.
13. Кредиттик келишим - бул, Улуттук банк Башкармасынын чечиминин жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында Улуттук банк менен Уюм ортосунда түзүлгөн келишим. Улуттук банк анын негизинде Уюмга улуттук валютада кредит берет. Келишимде кредитти сунуштоо жана аны төлөө шарттары жана тартиби аныкталат, ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Кредит берүү шарттары
14. Улуттук банктан кредит алуу үчүн Уюм төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасы менен Европа экономикалык бирлигине кирген башка мамлекет (мамлекеттер) ортосунда түзүлгөн мамлекеттер аралык жана/жеөкмөттөр аралык келишимге ылайык түзүлүп, иш алып барууга;
- Уюмдун статусу, иш максаттары жана милдеттери аныкталган уставга ээ болууга;
- улуттук валютада кредиттерди тейлөө үчүн Улуттук банкта эсептешүү эсебине ээ болууга;
- депозиттик эсепке ээ болууга жана Улуттук банктагы күрөөлүк камсыздоо үчүн ушул жобого карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формада чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө келишимине кол коюуга;
- Улуттук банк менен кол коюлган Башкы келишимге ээ болууга;
- Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоого;
- алынган кредиттер жана ага тиешелүү пайыздар боюнча Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелери болбоого;
- Уюмдун атынан операцияларды ишке ашырууга, анын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын Уюмдун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, кол тамга үлгүлөрү менен жооптуу адамдардын тизмесин Улуттук банкка берүүгө.
15. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди ушул жобонун 5-пунктунда белгиленген максаттарга гана пайдаланууга тийиш. Ушул пункттун шарттарын бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик жободо жана Башкы келишимде аныкталат.
4. Кредит алуу тартиби
16. Уюм кредит алуу үчүн кредиттин көлөмүн, максималдуу пайдалануу мөөнөтүн, ошондой эле күрөөлүк камсыздоону көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган өтүнүч катты Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө тийиш.
17. Кредит берүү, пайыздык чендер, кредит берүү шарттары, анын мөөнөттөрү жана көлөмү тууралуу чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет.
5. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу
18. Кредиттер күрөөлүк камсыздоо алдында гана берилет. Улуттук банкта пайызсыз депозит эсебинде турган, Уюмга менчик укугуна таандык болгон акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары Уюмдун кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоосу катары колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө Улуттук банктын тиешелүү макулдугусуз күрөөгө коюлушу же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес. Күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган акча каражаттары Уюмдун менчик укугуна таандык болууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА)) токтомунун редакциясына ылайык)
20. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги Уюм талап кылган кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
21. Уюм Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткара албай калган, ошондой эле Башкы келишимде жана Күрөө келишиминде каралган башка учурларда Улуттук банк өз талабын күрөөгө коюлган каражаттардан соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана күрөө келишиминде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, аны соттук эмес тартипте сатып өткөрүүнүн эсебинен толук көлөмдө канааттандырып алууга укуктуу.
22. Уюм кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин учурунда жана толук аткарган шартта Улуттук банк 5 жумуш күнү ичинде күрөөнү бошотуп берүүгө тийиш.
6. Эсептешүүлөрдү жүргүзүү
23. Улуттук банк тарабынан Уюмдарга кредит берилген шартта улуттук валютадагы акча каражаттары Уюмдун эсебине Улуттук банк менен Уюм ортосунда тиешелүү кредиттик келишимге (Башкы келишимге карата 1-тиркеме) жана Күрөө келишимине (Башкы келишимге карата 2, 3-тиркемелер) кол коюлуп, Күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен чегерилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
24. Улуттук банк менен Уюм ортосунда Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине кол коюу жана аларды тариздетүү Улуттук банк менен макулдашылган мөөнөттө ишке ашырылат. Күрөөлүк камсыздоо катары колдонулган чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү ишке ашыруу шарттары жана мөөнөттөрү Улуттук банк менен Уюм ортосунда кол коюлган, ушул жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн Улуттук банктагы күрөөлүк камсыздоо алдында чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө келишими аркылуу жөнгө салынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кредиттин суммасына пайыздарды эсептөө жыл ичинде 365 күн, ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша кредитти пайдаланган мезгил үчүн пайыздарды эсептөөнүн төмөндө келтирилген формула боюнча ишке ашырылат:
P = (C x I x T)/365/100, мында:
- Р - кошуп эсептелинген пайыздар ;
- С - кредиттин суммасы (сом);
- I - чени (жылдык %);
- Т - кредит берилген мөөнөт (күндөр менен).
7. Тараптардын жоопкерчилиги жана санкциялар
26. Уюм, Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин тариздетүү үчүн күрөөлүк камсыздоону өз учурунда сунуштоо, келишимдерге кол коюп, ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органда Күрөө келишимин каттоодон өткөртүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
27. Уюм, Улуттук банктан алынган кредитти максаттуу пайдалануу, кредиттин негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды өз учурунда жана толук төлөө үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
28. Эгерде кредиттин негизги суммасына, ага чегерилген пайыздарга байланыштуу кандай болбосун төлөм жана Башкы келишимден, Кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөр белгиленген мөөнөт ичинде жана/же толук көлөмдө төлөнбөй калса, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз катары эсептелинет жана Уюмга карата башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.
29. Уюм ушул жобонун 5 жана 15-пункттарынын талаптарын бузууга жол берсе, Улуттук банк андан кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана кредитти пайдаланган айкын убакыт үчүн чегерилген пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуктуу.
30. Улуттук банк алынган каражаттарын натыйжасыз, анын ичинде максатка ылайыксыз пайдаланышынан улам, Уюм дуушар болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
31. Улуттук банк берилген кредиттер боюнча маалыматтарды Уюмдан талап кылып алууга укуктуу.
32. Уюм Улуттук банкка анын талабы боюнча берилген маалыматтардын толуктугу, өз учурунда берилиши жана тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
8. Кредитти пролонгациялоо тартиби
33. Уюм ушул жобонун, Башкы келишимдин талаптарын, кредит боюнча өз милдеттенмелерин өз учурунда толук аткарган шартта Улуттук банк Уюмдун өтүнүч катынын негизинде кредиттерди пролонгациялоого укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоо саны Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Уюм кредиттерди пролонгациялоо үчүн кредит мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай мурда Кредиттик келишимге карата кредитти пролонгациялоо жөнүндө кошумча келишимди түзүү үчүн өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылууга тийиш.
36. Эгерде кредиттин негизги суммасына, ага чегерилген пайыздарга байланыштуу кандай болбосун төлөм жана Башкы келишимден, Кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөр белгиленген мөөнөт ичинде жана/же толук көлөмдө төлөнбөй калса, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз катары эсептелинет жана Уюмга карата Башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.
9. Кредитти төлөө тартиби
37. Кредиттин негизги суммасын төлөө кредит мөөнөтү бүткөн күнү Уюмдун Улуттук банктагы улуттук валютада ачылган эсебинен акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу, операциялык күндүн акырына чейин ишке ашырылууга тийиш.
38. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ага чегерилген пайыздарды төлөө майрам күндөрүнө, жумуш эмес күнгө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда кредиттик ресурстардын негизги суммасы жана/же ага чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт.
39. Кредиттин негизги суммасы жана/же ага чегерилген пайыздар толук төлөнүүгө тийиш, мында бөлүп төлөөгө жол берилбейт.
40. Уюм негизги карызды жана пайыздарды Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган шартта мөөнөтүнөн мурда толук төлөөгө укуктуу. Бул үчүн ал төлөө пландаштырылган күнгө чейинки бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирме жөнөтүүгө тийиш.
41. Уюм кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз учурунда жана толук аткарган шартта күрөө ушул жобонун 22-пунктуна ылайык бошотулуп берилет.
42. Кредит өз учурунда төлөнбөсө, төлөөнү кийинкиге жылдырууга жол берилбейт. Уюмдун кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн жоопкерчилиги Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралат.
43. Ушул жобого ылайык Уюмга берилген кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, Улуттук банк аталган жобого, Башкы келишимге, Күрөө келишимине ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен кредитти, ага чегерилген пайыздарды, туумдарды жана айыптык төлөмдөрдү төлөтүп алууга укуктуу.
10. Корутунду жобо
44. Ушул жобого кредит берүү ишин өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кабыл алынат.
|
| "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү жөнүндө БАШКЫ КЕЛИШИМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары | № ____________ | 20__-жылдын "__"_____________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20___-жылдын "__" ___________ буйругунун негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан жана мындан ары "Уюм" деп аталуучу ___________________________ атынан, уставдын негизинде иш алып барган _______________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын "___" _________ № __________ токтому менен бекитилген "го таянып, төмөнкүлөр боюнча ушул Башкы келишимди (мындан ары - Башкы келишим) түзүштү.
1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ
1.1. Улуттук банк тарабынан төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарымдуулук шарттарында Уюмдун күрөөлүк камсыздоосу алдында улуттук валютада кредит берүү шарттарын жана тартибин аныктоо, ушундан улам келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу ушул Башкы келишимдин предмети болуп саналат.
2. КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ
2.1. Кредит алуу жана аны пайдалануу тартиби тиешелүү жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.
2.2. Уюм ушул Башкы келишимдин талабына ылайык, кредит алуу үчүн кредиттин көлөмүн, максималдуу пайдалануу мөөнөтүн, ошондой эле күрөөлүк камсыздоону көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган өтүнүч катты Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө тийиш.
2.3. Уюм кредит алуу үчүн тиешелүү жобонун 14-пунктунда каралган талаптарга жооп берүүгө, жетиштүү өлчөмдөгү күрөөлүк камсыздоого ээ болууга, Уюмдун атынан операцияларды жүзөгө ашырууга жана Уюмдун эсептериндеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн эки карточканы Улуттук банкка берүүгө тийиш. Уюмдун атынан банктык көчүрмөлөрдү, төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алууга жоопкерчиликтүү адамга берилген ишеним катты Улуттук банкка берүүгө.
2.4. Кредит улуттук валютада Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет.
2.5. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Эгерде Уюм ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды бузууга жол берсе, ага карата Башкы келишимдин 5.5-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар колдонулат. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди ушул жобонун 5-пунктунда белгиленген максаттарга гана пайдаланууга тийиш.
2.6. Кредиттин пайдаланууга тиешелүү ушул Башкы келишимдин 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр Уюмдун банк-карыз алуучуларына да таркатылат. Уюм менен анын банк-карыз алуучулары ортосунда кол коюлган келишимдерде милдеттүү түрдө тиешелүү пункттар камтылууга тийиш. Уюмдан кредит алышкан банк-карыз алуучулар мыйзам бузууларга жол бергендиги фактысы аныкталса жана ал тууралуу тиешелүү билдирме Уюмга келип түшсө, Уюм, банк-карыз алуучуга берилген кредитти кайтарып алууга жана кемчиликке жол берген банк-карыз алуучуга карата түзүлгөн келишимдерде аныкталган чараларды колдонууга тийиш.
2.7. Уюмга кредит тиешелүү Кредиттик келишимди тариздетүү аркылуу берилет, анда кредит берүүнүн айкын шарттары: кредиттин өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чен, кредиттин негизги суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары камтылууга тийиш. Кредиттик келишимде ушул Башкы келишимге шилтемелер келтирилиши зарыл.
2.8. Улуттук банк менен Уюм ортосунда Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине кол коюу жана аларды тариздетүү Улуттук банк менен макулдашылган мөөнөттө ишке ашырылат. Күрөөлүк камсыздоо катары колдонулган чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү ишке ашыруу шарттары жана мөөнөттөрү Улуттук банкта күрөөлүк камсыздоо алдында чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө келишими аркылуу жөнгө салынат.
2.9. Уюм, Улуттук банктан алынган, жайгаштырыла элек кредиттик ресурстарды кредиттерди тейлөө үчүн Улуттук банкта ачылган Уюмдун эсептешүү эсебинде, Уюм ал каражаттарды республиканын коммерциялык банктарына жана/же тике карыз алуучуларга айкын берген учурга чейин сактап турууну камсыз кылат.
2.10. Кредиттин суммасына пайыздарды эсептөө жыл ичинде 365 күн, ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша кредитти пайдаланган мезгил үчүн пайыздарды эсептөөнүн төмөндө келтирилген формуласы боюнча ишке ашырылат:
P = (C x I x T)/365/100, мында:
Р - кошуп эсептелинген пайыздар;
С - кредиттин суммасы (сом);
I - чени (жылдык %);
Т - кредит берилген мөөнөт (күндөр менен).
2.11. Акча каражаттары Улуттук банк тарабынан уюмга берилген кредиттерди тейлөө үчүн анын Улуттук банкта ачылган эсептешүү эсебине (мындан ары -эсеп) чегерүү Улуттук банк менен уюм ортосунда тиешелүү кредиттик келишимге, күрөө келишимине кол коюлуп, күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөрүлүп, таризделгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.
2.12. Тараптар жобонун жана ушул башкы келишимдин бардык талаптарынын аткарылышына кепилдик беришет.
3. КРЕДИТТИН КАМСЫЗДООСУ
3.1. Кредиттер күрөөлүк камсыздоо алдында гана берилет. Уюм ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча кредиттин негизги суммасын, ал боюнча пайыздарды, туумдарды жана айыптык санкцияларды кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун камсыздоосу катары Уюмдун Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары саналат.
3.2. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө Улуттук банктын тиешелүү макулдугусуз күрөөгө коюлушу же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес. Күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган акча каражаттары же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары Уюмга менчик укугунда таандык болууга тийиш.
3.3. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги Уюм талап кылган кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
3.4. Уюм Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткара албай калган, ошондой эле Башкы келишимде жана Күрөө келишиминде каралган башка учурларда Улуттук банк өз талабын күрөөгө коюлган каражаттардан соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана күрөө келишиминде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, аны соттук эмес тартипте сатып өткөрүүнүн эсебинен толук көлөмдө канааттандырып алууга укуктуу.
3.5. Уюм кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин учурунда жана толук аткарган шартта Улуттук банк 5 жумуш күнү ичинде күрөөнү бошотуп берүүгө тийиш.
4. КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ
4.1. Кредиттин негизги суммасын төлөө кредит мөөнөтү бүткөн күнү Уюмдун Улуттук банктагы улуттук валютада ачылган эсебинен акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу, операциялык күндүн акырына чейин ишке ашырылууга тийиш. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө Кредиттик келишимге ылайык Уюм тарабынан ай сайын жүзөгө ашырылып турат.
4.2. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ага чегерилген пайыздарды төлөө майрам күндөрүнө, жумуш эмес күндөргө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда кредиттик ресурстардын негизги суммасы жана/же ага чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт.
4.3. Кредиттин негизги суммасы жана/же ага чегерилген пайыздар толук төлөнүүгө тийиш, мында бөлүп төлөөгө жол берилбейт.
4.4. Уюм негизги карызды жана пайыздарды Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган шартта мөөнөтүнөн мурда толук төлөөгө укуктуу. Бул үчүн ал төлөө пландаштырылган күнгө чейинки бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирме жөнөтүүгө тийиш.
4.5. Уюм кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз учурунда жана толук аткарган шартта, Улуттук банк күрөөнү 5 (беш) жумуш күнү ичинде бошотуп берүүгө тийиш.
4.6. Уюмдун кредит боюнча өз милдеттенмелерин аткарышынан улам Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы формасындагы күрөө катары колдонулган акча каражаттары бошотулуп берилген шартта, Уюм төлөм багытын жана анын негиздемелерин милдеттүү түрдө толук жана так көрсөтүү менен SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык SWIFT системасы боюнча (МТ 202 форматы) төлөм нускамасын Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. SWIFT системасы жөнгө салынбаган болсо, Уюм төлөм тапшырмасын жобонун 14-пунктуна жана ушул Башкы келишимдин 2.3-пунктуна ылайык сунушталган кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу адамдардын колу койдурулган кагаз жүзүндө берүүгө тийиш. Мында, Улуттук банкка саат 12:00гө чейин келип түшкөн төлөм нускамасы ошол валюталоо күнү аткарылат, ал эми Улуттук банкка саат 12:00дөн кийин түшкөн төлөм нускамасы кийинки жумуш күнү аткарылат.
4.7. Уюм кредиттин негизги суммасын жана/же ага чегерилген пайыздарды Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төлөө милдеттенмесин аткарбай койгон учурда ал милдеттенмелер аткарылбаган учурдан тартып кредит боюнча аткарылбай калган милдеттенмелердин ордун жабууну кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу ишке ашырууга Улуттук банкка укук чегерет. Улуттук банк бул учурда кредит боюнча өз милдеттенмесин белгиленген мөөнөттө аткарбай жаткандыгы тууралуу Уюмга кат жүзүндө билдирип, күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштай тургандыгы тууралуу маалымдайт.
4.8. Кредит боюнча Уюмдун милдеттенмелеринин аткарылбай калышынын ордун жабуунун эсебинде ага менчик укугу Улуттук банкка өткөн күрөө акча каражаттарын эсептен чыгаруу/алуу күнү Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык Улуттук банктын балансына кабыл алынат.
4.9. Күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен Уюмдун кредиттин негизги суммасы, ага чегерилген пайыздардын суммасы, туумдар жана айыптык санкциялар боюнча Улуттук банк алдындагы карызынын орду жабылууга тийиш.
4.10. Улуттук банктын Уюмга карата утурлама талаптарын чегеришүү аркылуу күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү менен алынган сумма карыз ордун толук жабууга жетишсиз болуп калса, Улуттук банк жетпей калган сумманы Уюмдун Улуттук банкта ачылган эсептеринен каражаттарды эсептеп алып коюуну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюмдун башка мүлкүнөн жана талап коюу укугунан толук көлөмдө алууга укуктуу.
4.11. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийин калган сумма Уюмдун Улуттук банктагы улуттук валютадагы эсебине чегерилет.
5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
5.1. Уюм, тиешелүү жобого, ушул Башкы келишимге жана Кредиттик келишимдерге ылайык, кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат.
5.2. Уюм, күрөөлүк камсыздоонун өз учурунда сунушталышы жана күрөө келишиминин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
5.3. Уюм тиешелүү жобонун жана ушул Башкы келишимдин бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Жобонун жана ушул Башкы келишимдин шарттарын жана талаптарын бузууга жол берген жана/же талаптагыдай аткарбаган учурда Улуттук банк жол берилген кемчиликтерге жараша төмөнкүдөй чараларды колдонууга укуктуу:
5.3.1. Берилген кредиттердин мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын талап кылууга;
5.3.2. Улуттук банктын талабына ылайык акча каражаттары толук эмес жана/же өз учурунда кайтарылбаса, Улуттук банк ар бир мөөнөтүндө кайтарылбаган календардык күн үчүн карыз суммасынан 0,1 пайыз өлчөмүндө туум чегерүүгө;
5.3.3. Башкы келишимди токтотууга.
5.4. Эгерде кредиттин негизги суммасына, ага чегерилген пайыздарга байланыштуу кандай болбосун төлөм жана Башкы келишимден, Кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөр белгиленген мөөнөт ичинде жана/же толук көлөмдө төлөнбөй калса, алар мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз катары эсептелинет жана аларга мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн карыз суммасынан 0,1 пайыз өлчөмүндө туум чегерилет. Туумдар мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган күндөн тартып ал толук төлөнгөнгө чейинки орду жабылбаган суммага ар бир төлөнбөгөн күн үчүн чегерилет.
5.5. Уюм Улуттук банктан алынган кредиттин максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Ушул жобонун 5-пунктунда жана Башкы келишимдин 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк кредиттин суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү, кредитти пайдаланган айкын убакыт үчүн чегерилген пайыздарды төлөөнү Уюмдан талап кылууга жана максатка ылайык пайдаланылбаган суммадан 1 (бир) пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм чегерүүгө укуктуу.
5.6. Улуттук банк тиешелүү жобонун, ушул Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен Уюм дуушар болгон чыгымдар үчүн жооп бербейт.
5.7. Тараптар тиешелүү жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык кредиттин берилиши жана анын төлөнүшүнө тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу өз кызматкерлеринин ишти талаптагыдай, өз учурунда аткарышы жана купуялуулукту сакташы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналышат.
5.8. Уюм берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Улуттук банк сунуштаган акча каражаттарын пайдалануу жагында талаптар жана чектөөлөр уюм менен анын кардарлары ортосунда тике каржылоо, ошондой эле республиканын коммерциялык банктары аркылуу каржылоодо банктар-карыз алуучулар ортосунда кол коюлган кредиттерди берүү келишимдеринде чагылдырылууга тийиш.
5.9. Улуттук банк берилген кредиттер боюнча кандай болбосун зарыл маалыматтарды Уюмдан талап кылып алууга укуктуу. Улуттук банктын талабы боюнча Уюм ошол талапта көрсөтүлгөн формада жана мөөнөттөрдө тиешелүү маалыматтарды жана башка зарыл документтерди берип турууга тийиш.
5.10. Уюм Улуттук банктын талабына ылайык, маалыматтардын өз учурунда, толук жана так берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
5.11. Улуттук банк алынган каражаттарын натыйжасыз, анын ичинде максатка ылайыксыз пайдаланышынан улам, Уюм дуушар болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
6. КРЕДИТТИ ПРОЛОНГАЦИЯЛОО ТАРТИБИ
6.1. Уюм тиешелүү жобонун, Башкы келишимдин талаптарын, кредит боюнча милдеттенмелерин өз учурунда толук аткарган шартта Улуттук банк Уюмдун өтүнүч катынын негизинде кредиттерди пролонгациялоого укуктуу.
6.2. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоо саны Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
6.3. Уюм кредиттерди пролонгациялоо үчүн кредит мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай мурда Кредиттик келишимге карата кредитти пролонгациялоо жөнүндө кошумча келишимди түзүү үчүн өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылууга тийиш.
6.4. Эгерде кредит боюнча чегерилген пайыздар толук төлөнбөсө жана/же белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, анда мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелинип, кредит андан ары пролонгацияланбайт жана Уюмга карата ушул Башкы келишимдин 5.4-пунктунда каралган айыптык санкциялар колдонулат.
7. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР
7.1. Эгерде, жердин силкиниши, башка бөөдө кырсыктар, мамлекеттик органдардын көргөн аракети жана кабыл алынган чечимдери, согуштук аракеттер, ошондой эле ушул Башкы келишимдин тараптарынын контролдугуна алынбаган жана Башкы келишим, Кредиттик келишим боюнча алардын өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук кылган жагдайларды кошо алганда, тике же кыйыр түрдө келип чыккан күтүүсүз жагдайлар (форс-мажордук) орун алган шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү форс-мажордук жагдайлар орун алган мезгил аралыгына шайкеш жылдырылат, бирок бүтүндөй ушул Башкы келишимди жана Кредиттик келишимди аткаруу мөөнөтүнө олуттуу таасир эте алган чекте же форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүнө шайкеш гана узартылат.
7.2. Ушул Башкы келишимдин тараптары Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайдын келип чыккандыгы жана кийинчерээк алардын бүткөндүгү тууралуу 2 (эки) жумуш күнү ичинде бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө дароо маалымдоого тийиш.
7.3. Тараптардын бири ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана буга форс-мажордук жагдайдын кесепетинен улам жол берилсе, мындай жагдайдын кесепеттерин четтетүү үчүн ал мүмкүн болгон бардык чараларды көргөн болсо, мындай жагдай Башкы келишимди жана Кредиттик келишимди бузууга жол берген катары каралбайт.
8. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ
8.1. Башкы келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
8.2. Жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана республиканын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилиши зарыл.
9. БАШКА ШАРТТАР
9.1. Башкы келишимдин шарттары тараптардын өз ара макулдугу боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
9.2. Башкы келишимге карата баардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө түзүлүп, эки тарап кол койгон шартта анык болуп саналат.
9.3. Бул Башкы келишим тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада расмий тилде түзүлгөн. Алардын бири Улуттук банкка, экинчиси Уюмга берилет.
9.4. Ушул Башкы келишимге карата 1, 2, 3-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
10. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ
10.1. Башкы келишим эки тарап ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жыл колдонулат. Башкы келишимдин токтотулушу алынган кредиттерди кайтарып берүү жана ушул Башкы келишимде каралган күрөө шарттарын сактоо боюнча Уюмдун милдеттенмелерин, ошондой эле Башкы келишимде жана тиешелүү жободо аныкталган тартипте күрөөнү бошотуп берүү жагындагы Улуттук банктын милдеттенмелерин токтотпойт.
10.2. Башкы келишим эгерде тараптардын бири келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 1 календардык ай мурда аны токтотуу ниетин билдирген кат жүзүндө өтүнүч менен кайрылбаса, кийинки ар бир календардык жылга узартылган катары эсептелинет.
10.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда ал тууралуу Уюмга алдын ала билдирүүсүз эле ушул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:
- Уюм тиешелүү жобонун жана ушул башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берсе;
- юридикалык жак катары Уюм өз ишин токтотсо.
11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ
Улуттук банк: |
| Уюм: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
| Уюмдун аталышы Бишкек шаары, ____________ көчөсү. Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
|
| "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө" башкы келишимге карата 1-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучукредиттержөнүндө башкы келишимге карата 20___-жылдын "__"_______ №_____ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары | № ____________ | 20__-жылдын "__"_____________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20____-жылдын "__" __________ № ___________ буйругунун негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан жана мындан ары "Уюм" деп аталуучу ___________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган _______________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары - келишим) түзүштү.
1. Кредиттик келишимдин предмети
Улуттук банк Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө 20____-жылдын "__"______ №_____ башкы келишимдин негизинде, уюмдун 20____-жылдын "__"______ өтүнүч катына, Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын "__"______ чечимине жана ушул кредиттик келишимге ылайык уюмга ушул кредиттик келишимде, башкы келишимде жана Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын "__"______ №_____ токтому менен бекитилген "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" жободо каралган шарттарда __________ суммасында (суммасы жазуу жүзүндө) кредит берет.
2. Кредит берүү шарттары
2.1. Кредит 20____-жылдын "__"______ 20____-жылдын "__"______ чейинки мөөнөткө берилет.
2.2. Кредит боюнча акча каражаттарды уюмдун Улуттук банкта ачылган, уюмга Улуттук банк тарабынан берилген кредиттерди тейлөө үчүн каралган эсептешүү эсебине (мындан ары - эсеп) которуу күнү, кредит берилген күн болуп саналат.
2.3. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарын ушул келишимге, күрөө келишимине кол койгондон жана күрөө келишимин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөргөндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен чегерет.
2.4. Кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык чен ушул кредиттик келишим колдонулган мөөнөткө жылдык ____ (жазуу жүзүндө) пайыз өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалангандык үчүн пайыздарды эсептөө жана төлөө уюм тарабынан белгиленген төлөө графигине ылайык ай сайын ишке ашырылып турат (кредиттик келишимге карата 1-тиркеме), ал эми төлөө графиги ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Пайыздар тиешелүү жобого ылайык чегерилет.
2.5. Пайыздар кредит берилген күндөн тартып (кредит берилген күндү кошо алганда) кредит төлөнгөн күнгө чейин (төлөө күнү эсепке алынбайт) жыл ичинде 365 күн жана ай ичиндеги айкын күндөрдүн санына жараша, кредит боюнча карыздын айкын калдыгына чегерилет.
2.6. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана кредитти пайдалангандык үчүн чегерилген пайыздарды төлөө ушул кредиттик келишимге жана кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ишке ашырылат.
2.7. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ага чегерилген пайыздарды төлөө майрам күндөрүнө, жумуш эмес күндөргө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда кредиттик ресурстардын негизги суммасы жана/же ага чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт.
2.8. Кредит боюнча негизги сумманы жана/же ага чегерилген пайыздарды төлөөгө каралган акча каражаттарын уюм Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет (негизги карыз боюнча суммалар № ___ эсепке, ал эми пайыздык төлөмдөр боюнча суммалар ___ эсепке).
3. Кредитти пайдалануу шарттары
3.1. Уюм Улуттук банктан алган кредитти банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок.
3.2. Ушул кредиттик келишимдин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн, кредитти пайдалануу жагындагы чектөөлөр уюмдардын банк-карыз алуучуларына да таркатылат. Ушул талап камтылган тиешелүү пункттар уюм менен банк-карыз алуучулар ортосунда кол коюлган келишимдерде да милдеттүү түрдө камтылууга тийиш.
3.3. Уюмдан кредит алышкан банк-карыз алуучулар мыйзам бузууларга жол бергендиги фактысы аныкталса жана ал тууралуу тиешелүү билдирме Уюмга келип түшсө, Уюм банк-карыз алуучуга берилген кредитти кайтарып алууга жана аларга карата банк-карыз алуучулар жана уюм ортосунда түзүлгөн келишимдерде аныкталган чараларды колдонууга тийиш.
4. Күрөөлүк камсыздоо
4.1. Уюм ушул Кредиттик келишимге ылайык алган кредит боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча пайыздарды, айыптык төлөм түрүндөгү кошумча төлөмдү, туумдарды жана Уюмдун ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун камсыздоосу катары Уюмдун Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары жана/же евро) же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары саналат.
5. Башка шарттар
5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтер тиешелүү жобо жана башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.
5.2. Ушул кредиттик келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет жана ал ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5.3. Бул Кредиттик келишим, анын ичинде Күрөө келишими Улуттук банк менен Уюм ортосунда ____-жылдын "__" __________ түзүлгөн № ___ Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал тараптардын ар бири үчүн бирден 2 (эки) нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
6. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Улуттук банк: |
| Уюм: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
| Уюмдун аталышы Бишкек шаары, ____________ көчөсү. Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
|
| 20____-жылдын "__"_______ № ____ Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме |
Кредитти төлөө графиги
Кредиттин суммасы: ____________________ сом
Пайыздык чен (жылдык): __________%
Пайыздарды төлөө: ар айлык негизде
Эсепке алынган жыл: 365 күн
Кредиттин мөөнөтү: _____ күн
Кредит берилген күн: 20__-ж. "__"____________
Кредитти төлөө күнү: 20__-ж. "__"____________
Айлар | Төлөө күнү | Пайыздарды төлөө(*) | Негизги сумманы төлөө | Бардыгы болуп төлөөгө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында |
|
|
|
(*) Пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдаланган айкын күндөрдүн саны эске алынат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: |
| Уюм: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
|
|
Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
| Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
|
| "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө" башкы келишимге карата 2-тиркеме |
20___-жылдын "__"_______ № _____ кредиттик келишимге карата күрөө келишими
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары | № ____________ | 20__-жылдын "__"_____________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20____-жылдын "__"______ № _________ буйругунун негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан жана мындан ары "Уюм" деп аталуучу ___________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган _______________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар депозиттик эсептерди ачуу келишими боюнча талап коюу укугуна төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү.
1. Келишим предмети
1.1. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга _______ сом (суммасы жазуу жүзүндө) өлчөмүндө кредит берген. Кредитти жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" жобонун алкагында 20___-жылдын "__"_______ түзүлгөн №___ кредиттик келишимде (мындан ары - кредиттик келишим) жана тараптар ортосунда кол коюлган, 20___-жылдын "__"_______№ _________ башкы келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келип жетет.
1.2. Күрөө коюучу кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында, күрөө кармоочуга күрөө коюучу менен Улуттук банк ортосунда 20___-жылдын "__"_______ түзүлгөн № __________ банктык эсеп ачуу келишими боюнча (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында чет өлкө валютасында депозиттик эсепти ачуу жана тейлөө келишими) акча каражаттарына талап коюу укугун (мындан ары күрөө предметин) күрөө кармоочуга толук көлөмдө өткөрүп берет.
1.3. Эсеп ачуу келишими боюнча акча каражаттары Улуттук банкта күрөө коюучунун атына ачылган _____ эсепке жайгаштырылат жана алардын өлчөмү _________ АКШ долларын/еврону түзөт (суммасы жазуу жүзүндө). Бул каражаттар кредиттик келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин кайтарылып берилет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери:
2.1.1. Күрөө коюучудан банктык аманат (депозит) ал боюнча жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөшүнөн улам, күрөө наркы төмөндөп кеткен учурда кошумча камсыздоону сунуштоону талап кылууга.
2.1.2. Күрөө кармоочудан ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана кредиттик келишимде белгиленген милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде бул талап аткарылбаса төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу ал талапты канааттандырып алууга:
1) Күрөө коюучу кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузууга жол берсе;
2) Эгерде күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы, ага чегерилген пайыздар боюнча карызды, айыптык төлөмдөрдү (туумдарды) кошо алганда, кредиттик келишим боюнча карызды төлөй албай калса же төлөө мөөнөтүн бузган болсо;
3) Күрөө коюучу ушул келишим талаптарын жана жоболорун бузууга жол берсе;
4) Күрөө коюучу "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" жобонун шарттарын бузган болсо;
5) Ушул келишимде каралган башка учурларда.
2.1.3. Эгерде күрөө предметин сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, уюмдун Улуттук банкта ачылган эсептеринен акча каражаттарын эсептеп алып коюну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык анын өндүрүүнү жүргүзүү мүмкүн болгон башка мүлкүнөн жетпеген сумманы толуктап алууга.
2.1.4. Эгерде күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметин күрөө кармоочуга өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылса, күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан тиешелүү мүлктү алуу үчүн бардык зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.
2.1.5. Ушул келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө (кайтарып алуу менен же кайтарып алуусуз);
2.1.6. Ушул келишимде каралган башка укуктарга ээ болууга.
2.1.7. Күрөө кармоочу ушул келишим шарттарынын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга, күрөө предметинин абалына тиешелүү маалыматтарды алып, анын бар экендигине текшерүү жүргүзүүгө.
2.1.8. Уюм тарабынан SWIFT (МТ202 форматы) каналы боюнча сунушталган төлөм нускамаларынын же төлөм тапшырмасынын негизинде кредит боюнча милдеттенмелер аткарылгандан кийин күрөөлүк каражаттарды бошотуп берүүдө чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын уюмдун Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы эсебине күрөөлүк камсыздоо бошотулган күнү чегерүүгө.
2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери:
2.2.1. Депозиттик эсепти ачуу келишими боюнча акча каражаттарын күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кандай болбосун себептер боюнча өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого;
2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметинин азайып кетишине, кыскарышына, жоголушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди көрбөөгө;
2.2.3. Күрөө предметинде болуп өткөн өзгөрүүлөр, үчүнчү жактардын кемчиликтерге жол бериши ыктымалдыгы же үчүнчү жактардын ошол укуктарга карата кине коюусу тууралуу күрөө кармоочуга ал тууралуу маалым болгондон кийинки 3 күн ичинде маалымдоого;
2.2.4. Күрөө кармоочунун талабы боюнча 3 күндүк мөөнөт ичинде ага күрөө предметине тиешелүү бардык документтер менен таанышууга мүмкүндүк берип, тиешелүү маалыматтарды ага берүүгө;
2.2.5. Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз депозиттик эсепти ачуу келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөөгө;
2.2.6. Ушул келишимде каралган башка милдеттенмелерди өзүнө алууга;
2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул келишим шарттарына ылайык соттук эмес тартипте ишке ашырылат. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүнө жана кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим жана ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда, түптөлгөн жагдайдын мүнөзүнө жана себебине көз карандысыз күрөө предметинин соттук эмес тартипте сатып өткөрүлүшүн гарантиялайт гана ага толук макулдугун берет;
2.2.8. Күрөө коюучу ушул келишимге ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон күрөө предметин сатып өткөргөнгө чейин ошол күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерин же анын мөөнөтүндө аткарылбай калган бөлүгүн аткарууга укуктуу.
3. Күрөө шарттары
3.1. Тараптар, күрөө кармоочунун ____ пайыз өлчөмүндө белгиленген күрөөлүк коэффициентин эске алуу менен күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган № _____________ депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын Улуттук банктын АКШ доллары/евро боюнча кайра баалоо күнүнө карата расмий курсунун негизинде сомго эсептелинген калдыгы, күрөө коюучунун күрөө кармоочу алдындагы кредиттик келишимге ылайык алынган кредиттик каражаттары боюнча калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигине макул болушту.
Күрөө кармоочу ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келиши көз карашынан күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыгын Улуттук банктын АКШ доллары/евро боюнча расмий курсуна ылайык кайрадан баалоону мезгил-мезгили менен жүргүзүп турууга жана кредиттик келишим боюнча кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы жөнүндө тиешелүүталап камтылган билдирмени күрөө коючуга жөнөтүүгө тийиш.
Эгерде ушул келишим колдонулган мөөнөт ичинде күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган эсебинде жайгаштырылган сом эквивалентиндеги акча каражаттарынын калдыгы, ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелинген суммадан төмөн болуп калса жана _____ пайыздан азды түзсө, анда күрөө коючу тиешелүү талап камтылган билдирме келип түшкөндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган эсебиндеги АКШ доллары/евродо жайгаштырылган акча каражаттарын күрөө кармоочунун талабында көрсөтүлгөн суммага чейин жеткирүүгө же күрөөкоюучу кредиттик келишимге ылайык күрөө кармоочудан алган кредиттин бөлүгүн жабууга милдеттүү. Мында күрөө суммасы Улуттук банктын кайра баалоо күнүнө карата АКШ доллары/евро боюнча расмий курсуна ылайык тиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча күрөө коюучунун күрөө кармоочу алдындагы карыз калдыгынын ордун жабууга тийиш.
Улуттук банк тарабынан белгиленген АКШ долларынын/евронун расмий курсу жогорулап кеткен шартта күрөө суммасынын кайсы бир бөлүгү бошотулууга тийиш, бирок ал күрөө коюучуга кайтарылып берилбейт.
3.2. Күрөө коюучу кредиттик келишимге ылайык күрөө кармоочудан алган кредит боюнча өз милдеттенмелерин аткарып жана ушул келишимдин 3.1-пунктунда каралган шарттарды сактаган учурда күрөө коючунун Улуттук банкта ачылган № _____ эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарын күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен толугу менен же андан бөлүп алууга укуктуу.
4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби
4.1. Кредит берүү келишимине ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ошондой эле ушул келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган шарттар келип чыкса жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда күрөө коюучу депозиттик эсепти ачуу келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №_____ эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептеп алууга жана аларды күрөө кармоочунун эсебине которууга Улуттук банкка укукту ыйгарат.
4.2. Чет өлкө валютасында акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептеп чыгаруу/алып коюу учурунда ошол каражаттарды күрөө кармоочунун күрөө коючуга берген кредитинин валютасына конвертациялоо (которуу) Улуттук банк тарабынан акча каражаттарын эсептен чыгаруу/алып коюу күнүнөкарата белгиленген расмий курс боюнча ишке ашырылат.
4.3. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдө күрөө коюучу ошондой эле, ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн, күрөө предмети болуп саналган депозиттик эсепти ачуу келишими боюнча өзүнүн талап коюу укугун да ыйгарып берүүгө милдеттенет.
4.4. Күрөө предметинен болуп саналган депозиттик эсепти ачуу келишими боюнча талап коюу укугун ыйгарып берүү жагында бул келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-беренесине жана 18-главасында камтылган талаптарга ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Аталган келишим боюнча талап коюу укугу ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү күрөө кармоочуга өтөт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Тараптар ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда алар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бири-бирине келтирилген чыгымдардын ордун толуктап берүүгө тийиш.
5.2. Чыгымдардын ордун толуктап берүү күнөөлүү тарапты ушул келишимде жана кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
6. Башка шарттар
6.1. Күрөө кармоочуга ушул келишим боюнча укуктарды ыйгарып берүү күрөө кармоочунун макулдугусуз эле, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылат.
6.2. Күрөө коюучу ушул келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин күрөө кармоочунун макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок.
6.3. Ушул келишимден улам келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.
6.4. Ушул келишим шарттары тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.5. Келишимди тариздетүүгө жана каттоодон өткөртүүгө кеткен сарптоолор күрөө коюучунун эсебинен ишке ашырылат.
6.6. Келишим Кыргыз Республикасынын күрөөнү каттоо конторасында катталууга тийиш.
6.7. Келишимдин 6.6-пунктуна ылайык бул келишим тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет.
6.8. Келишим күрөө коюучу кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
6.9. Бул келишим Күрөө коюучу үчүн 1 (бир) нускада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн 1 (бир) нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) анык нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
7. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
КҮРӨӨ КАРМООЧУ | КҮРӨӨ КОЮУЧУ: |
Улуттук банк: | Уюм: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | Бишкек шаары, ____________ көчөсү. |
Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. | Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
|
| "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө" башкы келишимге карата 3-тиркеме |
20__-жылдын "__" _________ № ____ Кредиттик келишимге карата № _____ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-09/40-8-(НПА) токтомунун редакцияcына ылайык)
Бишкек шаары |
| 20__-жылдын "__" ___________ |
Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ___-жылдын "__" __________ № ___ буйругунун негизинде иш алып барган ______________ бир тараптан, жана мындан ары "________" же "Күрөө коюучу" деп аталуучу ______________ атынан _______________ негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын күрөөгө коюу жөнүндө төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары - "Келишим") түзүштү:
1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ
1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ______________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү, 20__-жылдын "__" __________ № ___ Башкы келишимдин алкагында (мындан ары - Башкы келишим) түзүлгөн, 20__-жылдын "__" __________ № ______ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде (мындан ары - Кредиттик келишим) белгиленген мөөнөттө келип жетет.
1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөгү _____________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндө ____________ жалпы номиналдык нарктагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары - баалуу кагаздар) күрөө катары өткөрүп берет:
№ | Каттоо номери | Баалуу кагаздар чыгарылган күн | Баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү | Баалуу кагаздардын саны (даана) | 1 баалуу кагаздын номиналдык баасы (сом) | Баалуу кагаздардын номиналдык наркы (сом) |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында |
|
|
|
|
|
1.3. Бул Келишим, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Күрөө коюучунун Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.
1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу; Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбай коюунун же кечиктирип аткаруунун же болбосо башка кемчиликтердин кесепетинен күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдар жана башка чыгашалар үчүн (соттук чыгашаларды кошо алганда) ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет.
1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин толугу менен же анын бөлүгүн аткарбаган учурда, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга карата менчик укук ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте Күрөө кармоочуга өтөт.
1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка күрөөгө коюлбагандыгына, талашка түшпөгөнүнө жана ага тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттенмелерин камсыздоо предмети катары башка күрөөгө коюлбагандыгына кепилдик берет.
2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1.1. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө акысыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого.
2.1.2. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон ишиндеги башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге/башталганга чейин алдын ала маалымдоого.
2.1.3. Күрөө коюучу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, баалуу кагаздардан токтоосуз (талашсыз), соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет.
2.1.4. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүлүшү жана күчүнө киргизилиши үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга.
2.1.5. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка ушундай эле баадагы баалуу кагаздарга "(мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик казына облигациялары)" алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен). Мында, баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/эмиссиялардагы баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 10 (он) жумуш күн мурда алмаштырылууга тийиш.
2.2. Күрөө коюучу күрөөдөгү баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугуна ээ.
2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт.
2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө:
1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта;
2) Күрөө коюучу кийинки күрөөгө коюу эрежелерин, баалуу кагаздарга карата үчүнчү жактардын укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттенмесин бузган учурда;
3) Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса.
2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.
2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө.
2.4.4. Баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырууга.
2.5. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптык төлөм, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан мүмкүн болуучу чыгымдарды жана башка чыгашаларды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө.
3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ
3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды, Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде жайгаштырууга макулдашышты.
Ушул Келишимге кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийине ушул Келишим шарттарына ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине жободо белгиленген шарттарга ылайык которуу жөнүндө тапшырма жөнөтүүгө милдеттенет.
3.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка баалуу кагаздарга же ушул Башкы келишимде көрсөтүлгөн, Күрөө коюучуга тиешелүү болгон ушундай эле баадагы башка күрөөгө алмаштырылышы мүмкүн. Мында, Күрөө кармоочу менен Күрөө коюучу ортосунда Тараптардын макулдугу боюнча жаңы Күрөө келишимдери тариздетилип, алар каттоо жыйымын төлөө менен тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоодон өткөрүүгө чыгашаларды Күрөө коюучу төлөйт.
3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбаган шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган, Күрөө коюучунун Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине ошол баалуу кагаздардын номиналдык наркы боюнча суммасын чегерүүгө ыйгарым укук беришти.
3.4. Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, Күрөө кармоочу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга укуктуу.
3.5. Тараптар ушул Келишимди Улуттук банктын Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийинде каттоодон өткөрүү үчүн төлөмдүн Күрөө коюучу тарабынан төлөнүшүнө макулдашышты.
4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ
4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, Тараптар бири-бирине келтирилген чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык төлөп берүүгө тийиш.
4.2. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөлүү тараптарды ушул Келишимде, Кредиттик келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
4.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн) алмаштырылууга тийиш болгон баалуу кагаздардын номиналдык наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт.
5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ
5.1. Тараптар ушул Келишимдин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү дароо ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырыла тургандыгын макулдашышты.
6. БАШКА ШАРТТАР
6.1. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды кайтаруу жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөртүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоо Күрөө коюучу тарабынан ишке ашырылат.
6.4. Келишим Улуттук банктагы Баалуу кагаздар боюнча башкы депозитарийде катталууга тийиш.
6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
6.6. Бул келишим Күрөө коюучу үчүн 1 (бир) нускада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн 1 (бир) нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү түрдө бир нусканы сунуштоону талап кылган учурда кошумча нускалар түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
7. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ
КҮРӨӨ КАРМООЧУ: |
| КҮРӨӨ КОЮУЧУ: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
| Уюм: Эл аралык уюм |
Бишкек ш., Чүй проспекти 168 Кызмат орду ____________________________ (кол тамгасы) ________________________ М.О. |
| Бишкек шаары, _____________________ көчөсү. Кызмат орду _____________________________ (кол тамгасы) _________________________ М.О. |
Улуттук банкта 20__-жылдын "__" ______________
каттоодон өткөн № _________
__________________________/ | ___________________________________________ |
|
(кол тамгасы) | (кызмат орду, аты-жөнү)". |
|
|
| "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттерди берүүсү жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме |
(_______________________ уюмдун аталышы) күрөөлүк камсыздоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары | № ____________ | 20__-жылдын "__"_____________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамдын негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан жана мындан ары "Уюм" деп аталуучу ___________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган _______________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:
1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ
1.1. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга 20____-жылдын "___"________ №___ башкы келишимге ылайык берилген кредиттерди күрөөлүк камсыздоо максатында, уюмдардын Улуттук банкта чет өлкө валютасында (АКШ доллары/евро) пайызсыз депозиттик эсептерин ачуу жана тейлөө ушул келишим предметинен болуп саналат.
1.2. Күрөөлүк камсыздоо операциялары боюнча эсептешүүлөр уюмдун Улуттук банкта чет өлкө валютасында ачылган тиешелүү пайызсыз депозиттик эсептери боюнча жүзөгө ашырылат, ошондой эле күрөөлүк каражаттарды жайгаштырууда Улуттук банктын банк-корреспонденттердеги чет өлкө валютасындагы ностро-эсептерине жана күрөөлүк каражаттарды бошотуп алууда уюмдун Улуттук банкта же коммерциялык банктарда ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерине да тиешелүү болуп саналат.
2. ЖАЛПЫ ШАРТТАР
2.1. Уюм тарабынан ушул келишимде жана башкы келишимде каралган шарттар сакталган учурда күрөөлүк камсыздоо операциялары кайтарып берүү шартында ишке ашырылат.
2.2. Уюмдун ушул келишимге ылайык эсептерин тейлөө үчүн Улуттук банк АКШ доллары/евродо күрөөлүк камсыздоо үчүн анын пайызсыз депозит эсебин ачат.
2.3. Күрөөлүк камсыздоо операциялары боюнча эсептешүүлөр төлөм негиздемесин жана багытын милдеттүү түрдө туура жана так көрсөтүү менен уюмдун SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык, SWIFT каналы боюнча (МТ 202 форматы) берилген төлөм тапшырмасынын негизинде башкы келишимдин 4.6-пункту боюнча ишке ашырылат. Эгерде уюмда SWIFT системасы жөнгө салынбаса, эсептешүүлөр ушул келишимдин 4.1.2-пунктуна ылайык банктык көчүрмөлөрдү жана төлөм тапшырмаларын алуу үчүн жоопкерчиликтүү адамы аркылуу жиберилген ушул келишимге карата тиркемеге ылайык төлөм тапшырмасы боюнча ишке ашырылат. Уюмдун төлөм тапшырмасы SWIFT системасы аркылуу Улуттук банкка жөнөтүлгөндөн кийин же ушул келишимге карата тиркемеге ылайык реквизиттерди өзгөртүүгө жол берилбейт.
2.4. Күрөөлүк каражаттарды бошотуу учурунда Улуттук банкка саат 12:00гө чейин келип түшкөн төлөм тапшырмалары ошол валюталоо күнү аткарылат, ал эми Улуттук банкка саат 12:00дөн кийин келип түшкөн төлөм тапшырмалары кийинки жумуш күнү аткарылат. Мында, эгерде валюталоо күнү Кыргыз Республикасында жана/же банк-корреспонденттин өлкөсүндө жумуш эмес күнү болуп саналса күрөөлүк каражаттар кийинки жумуш күнү бошотулуп берилет.
2.5. Валюталык эсептердин реквизиттери өзгөргөн шартта Улуттук банк жана уюм ал тууралуу бири-бирине ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгасын койдуруу менен кат жүзүндө тиешелүү операциялар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөргө чейинки кеминде 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого милдеттенишет.
2.6. Башкы келишимге ылайык уюмга берилген кредиттик каражаттардын күрөөлүк камсыздоосунан болгон чет өлкө валютасындагы акча каражаттары уюм тарабынан ушул келишимге ылайык анын Улуттук банкта ачылган пайызсыз депозит эсебине Улуттук банк жана уюм күрөө келишимине кол койгонго чейинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде которулууга тийиш.
2.7. Уюмдун Улуттук банктагы ушул келишимге ылайык ачылган пайызсыз депозиттик эсептеринде жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасы Улуттук банктын макулдугу боюнча гана көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн.
3. ЭСЕПТЕРДИ АЧУУ, АЛАРДЫН АТАЛЫШЫ ЖАНА БАГЫТЫ
3.1. Ушул келишимге ылайык Улуттук банк уюмду тейлөө максатында ал үчүн чет өлкө валютасындагы пайызсыз депозиттик эсептерди ачат.
3.2. Эсептердин аталышы:
- (уюмдун аталышы) АКШ долларында ачылган күрөөлүк камсыздоо үчүн депозиттик эсеп;
АКШ долларында ачылган эсептин № _______________________;
- (уюмдун аталышы) евродо ачылган күрөөлүк камсыздоо үчүн депозиттик эсеп;
Евродо ачылган эсептин № _______________________.
Эсептердин багыты: уюмга башкы келишимге ылайык берилген кредиттик каражаттардын күрөөлүк камсыздоосунан болгон чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын эсебин жүргүзүү.
3.3. Улуттук банк уюмдун ушул келишимдин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн эсептердеги каражат калдыгына пайыз чегербейт.
4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
4.1. УЮМ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
4.1.1. Ушул келишимде белгиленген күрөөлүк камсыздоо операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого жана Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин таанууга;
4.1.2. Уюмдун башкы келишимдин 2.3-пунктунда жана ушул келишимдин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн эсептерде турган акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу болгон адамдардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн эки карточканы Улуттук банкка берүүгө. Уюмдун банктык көчүрмөлөрүн, төлөм тапшырмаларын жана башка документтерин алууга жоопкерчиликтүү болгон адамга уюмдун атынан берилген ишеним катты Улуттук банкка сунуштоого.
4.1.3. Улуттук банк менен күрөө келишимине кол койгонго чейинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде күрөөлүк камсыздоодон болгон акча каражаттарынын суммасынын Улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүк камсыздоо үчүн Улуттук банкта чет өлкө валютасында ачылган пайызсыз депозит эсебине чегерилишин камсыз кылууга.
4.1.4. Күрөөлүк камсыздоо бошотулган күнү SWIFT системасы боюнча же ушул келишимдин 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн регламентке ылайык келишимге карата тиркеменин негизинде төлөм тапшырмасын Улуттук банкка сунуштоого.
4.1.5. Төлөм тапшырмасында көрсөтүлгөн реквизиттердин туура көрсөтүлгөндүгү жана маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга. Реквизиттердин туура эмес же так көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу бардык чыгашаларды жана тобокелдиктерди өзүнө алууга.
4.1.6. Эсептерге акча каражаттарынын чегерилишине жана андан алынышына, алардын ушул келишимдин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсеп багытына ылайык максаттуу пайдаланылышына контролдук кылууга.
4.1.7. Улуттук банктын кат жүзүндөгү талабы боюнча эсептердеги калдык суммаларды тастыктоого жана ар бир айдын акырында, ар айлык негизде эсептер боюнча өз ара такташууну кат жүзүндө же электрондук формада ишке ашырууга.
4.1.8. Юридикалык дарегинин жана/же телефон номерлеринин өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты 2 (эки) календардык күн ичинде кат жүзүндө сунуштоого.
4.1.9. Улуттук банктын банк-корреспонденттеринин которуулары үчүн чыгашаларды, ошондой эле ушул келишимдин талабын аткарууга байланыштуу үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнө, комиссиялык төлөмдөрүнө жана башка талаптарына төлөөлөр боюнча Улуттук банк тарткан айкын чыгашалардын ордун толуктап берүүнү кошо алганда, уюмдун төлөмдөрүнүн жокко чыгарылышына жана алар боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүгө кеткен бардык чыгашаларды уюмдун эсептеринен бир тараптуу негизде ошол күнгө карата расмий курс боюнча талашсыз эсептеп алып коюу укугун Улуттук банкка сунуштоо аркылуу төлөөгө. Улуттук банк бул тууралуу кат жүзүндөгү билдирмени кийинчерээк уюмга жөнөтүүгө тийиш.
4.1.10. Төлөм тапшырмалары туура эмес тариздетилгендигинен же эсеп реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөндүгүнөн улам, Улуттук банк уюмдун төлөм тапшырмасын аткаруудан баш тарткан учурда ага талап койбоого. Туура эмес толтурулган төлөм тапшырмалары берилгенден кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен бул тууралуу банкка телефон аркылуу маалымдалууга тийиш.
4.1.11. Улуттук банк алдындагы карыздарды, анын ичинде кредиттик келишимдерде (макулдашууларда) жана башкы келишимде каралган негизги сумманы, чегерилген пайыздарды, туумдарды, айыптык санкцияларды кошо алганда, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздарды өндүрүп алуу максатында, ушул келишимдин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн эсептерден акча каражаттарын бир тараптуу негизде талашсыз эсептеп алып коюуга Уюм Улуттук банкка укук чегерет.
4.2. УЛУТТУК БАНК ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
4.2.1. Ушул келишимдин негизинде уюмга күрөөлүк камсыздоо үчүн АКШ долларында/евродо пайызсыз депозит эсебин ачууга;
4.2.2. Ушул келишимде белгиленген күрөөлүк камсыздоо операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого.
4.2.3. Уюм тарабынан SWIFT (МТ202форматы) каналы боюнча сунушталган төлөм нускамаларынын же төлөм тапшырмасынын негизинде күрөөлүк каражаттарды бошотуп берүүдө чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын ушул келишимге карата тиркемеге ылайык уюмдун Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы эсебине күрөөлүк камсыздоо бошотулган күнү чегерүүгө.
4.2.4. Уюмдун кат жүзүндөгү талабына ылайык эсептер боюнча көчүрмөнү ушул келишимдин 4.1.2-пунктуна ылайык банктык көчүрмөлөрдү, төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алуу үчүн жоопкерчиликтүү адамга сунуштоого.
4.2.5. Уюмдун кат жүзүндөгү талабы боюнча эсептердеги калдык суммаларды тастыктоого жана ар бир айдын акырында, ар айлык негизде эсептер боюнча өз ара такташууну кат жүзүндө же электрондук формада ишке ашырууга.
5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
5.1. Тараптар ушул келишимге ылайык күрөөлүк камсыздоо операциялары боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн толук жоопкерчиликтүү.
5.2. Тараптар ушул келишимге ылайык күрөөлүк камсыздоого байланыштуу операцияларды ишке ашырган жоопкерчиликтүү адамдар жана кызматкерлер тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы, өз учурунда аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталгандыгы үчүн толук жоопкерчиликтүү.
5.3. Улуттук банк, уюмдун же уюмду тейлөөгө алган коммерциялык банктын күнөөсү боюнча төлөм тапшырмаларынын туура эмес таризделинишинен жана/же эсептик реквизиттердин туура эмес көрсөтүлүшүнөн улам, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын түшпөй калышы же кечигип түшкөндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5.4. Улуттук банк уюм ушул келишим шарттарын бузууга жол беришинен улам ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
6. ФОРС-МАЖОР
6.1. Тараптар, эгерде буга жаратылыш жана техногендик кырсыктар, бөөдө кырсыктар, согуштук жаңжалдар, иш таштоолор, элдик толкундоолор, ыңкылап, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги органдары тарабынан ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы жана ушул келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышын шарттаган себептерге алып келген ар кандай кесепеттүү күтүүсүз жагдайлар келишим боюнча милдеттенмелердин толук же алардын бөлүгүнүн аткарылбай калышына алып келсе, анда алар бул жоопкерчиликтен бошотулат. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар ушул келишим түзүлгөндөн кийин күтүүсүз келип чыккан жана тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдай экендиги мамлекеттик органдардын расмий документтери менен тастыкталууга тийиш.
6.2. Күтүүсүз жагдайлар келип чыккан шартта тараптар ал тууралуу жазуу жүзүндө бири-бирине эки күндүк мөөнөт ичинде маалымдоого тийиш. Билдирмеде мындай жагдайдын мүнөзүнө, алардын ушул келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жана аткаруу мөөнөттөрүнө таасир этиши мүмкүндүгүнө баа берүүлөр камтылууга тийиш.
6.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү жагдай орун алган учурга шайкеш кийинкиге жылдырылышы мүмкүн.
6.4. Эгерде форс-мажордук жагдай он календардык күндөн ашуун убакыт же андан арыда уланса тараптар келишим шарттарын аткаруу жана тиешелүү макулдашууга жетишүү үчүн алгылыктуу ыкманы аныктоо максатында, кыска мөөнөттө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.
6.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптарды, ошол мезгил аралыгында чет өлкө валютасындагы депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ
7.1. Ушул келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
7.2. Талаш маселелерди чечүүгө мүмкүн болбосо, алар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы зарыл.
8. БАШКА ШАРТТАР
8.1. Келишимге тараптардын макулдугу боюнча гана өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8.2. Ушул келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча келишим түрүндө таризделинет жана кат жүзүндө толтурулуп, ага тараптар кол койгон учурда анык болуп саналат.
8.3. Тараптардын өзгөртүп түзүлүшү же жоюлушу учурунда алардын бардык укуктары жана милдеттенмелери укугу өткөндөргө өтөт.
8.4. Ушул келишимге карата тиркеме анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8.5. Келишим тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
8.6. Тараптар, бул келишимди бир календардык айдан кечиктирбестен экинчи тарапка ал тууралуу алдын ала маалымдаган шартта жанауюм Улуттук банк алдында бардык милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин гана бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. Улуттук банк төмөнкү учурларда уюмга алдын ала маалымдоосуз эле бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:
- уюм ушул келишимдин жана/же башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берсе;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, уюм юридикалык жак катары өз ишин токтоткон болсо.
8.7. Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден бирдей юридикалык күчкө ээ2 (эки) нускада расмий тилде түзүлгөн.
9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕР
Улуттук банк: | Организация: |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | Бишкек шаары, ____________ көчөсү. |
Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. | Кызмат орду ___________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
|
| (_______________________ уюмдун аталышы) күрөөлүк камсыздоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө келишимине карата тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
20__ -жылдын "___" _______________________ № ______ ТӨЛӨМ ТАПШЫРМАСЫ
|
| □ которуу |
50: Төлөөчү/Ordering customer | Эсеп №/account # |
| ||||||||||||||||||||
Аталышы/name | ||||||||||||||||||||||
32: Валютасы жана суммасы (сан менен жана жазуу түрүндө)/Currency and Amount |
| |||||||||||||||||||||
57: Алуучунун банкы/Beneficiary bank | Аталышы/Name Дареги/Address | |||||||||||||||||||||
59: Алуучу (эсеп, өлкө, шаар) Beneficiary (a/c, city, country) | Эсеп №/account # |
| ||||||||||||||||||||
Аталышы/Name Дареги/Address | ||||||||||||||||||||||
70: Төлөм багыты (алуучу үчүн маалымат)/Purpose of payment, remarks |
| |||||||||||||||||||||
71: Которууга тиешелүү чыгашалар/Charges | Банк-ортомчунун жана банк алуучунун комиссиялык төлөмү/Commissions IBK and BBK | |||||||||||||||||||||
□ РКФР (OUR) | ||||||||||||||||||||||
Комиссиялык төлөм септен алынсын/to pay commissions from account # | ||||||||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||||||
Кардар тарабынан толтурулат/Filled in by customer
Реквизиттердин туура чагылдырылышы үчүн жоопкерчилик төлөөчүгө жүктөлөт
"Уюм"/Customer: |
|
| |
|
| ||
__________________ | __________________ | ||
Биринчи кол тамга | Экинчи кол тамга |
Банктагы белгилөөлөр/For bank use only | |
32: Валюталоо күнү/Value date | 201___-жылдын "___" ______________ |
Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы | Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы: |
Өкмөттүк эсептерди тейлөө тобунун аткаруучусу ________________________ | Back-office аткаруучусу ________________________ |
Өкмөттүк эсептерди тейлөө тобунун контролеру __________________________ | Back-office контролеру __________________________ |