Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 53/10
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 "Коммерциялык банктарда Аудит боюнча комитетти түзүүгө карата негизги талаптар тууралуу";
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
| Төрага | Т. Абдыгулов
| |
| |||
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/10 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр
1. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 "Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптардын:
- 1.1-пунктундагы "жүзөгө ашырышкан банктар," деген сөздөр ", адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы" деген сүйлөм менен толукталсын.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)