Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 5-марты № 134
"Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын натыйжалуу укук колдонуу практикасын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-майындагы № 3736-VI "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3937-VI "Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4033-VI "Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому;
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 59-беренесиндеги "сот тарабынан" жана "токтоосуз" деген сөздөр алып салынсын;
2) 60-беренесиндеги "сот тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
3) 62-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "сот тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
4) 65-беренесинин 5-бөлүгүндөгү ", жаза аткарууну алып баруучу органдын" деген сөздөр "пробация органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 76-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "минимумунан ашык" деген сөз "минимумунан аз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда сунушталсын:
"2. Пробация органынын уруксатысыз администрациялык-аймактык бирдиктин өлкөсүнүн чегинен чыкпоого;";
7) 94-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен кылмыш жазасынан бошотулган адамдардын соттуулугу пробациялык мөөнөт ийгиликтүү аяктаган күнү жоюлат.".
8) 125-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып айып бир айдын ичинде төлөнбөгөн учурда айыптын суммасы эки эсеге көбөйтүлөт.";
9) 187-беренесинде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "Мыйзамсыз" деген сөздөр "Билип туруп мыйзамсыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шектелүүчүнүн туугандарына анын кармалган фактысы жөнүндө жана кайсы жерде экендигин кабарлабоо, адамдын камакта кармалган жери жөнүндө маалыматты алууга укугу бар жаранга маалыматты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошого тете иш жүзүндө кармоонун протоколун түзүүнүн убактысын же иш жүзүндө кармоонун убактысын бурмалоо, -";
10) 223-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) эскертүүнүн биринчи абзацындагы "беш", "он" деген сөздөр тиешелүү түрдө "элүү", "жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 230-беренесинин эскертүүсүндө:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюу деп кылмыш жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу, ал эми өзгөчө ири өлчөмдө - эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу таанылат.";
б) экинчи абзацында:
"салык же" деген сөздөр алып салынсын;
"ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде каралган кылмыштарды" деген сөздөр "ушул беренеде каралган кылмышты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 231-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 231-232-беренелеринде ири өлчөмдө төлөбөй коюу деп кылмыш жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу, ал эми өзгөчө ири өлчөмдө - эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу таанылат.
Салыктар боюнча карыздын толук суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө тындырылган учурда ушул Кодекстин 231-232-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу адамды жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин кандай гана стадиясында болбосун кыскартылууга тийиш.";
13) 278-беренесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"278-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды жүгүртүүнүн эрежелерин бузуу";
14) 297-беренесинин аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"297-берене. Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
1. Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуунун натыйжасында, транспорт каражатын башкарган адам тарабынан этиятсыздыктан оор зыян келтиргенде, -";
15) 345-беренесинин эскертүүсүндөгү "соттун өкүмү же соттун чечими" деген сөздөр "өкүм токтом кылынганга чейин же соттун өкүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 366-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "тартиптик бөлүктө" деген сөздөр "тартиптик аскер бөлүктө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 367-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
расмий тилдеги текстиндеги "более десяти" деген сөздөр "свыше десяти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "тартиптик бөлүктө" деген сөз "тартиптик аскер бөлүктө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Контракт боюнча аскердик кызматын өтөп жаткан аскер кызматчы тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -
I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
18) 369-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы жаңы редакцияда баяндалсын:
"тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
20) 374-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы жаңы редакцияда баяндалсын:
"тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 78-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) "Мөөнөттүү кызматтагы аскер" деген сөздөр "Аскер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пунктундагы "үч" деген сөз "он" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 2-пунктундагы "беш" деген сөз "жыйырма" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 19-глава төмөнкүдөй мазмундагы 102-1 - 102-5-беренелер менен толукталсын:
"102-1-берене. Товарларды же транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташуу
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же транспорт каражаттарын ири өлчөмдө бажы контролунан тышкары же андан жашыруу, же болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен байланышкан ташуу, -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
Эскертүү. Товарларды же транспорт каражаттарын бажылык тариздөө менен тийиштүү болгон бажы төлөмдөрү жана туумдар ыктыярдуу төлөнгөн учурда адам жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн кандай болбосун стадиясында ушул беренеде каралган жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
102-2-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу
Олуттуу өлчөмдө зыян келтирүү менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
Эскертүү. Бажы төлөмдөрү, анын ичинде туумдар боюнча карыздын бардык суммасы ыктыярдуу төлөнгөн учурда адам жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн кандай болбосун стадиясында ушул беренеде каралган жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
102-3-берене. Чет өлкөдөн материалдык баалуулуктарды кайтарып бербөө
Милдеттүү түрдө алып келүү милдеттенмеси менен ташып чыгарылган Кыргыз Республикасына таандык олуттуу өлчөмдөгү зыян келтирүү менен материалдык баалуулуктарды чет өлкөдөн кайтарып бербөө, -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
102-4-берене. Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөнүн элдеринин көркөм, тарыхый жана археологиялык кенч предметтерин Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарып бербөө
Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген мөөнөттө анын чегинен сыртка ташып чыгарылган Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөнүн элдеринин көркөм, тарыхый жана археологиялык кенч предметтерин кайтарып бербөө, эгерде мындай кайтарып берүү милдеттүү болсо, -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
102-5-берене. Улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютадагы каражаттарды чет өлкөдөн кайтарып бербөө
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу банкынын эсебине милдеттүү түрдө которулууга тийиш болгон олуттуу өлчөмдөгү улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютадагы каражаттарды зыян келтирүү менен уюмдун жетекчиси же жеке ишкерлер тарабынан чет өлкөдөн кайтарып бербөө, -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
3) 154-беренесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"154-берене. Мас абалдагы адамды транспорт каражатын башкарууга жол берүү";
4) 163-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"163-берене. Билип туруп жалган билдирүү жасоо
Жорук жасалгандыгы тууралуу билип туруп жалган билдирүү жасоо -
II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
5) 180-беренесинде:
"Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер" деген сөздөр "Аскер" деген сөз менен алмаштырылсын;
"10 суткага чейинки" деген сөздөр "үчтөн ашык, бирок он суткадан ашпаган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 1-тиркемеде:
а) 1-пунктунда:
"кылмыш" деген сөз "жорук" деген сөз менен алмаштырылсын;
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 102-1-беренесинде (ташылган товарлардын наркы) - беш миң эсе, бирок элүү миң эседен ашпаган, 102-2-беренесинде (бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн сумма) - бир миң эсе, бирок элүү миң эседен ашпаган, 102-3-беренесинде (материалдык баалуулуктардын наркы) - бир миң эсе, 102-5-беренесинде (кайтарылбаган каражаттардын наркы) - беш миң эсе, 110 жана 112-беренелеринде (мамлекетке берилбеген же сатылбаган буюмдардын наркы) - бир миң эсе;";
б) 7-пунктундагы "жубайы" деген сөз алып салынсын;
в) 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Гауптвахта - бул жазык мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган же жорук жасагандыгы үчүн сот тарабынан камакка алынган аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында каралган бөлүп кармоо шартында кармоо үчүн атайын жабдылган жай.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-беренесинде:
а) 22-пункту "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин "жана алардын бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 30-пунктундагы "областтардын, Бишкек шаарынын прокурорлору," деген сөздөр "анын орун басарлары, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы - жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органынын начальниги ыйгарым укук берген кызмат адамы;";
3) расмий тилдеги тексттин 22-беренесинин 1-бөлүгү "присяжный" деген сөздөн кийин "заседатель" деген сөз менен толукталсын;
4) 25-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "ушул Кодексте каралган тартипте айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоого" деген сөздөр "ушул Кодексте каралган тартипте шектүүнү, айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 26-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "курулай коргонуу;" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Эгерде айыпталуучу" деген сөздөр "Эгерде шектүү же айыпталуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 30-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) ушул Кодексте каралган башка чечимдерди кабыл алууга.".
7) 31-беренесинин:
а) 1-бөлүгүндө:
4-пунктундагы ", айыпталуучуну" деген сөз алып салынсын;
6-пунктундагы "айыпталуучуну" деген сөз "шектүүнү" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "айыпталуучу" деген сөз "шектүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
8) 33-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) 3-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"тергөө караштуулугуна ылайык жазык иштерин тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, жоруктар жөнүндө иштерди алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тобуна, өзгөчө учурларда - тергөө караштуулугуна карабастан, тергөө үчүн тапшырууга, өткөрүп берүүгө.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:
"17-1) шектүүнүн жана айыпталуучунун жосунунун квалификациясын өзгөртүүгө;"
в) 19-пунктундагы "кызматташуу жөнүндө макулдашууну" деген сөздөр "кызматташуу жөнүндө макулдашууну, күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 35-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон издөө, тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;";
б) 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) адамга карата кылмыш жана (же) жорук жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого жана аны кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшертүү үчүн сотко жеткирүүгө;";
в) 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кабыл алуу, токтото туруу, кайра жаңылоо, токтотуу жөнүндө токтом чыгарууга;";
г) 22-пунктундагы ", айыпталуучуну" деген сөз алып салынсын;
10) 37-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн, тергөөчүнүн тапшырмаларын, анын ичинде айрым тергөө амалдарын жүргүзүү жана жабырлануучуларды, күбөлөрдү, жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларын аткарат;";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 10, 11 жана 12-пункттарында аталган алгачкы текшерүү органдары жыйналган материалдарды тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына ушул Кодексте аныкталган тергөө караштуулугу боюнча өткөрүп берүү менен окуянын изин сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды гана көрүшөт.";
11) 39-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жорук жасагандыгына негиздүү шектенүү бар адамды кармоого жана аны кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшертүү үчүн сотко жеткирүүгө;";
б) 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү кабыл алуу, токтото туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;";
в) 12-пунктундагы "айыпталуучуну" деген сөз алып салынсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:
"15) ревизия, инвентаризация, экспертиза жүргүзүүнү дайындоого;
16) жоруктар жөнүндө иштер боюнча жана ушул Кодекстин 212-беренесинде каралган атайын тергөө амалдары боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууга байланыштуу жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды берүүгө;
17) иш боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан юридикалык жардам менен кепилденүүгө укуктуу адамдарга карата жактоочуну дайындоону талап кылууга.";
12) 40-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууну тапшырат" деген сөздөр "алгачкы текшерүү органынын кызмат адамына жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Алгачкы текшерүү органынын начальниги жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууну тапшырат.";
в) 2-бөлүгүндөгү "бөлүмдүн" деген сөз "органынын" деген сөз менен алмаштырылсын;
13) 41-беренесинин 10-бөлүгүндөгү "мыйзамда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 45-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
3-пунктундагы "протоколдун" деген сөз "токтомдун" деген сөз менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы "тергөөчүнүн" деген сөз "прокурордун" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгү "убактылуу бөлөк кармоочу жайга" деген сөздөрдөн кийин "же камакта кармоочу жайга" жана "убактылуу камакта кармоочу жайдын" деген сөздөрдөн кийин "же камакта кармоочу жайдын" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 50-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "айыпталуучуга" деген сөз алып салынсын;
16) 54-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "кармоо протоколу" деген сөздөр "кармоо жөнүндө токтому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "санкциялоо" деген сөз "колдонуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
17) 60-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "жазык" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) салыштырып изилдөө үчүн зарыл объектилерди жана үлгүлөрдү алууга;
8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билимине тиешелүү болбосо, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.";
18) 82-беренесинин 4-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттарындагы ", айыпкердин" деген сөз алып салынсын;
б) 4-пункту "жазык иши" деген сөздөрдөн кийин "же жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-пункту "жазык иши" деген сөздөрдөн кийин "же жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр менен толукталсын;
19) 99-беренесинде:
а) 5-бөлүгү "каралган тартипте" деген сөздөрдөн кийин "тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-бөлүгүндөгү "тергөөчүнүн" деген сөз "прокурордун" деген сөз менен алмаштырылсын;
20) 104-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө:
"кармоо протоколуна" деген сөздөр "кармоо жөнүндө токтомуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 113-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "тергөөчүгө" деген сөздөн кийин "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамына" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "айыпталып жаткан кылмыштын" деген сөз "шектелип жаткан кылмыштын жана (же) жоруктун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 114-беренесинде:
а) 4-бөлүгүндөгү "тергөө судьясынын токтому" деген сөздөр "тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 9-бөлүгүндөгү "айыпкердин" деген сөз "шектүүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
23) 115-беренесинде:
а) 2-бөлүгү "тергөө судьясынын" деген сөздөрдөн кийин ", судьянын" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "тергөө судьясынын" деген сөздөр "тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү "тергөө судьясынын," деген сөздөрдөн кийин "судьянын" деген сөз менен толукталсын;
24) 116-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "алардын негизинде судья" деген сөздөрдөн кийин ", сот" деген сөз менен толукталсын;
4-бөлүгүндө расмий тилдеги тексттеги "обвиняемого" деген сөз "подозреваемого" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүндөгү "соттун токтомуна" деген сөздөр "тергөө судьясынын, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Судья, сот тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом, аныктама чыгарылгандан кийин бир эле адамдын ошол эле жазык иши боюнча камакка алуу жөнүндө сунуштама менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы жагдайлар пайда болгондо гана болушу мүмкүн.";
25) 117-беренесинде:
а) 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда "айыпкерди" деген сөз "шектүүнү" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 5, 7, 8 жана 10-бөлүктөрдөгү "айыпкер" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөз алып салынсын;
26) 118-беренесинде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Мамлекетке, менчик ээсине жана (же) башка жактарга келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган учурда 200, 204, 205, 209, 210, 211-232-беренелери боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмес түрүнө өзгөртүлүшү мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө, 116-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган жагдайлар болгондо бөгөт коюу чарасы андан кыйла катуусуна өзгөртүлүшү мүмкүн.";
27) 122-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү "айыпкерге, анын коргоочусуна, аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат" деген сөздөр "анын коргоочусуна, аны тергөө судьясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү "тергөө судьясынын" деген сөздөн кийин ", соттун" деген сөз менен, ал эми "прокурорго" деген сөздөн кийин "же сотко" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-бөлүгүндөгү "ал тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун токтому," деген сөздөр "тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 123-беренесинде:
а) жалпы текст боюнча тийиштүү жөндөмөдөгү ", айыпкер", деген сөз алып салынсын;
б) 4-бөлүгү "кылмыштын" деген сөздөн кийин ", жоруктун" деген сөз менен толукталсын;
29) 134-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 2-пункту "1, 2" деген цифралардан кийин "жана 3" деген сөз жана цифра менен толукталсын;
30) 145-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "айыптоо" деген сөз "шектенүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
31) 146-беренесинде:
а) 2-бөлүгү "сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө" деген сөздөрдөн кийин "же ишти сотто кароо учурунда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-бөлүгү "Коюлган күнөө боюнча" деген сөздөр "Айыпталуучуга карата" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32) 149-беренесинде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Өзгөчө учурларда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого чейин окуя болгон жерди кароо жүргүзүлөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, прокурор, судья тарабынан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жол берген кылмышты, жорукту жасоонун белгилери бар экендиги жөнүндө түздөн-түз көрсөтүлбөгөн жана анда баяндалган жүйөөлөрдү ырастоочу конкреттүү маалымат чагылдырылбаган арыздар, билдирүүлөр катталбайт.";
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш же жорук же ага өткөрүп берилген жазык иши, же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтоосуз баштоого милдеттүү. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ишти өзүнүн өндүрүшүнө алгандыгы жөнүндө токтом чыгарат. Жогоруда аталган токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жөнөтөт.";
г) 4-бөлүгүндөгү "жалган билдирүү" деген сөз "кылмыш же жорук жасалгандыгы жөнүндө жалган билдирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33) 151-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар" деген сөздөр "Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар, прокурор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 153-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 130-137-беренелери), ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 138-142, 144, 145-беренелери), адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 146-151-беренелери), инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 152-160-беренелери), жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 161-163-беренелери), инсандын рухий-адеп-ахлактык бакыбаттуулугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 164-169-беренелери), адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 170-174-беренелери), жашы жетпегендердин кызыкчылыктарына жана калыптанган үй-бүлөлүк мамилелерге каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 175-181, 183, 184-беренелери), адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 185, 186, 189-198-беренелери), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 200-204, 206-208, 210-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 236-беренеси), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 247-249, 253-257-беренелери), өнөр жайдагы, курулуштагы жана кооптуулугу жогору булактар менен иштөө чөйрөсүндөгү коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 258-263-беренелери), коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 264-266-беренелери), баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 267-269, 271-276-беренелери), калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 277-280, 282-беренелери), экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 283-295-беренелери), транспорт кыймылынын жана эксплуатациясынын жана магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 296-303-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 334-беренеси), далилдерди алуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 344-346, 348-беренелери), соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 349-354-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 355, 356, 360-362-беренелери), чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Жазык кодексинин 363-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.";
б) 2-бөлүгүндөгү "314" деген цифра алып салынсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 199-беренеси), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 209-беренеси), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 211, 213, 214, 216, 220-223-беренелери), акча-кредиттик жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 224, 225-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 227-232-беренелери) коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-234, 236-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-бөлүгү менен толукталсын:
"7-1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 205-беренеси), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 212, 217-219 беренелери), акча-кредиттик жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 226-беренеси), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-235, 237, 238-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 359-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.";
д) 9-бөлүгүндөгү "313, 315" деген цифралар "313-315" деген цифралар менен алмаштырылсын;
35) 154-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "кылмыш жасалган" деген сөздөр "кылмыш, жорук жасалган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "айыпталуучу" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгү "Тергөөчү," деген сөздөн кийин "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдө ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
36) 155-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү ", айыпкердин" деген сөз алып салынсын;
б) 6-бөлүгүндөгү "өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет" деген сөздөр "сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүчү органга иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
37) 156-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ", айыпкер" деген сөз алып салынсын;
38) 157-беренесинде:
а) 2-бөлүгү "же кайра жаңыртуу" деген сөздөрдөн кийин ", ишти токтотуу жана адамды кылмыш жасады деп шектенүү тууралуу кабарлама чыгаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү "бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу" деген сөздөн кийин ", кызматтан убактылуу четтетүү жана мүлккө камак салуу" деген сөздөр менен толукталсын;
39) 158-беренесинде:
а) берененин аталышы "тергөө" деген сөздөн кийин "жана башка процесстик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зарылдыкка жараша техникалык каражаттар колдонулат жана кылмыш издерин жана буюм далилдерин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмалары пайдаланышы мүмкүн.";
в) 5-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
40) 159-беренесиндеги "айыпкерге," деген сөз алып салынсын;
41) 161-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ", айыпкерге" деген сөз алып салынсын;
42) 163-беренесинин 10-бөлүгүндөгү ", айыпкердин" деген сөз алып салынсын;
43) 164-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "айыпкер," жана "айыпталуучу," деген сөздөр алып салынсын;
44) 165-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "айыпталуучу," деген сөз алып салынсын;
45) 170-беренесинин 5-бөлүгү "көмүлгөн жердин администрациясы" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
46) 172-беренесинде:
а) 5 жана 10-бөлүктөрүндөгү "айыпталуучуну," деген сөз алып салынсын;
б) 11-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыйноолорду же ырайымсыз мамилени колдонгондугу жөнүндө арыз болгондо, соттук-медициналык экспертиза 12 сааттын ичинде, ал эми өзгөчө учурларда, соттук-медициналык экспертиза дайындоого тоскоолдук кылуучу маанилүү жагдайлар болгондо 12 саат өткөндөн кийин дайындалууга тийиш.";
47) 178-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "айыпталуучу," деген сөз алып салынсын;
48) 179-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "камкордук жана көзөмөлдүк кылуу органдары" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
49) 183-беренесинде:
а) аталышы "Экспертизанын" деген сөздөн кийин "жана изилдөөнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "Экспертизанын объектилери болуп буюм далилдери," деген сөздөр "Экспертизанын жана изилдөөнүн объектилери болуп буюм далилдери, предметтер, издер," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
50) 184-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "айыпталуучудан," деген сөз алып салынсын;
51) 188-беренесинин аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "айыпталуучуга," деген сөз алып салынсын;
52) 189-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Адам суракка уюлдук, электр жана почта байланышынын башка каражаттарын колдонуу менен чакырылышы мүмкүн. Уюлдук жана электр байланышынын башка каражаттары аркылуу чакырылган адамдын суракка келбей коюусу мажбурлап алып келүүгө негиз болбойт.";
53) 193-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "айыпталуучуларды" деген сөз "шектүүлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "айыпталуучуну" деген сөз алып салынсын;
54) 195-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "же айыпталуучуга" деген сөздөр алып салынсын;
55) 197-беренесинин 8-бөлүгүндөгү "Айыпталуучу же" деген сөздөр алып салынсын;
56) 199-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "тергөөчүнүн өтүнүчүн" деген сөздөр "өтүнүчтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "жактоочу жана жактоочулар тарабынан процесстин катышуучулары" деген сөздөр алып салынсын жана "жазык ишинин материалдарын" деген сөздөр "материалдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
57) 200-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "тергөө судьясы тарабынан" деген сөздөр "сот отурумунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1 Тергөө судьясы жактоочу тараптын өтүнүчү боюнча өткөрүлүүчү жабырлануучуну, күбөнү суракка алуунун алкагында сот отурумуна тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын чакыра алат.";
в) 4-бөлүгүндөгү ", айыпталуучунун" деген сөз алып салынсын;
58) 203-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "протокол түзүлөт" деген сөздөр "таануу үчүн көрсөтүү протоколуна белги коюлат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "шарттардын жана жагдайдын таанылуучу адамды кабылдаган учурда болгон шарттар жана жагдайлар менен окшоштугу" деген сөздөр алып салынсын;
59) 205-беренесинде:
а) 7-бөлүгүндөгү "айыпталуучулар," деген сөз алып салынсын;
б) 16-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"16. Атайын таанып билүүсүз электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюу мүмкүн болбогон учурда, тинтүүнүн жана алып коюунун жүрүшүндө электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдү алып коюу адис тарабынан жүргүзүлөт. Электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсинин жана ээ болуучунун өтүнүчү боюнча тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын макулдугу менен тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адис тарабынан алынып коюлуучу электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдөн маалыматтар көчүрүп алынат. Маалыматтар алынып коюлуучу электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же ээ болуучусуна берилген башка электрондук маалымат алып жүрүүчүлөргө көчүрүп алынат. Тинтүү жүргүзүүдө, эгерде бул кылмышты тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо же болбосо маалыматтарды жоготууга же өзгөртүүгө алып келсе, маалыматтарды көчүрүп алууга жол берилбейт.";
60) 206-беренесинин 1-бөлүгүндөгү ", айыпталуучуну" деген сөз алып салынсын;
61) 208-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "жана айыпталуучунун" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүгүндөгү ", айыпталуучунун" деген сөз алып салынсын;
в) 5-бөлүгүндөгү "айыпталуучунун же" деген сөздөр алып салынсын;
62) 209-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "айыпталуучуну," деген сөз алып салынсын;
63) 210-беренесинде:
а) 3-бөлүгүндөгү "жана айыпталуучу" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүгүндөгү ", айыпталуучу" деген сөз алып салынсын;
64) 212-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 213-беренесинин 9, 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн атайын тергөө аракеттеринен тышкары, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгон учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул тууралуу прокурорго билдирүү менен тергөө судьясынын алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Атайын тергөө аракеттери жазык иштери боюнча, ошондой эле зарыл болгон учурда жоруктар жөнүндө иштер боюнча жүргүзүлөт.";
в) 5-бөлүгүндөгү "Анча оор эмес кылмыштарды табуу, болтурбоо жана ачыктоо" деген сөздөр "Жоруктарды табуу, болтурбоо жана ачыктоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "3, 10, 11" цифралары "3, 4, 11" деген цифралар менен алмаштырылсын;
65) 213-беренесинде:
а) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) абоненттер жана абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланышуу жөнүндө же абоненттик түзүлүштүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;";
б) 8-пункту "экспертиза" деген сөздөн кийин "жана изилдөө" деген сөздөр менен толукталсын;
66) 214-беренесинин 2-бөлүгү "тергөөчүнүн" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана прокурордун" деген сөздөр менен толукталсын;
67) 215-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өзгөчө учурларда тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча мөөнөт ар жолу 2 айдан ашпаган мөөнөткө, жалпысынан бир жылдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Бир жылдан ашык мөөнөткө узартуу тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча - Башкы прокурордун же анын орун басарынын макулдугу менен каралат.";
б) 4-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
68) 216-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жазык ишинин тиешелүү материалдары андан ары тергөө судьясына берилет" деген сөздөр "жазык ишинин тийиштүү материалдары андан ары 24 сааттын ичинде тергөө судьясына берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
69) 217-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "Атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр "Жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү учурларын кошпогондо, атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
70) 219-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "адамдарды" деген сөз "шектүүлөргө" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында укуктары чектелген шектүүлөргө чектөөнүн орун алгандыгы тууралуу тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын атайын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.";
в) 2-бөлүгүндөгү "Адамдарды алардын" деген сөздөр "Шектүү адамды анын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
71) 221-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул адамдарды суракка алуу ушул Кодекстин 9-главасына ылайык алар тууралуу сырды сактоо менен жана коопсуздуктун зарыл болгон чараларын колдонуу менен жүргүзүлөт.";
72) 223-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Шектүүнүн, айыпталуучунун башка адамдар менен" деген сөздөр "Адамдардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгү жаңы редакцияда баяндалсын:
"6. Тергөөчү фонограмманы карап чыгуунун жана угуунун жыйынтыктары жөнүндө адистин катышуусу менен протокол түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча ошол жазык ишине тиешеси бар болгон фонограмманын бөлүгү сөзмө-сөз жазылууга тийиш.";
73) 224-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "Абоненттер ортосундагы байланышуу" деген сөздөр "Абоненттердин жана абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланышуу жана (же) абоненттин жайгашкан жери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү ", айыпталуучу" деген сөз алып салынсын;
в) 2-бөлүгүнүн 2-абзацы "башка маалыматтар" деген сөздөн кийин ", анын ичинде электрондук жана башка билдирүүлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Алынган маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алгачкы текшерүү органынын тийиштүү бөлүмдөрүнө абоненттин жайгашкан жерин аныктоону тапшырат.";
74) 225-беренесинде:
а) берененин аталышы "серверлерден" деген сөздөн кийин ", электр байланыш тармактарынан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөрү "серверлерден" деген сөздөн кийин ", электр байланыш тармактарынан" деген сөздөр менен толукталсын;
75) 227-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "адамга же жерге жашыруун видео байкоону жүзөгө ашыруу аракеттерин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат" деген сөздөр "адамга же жерге конспиративдик визуалдык же кандайдыр бир каражаттар аркылуу (техникалык каражаттардын жардамы менен) байкоону жүзөгө ашырууну алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
76) 235-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. "Шектүүнүн турган жерин аныктоо мүмкүн болбогон жана белгисиз болгон учурда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул Кодекстин 239-беренесинде каралган тартипте ага издөө жарыялайт, ал эми шектенүү жөнүндө кабарлама ал кармалган жана тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жеткирилген убакта тапшырылат.";
77) 237-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү ", айыпталуучу" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде иш боюнча эки же бир нече шектелүүчү тартылса, ал эми токтото туруу үчүн негизди шектелүүчүлөрдүн айрымдарына гана колдонууга мүмкүн болсо, анда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым шектелүүчүлөргө карата ишти өзүнчө өндүрүш катары бөлүүгө жана ишти токтото турууга же бардык шектелүүчүлөрдүн катышуусуз сотко чейинки өндүрүштү улантуу мүмкүн болбогондо толук иш боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу.";
г) 5-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
78) 238-беренесинде:
а) беренесинин аталышындагы "тергөөчүнүн" деген сөз алып салынсын;
б) 1-бөлүгү жана "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын, ошондой эле "айыпталуучунун" деген сөз алып салынсын;
в) 2-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
79) 239-беренесинин аталышындагы ", айыпталуучуну" жана 1-бөлүгүндөгү ", айыпталуучунун" деген сөз алып салынсын;
а) 1-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
80) 240-беренесинде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрү "тергөөчүнүн" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүндөгү ", айыпталуучуга" деген сөз алып салынсын:
81) 242-беренесинде:
а) беренесинин аталышындагы "Прокурорго жөнөтүлүүчү жазык иши боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
82) 244-беренесинде:
а) беренесинин аталышындагы "жазык" деген сөз "сотко чейинки өндүрүш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1, 3, 4-бөлүктөрүндө:
"тергөөчү" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдө ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгүндөгү "жазык ишинин" деген сөздөр "иштин" деген сөз менен алмаштырылсын;
83) 246-беренесинин бүткүл тексти боюнча:
а) "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "жазык ишинин" деген сөздөр "иштин" деген сөз менен алмаштырылсын;
84) 247-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Тергөөчү процесстин катышуучуларынын жазык ишинин материалдары менен таанышкандан" деген сөздөр "Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы процесстин катышуучулары сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары менен таанышкандан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Айыптоо актысына шектелүүчүнүн өздүгүн тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Ушул беренеде өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер төмөнкүлөр болуп таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бардык түрлөрү;
2) өздүк күбөлүк;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашай туруу укугу;
4) жарандыгы жок адамдардын күбөлүгү;
5) айдоочулук күбөлүк;
6) аскердик билет;
7) кайрылмандын күбөлүгү.
Кыргыз Республикасынын жараны болгон шектелүүчүдө өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи болбогон учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдардын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтештирилиши керек.";
в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айыптоо актысына кол койгондон кийин тергөө бөлүмчөсүнүн жетекчилеринин макулдугу боюнча жазык иши дароо прокурорго жөнөтүлөт. Жазык иши шектелүүчүнүн (шектелүүчүлөрдүн) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 сутка мурун прокурорго берилет. Ушул Кодекстин 20-беренесинде каралган учурларда тергөөчү, алгачкы текшерүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айыптоо актысынын текстин которууну камсыз кылат.";
85) 248-беренеси "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
86) 249-беренесинде:
а) беренесинин аталышындагы жана 1, 3-бөлүктөрүндөгү "жазык ишин" деген сөздөр "ишти" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү ", алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын;
87) 251-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "жазык ишин" деген сөздөр "ишти" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "жазык ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн" деген сөздөр "ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгү "жоопкерчилигине" деген сөздөн кийин "жана жорук үчүн жоопкерчиликке" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 3-бөлүгүндөгү "Жазык иши" деген сөздөр "Ишти" деген сөз менен алмаштырылсын;
88) 257-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пункту мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өтүнмөдөгү бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жана башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.";
89) 258-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү шектелүүчүнүн, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, жактоочунун катышуусу менен соттук отурумда прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнмөсү боюнча тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.";
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шектелүүчүнү кызмат ордунан убактылуу четтетүү зарылдыгы болбой калганда прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнмөсү боюнча мындай чара тергөө судьясынын токтому менен жокко чыгарылат.";
90) 261-беренесинин 1-бөлүгү "Тергөө судьясынын" деген сөздөрдөн кийин "жана прокурордун" деген сөздөр менен толукталсын;
91) 271-беренесинде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын соттук териштирүү мөөнөтүнө узартуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө.";
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Анча оор эмес кылмыштар боюнча жазык иштерин кароодо судья пробация органына пробациялык баяндаманы даярдоону тапшырат. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча иш кыскартылган учурда судья пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндөгү соттордун токтомдорун аткарбастан калтыруу жөнүндө пробация органына билдирет.";
92) 279-беренесинин 3-бөлүгү "(толук же жарым-жартылай)" деген сөздөрдөн кийин "тууралуу, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жана узартуу жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
93) 285-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ишке жаңыдан киришкен прокурорго соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл болгон убакыт берилет.";
94) 290-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан кыйла оор кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жагдайлар белгиленген учурда прокурордун өтүнүчү боюнча судья ушул Кодекстин 233-235-беренелеринин жоболоруна ылайык шектенүү жөнүндө жаңы билдирүүнү жана жаңы айыптоо же айыптоонун квалификациясын өзгөртүү жөнүндө жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн ишти өткөрүп берет. Прокурор тарабынан көрсөтүлгөн аракеттер аткарылгандан кийин соттук териштирүү улантылат.";
95) 291-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыпталуучу ооруп калган жана анын сот отурумуна келе албастыгы мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөн учурда сот айыпталуучуга карата ал сакайып кеткенге чейин өндүрүштү токтото турат жана калган айыпталуучуларга карата ишти териштирүүнү улантат.";
96) 316-беренесинин мамлекеттик тилдеги текстинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"316-берене. Айыпталуучуну суракка алуу";
97) 331-беренесинин мамлекеттик тилдеги текстинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"331-берене. Айыпталуучунун акыркы сөзү";
98) 394-беренесинин 3-бөлүгүндө:
а) "бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө; анын күчүндө болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;" деген сөздөр "бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө; бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу; бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "прокурорго кайтаруу" деген сөздөр "прокурорго кайтаруу, анын ичинде ушул Кодекстин 290-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тарипте кайтаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
99) 426-беренесинде:
а) 5-бөлүгү "түзүүчү" деген сөздөн кийин "пробациялык" деген сөз менен толукталсын;
б) 7-бөлүгү "белгиленген" деген сөздөн кийин "пробациялык" деген сөз менен толукталсын;
100) 427-беренесинде:
а) беренесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"427-берене. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу";
б) 1-бөлүгүндө:
"өзүнө жүктөлгөн" деген сөздөрдөн кийин "көзөмөлдүк талаптарды жана" деген сөздөр менен толукталсын;
"аны сот ага дайындалган жазадан бошотот" деген сөздөр "ал пробациялык көзөмөлдөн ийгиликтүү өткөн болуп эсептелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
101) 429-беренесинде:
а) 3-бөлүгүндөгү "жазаны аткаруу мекемесинин администрациясынын өкүлү, ошондой эле пробация органынын" деген сөздөр "түзөтүү мекемесинин администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндөгү "жазаны аткаруу мекемесинин" деген сөздөр "рецидивдин потенциалдуу тобокелдиктери, криминогендик керектөөлөр, кайра социалдаштыруу перспективалары чагылдырылган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен түзөтүү мекемесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
102) 442-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
103) 444-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
104) 446-беренесинде:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ушул Кодекстин 442-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти жаңыртуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруу жана ишти сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго өткөрүп берүү тууралуу.";
б) 2-пунктундагы "соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу жана ишти кыскартуу" деген сөздөр "соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти кыскартуу жана ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
105) 492-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызматташуу жөнүндө макулдашуу Жазык кодексинин 171, 202, 203, 213, 214, 215, 219, 239, 240, 241, 243, 244, 248, 249, 250, 267, 270, 307, 308, 314, 319, 326-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча түзүлүшү мүмкүн.";
106) 503-беренесинде:
а) 4-бөлүгүндөгү "102-берене" деген сөздөр "102-102-5-беренелери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндөгү "жазаларды аткаруу мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
107) 504-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бардык тергөө аракеттерин, ошондой эле ушул Кодекстин 213-беренесинде каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № (2), 17-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) гауптвахта - бул жазык мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган же жасаган жоруктары үчүн сот тарабынан камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында каралган бөлөк кармоо шартында кармоо үчүн атайын жабдылган жай;
2) 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "жана Акыйкатчы (Омбудсмен)" деген сөздөр ", Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын орун басарлары, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 72-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу же өзгөртүү кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутундунун, прокуратура органдарынын сунушунун же соттун тиешелүү чечиминин негизинде жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.";
4) 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ушул Кодекстин 124-беренесинин 7-бөлүгүнө, 126-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор";
5) 80-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Атайын комиссия түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тарткан учурда, арыз түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үч айдан эрте эмес кайра жиберилиши мүмкүн.";
6) 90-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түзөтүү абактарында, тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.
Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7) 119-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) медициналык күбөлөндүрүү жолу менен аныкталган алкоголду, баңгини, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун колдонуу;";
8) 124-беренесинин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кармоонун демейдеги жана жеңилдетилген шарттарына которуусуз жалпы режимдеги түзөтүү абактарында катуу шарттарда уюшкан криминалдык топтордун активдүү мүчөлөрү жаза өтөшөт.
Катуу шарттарда террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор кармалышат.";
9) 125-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 126-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамындагы" деген сөздөр алып салынсын;
11) 127-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 128-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "камераларда кармалышат" деген сөздөр "жеңилдетилген шарттарда жаза өтөп жаткан, жатаканаларда кармалышкан соттолгондордон тышкары, камераларда кармалышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 142-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жазасын өтөгөндөн кийин жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган аскер кызматчысы ал жактан тартиптик аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөн аскер бөлүгүнө андан ары жашаган жери боюнча аскер комиссариатына жиберүү үчүн жөнөтүлөт.";
14) 166-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
1-пунктундагы "соттолгонду пробация органдарында эсепке алууга койгон" деген сөздөр "соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункту "сот тарабынан жүктөлгөн" деген сөздөрдөн кийин "көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктундагы "административдик-аймактык бирдиктин чегинен" деген сөздөр "өлкөнүн жана (же) административдик-аймактык бирдиктин чегинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 3-марты, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "администрациялар" деген сөздөн кийин ", республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "администрациялардын" деген сөздөн кийин ", республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|