Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 токтомуна) |
Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобо
1. Бул Жобо адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуучуларды (керектөөчүлөрдү) адаштырууга алып келүүчү аракеттерге жол бербөө максатында сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун талаптары менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабай тамак-аш продукциясын кайра иштетүү, өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана жеткирүү менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Бул Жобо жарандар тарабынан үй шартында, жеке көмөкчү чарбаларда, же багбанчылык, чарбакчылык, мал чарбалыгында өздөрүнүн жекече керектөөлөрү үчүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга багытталбаган өндүрүлүп чыгарылган тамак-аш продукциясына жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо) жана утилдештирүү процесстерине, табигый шарттарда айыл чарба өсүмдүктөрүн жана азык берүүчү жаныбарларды өстүрүүгө жайылтылбайт.
4. Бул Жобону колдонуу максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
тамак-аш продукциясынын коопсуздугу - адамга жана келечектеги муундарга зыяндуу терс таасирине байланышкан коркунучтарга жол берилбей турганын ырастоочу тамак-аш продукциясынын абалы;
тамак-аш продукциясын өндүрүүчү - сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) сатуу үчүн тамак-аш продукциясын өзүнүн атынан өндүргөн (даярдаган) жана ал продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүнө жооптуу болгон уюштуруу-укуктук формасына карабай уюм же жеке ишкер, анын ичинде чет өлкөлүктөр;
алып салуу - белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын сатууга жана жүгүртүүгө жол бербөө чарасы;
кайтарып алуу - белгиленген талаптарга шайкеш келбеген сатылган тамак-аш продукциясын кайтарып алууну камсыздоо чарасы;
тамак-аш продукциясы - накталай, иштетилген же кайра иштетилген түрдө жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган, адамдардын тамак-ашка колдонуусуна багытталган продуктулар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш продукциясы, идиштерге куюлган ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, алкоголдук продукция (анын ичинде пиво жана пиво негизиндеги суусундуктар), алкоголсуз суусундуктар, биологиялык активдүү кошулмалар (БАК), сагыз, угут жана баштапкы микроорганизмдер, ачыткы, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) сырьесу;
сатуучу - тамак-аш продукциясын сатып алган жана кайра саткан чарба жүргүзүүчү субъект;
азык-түлүк (тамак-аш) сырьесу - тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) пайдаланылуучу жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынуучу азыктар жана ичүүчү суу;
өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы - Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, ал өндүрүүчү, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде тамак-аш продукциясынын шайкештигин баалоодо (ырастоодо) жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда өндүрүүчүнүн атынан иш жүргүзөт жана тамак-аш продукциясынын белгиленген талаптарга шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
белгиленген талаптар - Бажы бирлигинин, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде жана Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларында тамак-аш продукциясынын сапатына жана коопсуздугуна коюлган талаптар;
фальсификацияланган тамак-аш продукциясы - курамы, касиеттери жана мүнөздөмөлөрү атайын өзгөртүлгөн (жасалма) тамак-аш продукциясы, алар жөнүндө маалымат, анын ичинде тамак-аш продукциясынын маркировкасында көрсөтүлгөн маалымат атайылап толук эмес же анык эмес болот, ошондой эле шайкештигин баалоо (тастыктоо) боюнча жасалма документтер менен коштолот;
чарба жүргүзүүчү субъект - тамак-аш продукциясын өндүрүүчү (жеткирүүчү), ээси, даярдоочунун же сатуучунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган чарбалык иштин катышуучусу.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактар өндүрүүчү, ташып келүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу тамак-аш продукциясы белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек.
6. Жүгүртүүдөгү тамак-аш продукциясын байкоого алууну камсыз кылган товар коштоочу документтери, ошондой эле ветеринардык коштоочу документтери жана фитосанитардык уруксат берүүчү документтер менен коштолуусу тийиш.
7. Тамак-аш продукциясын алып салууга жана (же) чакыртып алууга негиздер:
- белгиленген талаптарга шайкеш келбеши;
- тамак-аш продукциясынын ушул түрүнүн касиеттерине жана аталышынын шайкешсиздиги;
- сапаты жамандыгынын ачык-айкын белгилеринин болушу (бузулушу, чириши, булганышы);
- тамак-аш продукциясын сатуу, сактоо, ташуу (транспорттоо) шарттарын бузуу;
- керектөөчүлүк таңгагынын бүтүндүгүнүн бузушу;
- тамак-аш продукциясын идентификациялоого жана (же) өндүрүүчүсүн, курамын, жарактуулук мөөнөтүн аныктоого мүмкүндүк бербеген маркировкасынын жоктугу (шайкеш келбеши);
- тамак-аш продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу жана белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу ушул Жобонун 6-пунктунда аталган документтердин жоктугу;
- жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продукциясынын болушу;
- фальсификацияланган тамак-аш продукциясынын болушу.
8. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын чарба жүргүзүүчү субъект өз алдынча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча жүгүртүүдөн алып салууга жана кайтарылып алууга тийиш.
9. Ушул Жобонун 7-пунктунда аталган негиздер болгондо чарба жүргүзүүчү субъект шайкеш келбегендигин жоюу жана андан ары сатууга жол бербөө максатында мындай тамак-аш продукциясын өндүрүштөн же жүгүртүүдөн өз алдынча чакыртып алат.
10. Чарба жүргүзүүчү субъект тамак-аш продукциясынын белгиленген талаптарга шайкеш келбеген фактысын аныктаган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабар берет.
11. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык түзүлгөн форма боюнча сапаты жана коопсуздугуна карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген тамак-аш продукциясын (азык-түлүк (тамак-аш) сырьену) алып салуу актысы (мындан ары - акт) менен үч нускада таризделет.
Актынын бир нускасы тамак-аш продукциясынын ээсине же сатуучуга ыйгарылат, экинчи нускасы өндүрүүчү (жеткирүүчү) же өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы сактап калат, үчүнчү нускасы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
12. Эгерде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын жүгүртүү же сатуу учурлары орун алса, чарба жүргүзүүчү субъект үч календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет ресурстары аркылуу тамак-аш продукциясын чакыртып алуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдын ордун толтурууга жооптуу адамдар тууралуу толук маалымат алуу үчүн байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен мындай тамак-аш продукциясын кайтарып алуу, анын ыкмалары, сатылган тамак-аш продукциясын кабыл алуу пункттары жөнүндө жарыялайт.
13. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын кабыл алуу чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сапаты жана коопсуздугуна карата белгиленген талаптарга шайкеш келбеген, чакыртып алынган тамак-аш продукциясын/азык түлүк (тамак-аш) сырьесун кабыл алуу - өткөрүп берүү актысын 2 нускада тариздөө жолу менен ишке ашырылат. Кабыл алуу - өткөрүп берүү актысынын бир нускасы керектөөчүгө берилет, ал эми экинчи нускасы чарба жүргүзүүчү субъектте сакталат.
14. Чарба жүргүзүүчү субъекттер белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кайтарып алынган тамак-аш продукциясын натыйжалуу кабыл алууну камсыз кылуу үчүн бири-бири менен аракеттенишет.
15. Чарба жүргүзүүчү субъект тамак-аш продукциясын алып салуу жана (же) кайтарып алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алгандан жана (же) кайтарып алгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде маалымдайт.
16. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана чарба жүргүзүүчү субъекттин сайтында (бар болсо) жайгаштырылат.
17. Бул Жобонун талаптары аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын жазык, жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
18. Бул Жобонун ченемдерин жүзөгө ашырууга байланышкан бардык чыгымдарды чарба жүргүзүүчү субъект көтөрөт.
|
| Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын (азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун) алып салуу АКТЫСЫ
Тамак-аш продукциясын/азык түлүк (тамак-аш) сырьесун алып салуу жери:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Чарба жүргүзүүчү субъект:
_____________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы/жеке жактын аты-жөнү, дареги)
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
шайкеш келбөөчүлүктүн негизинде
_____________________________________________________________________________________
(ББ/ЕАЭБ техникалык регламентинин же Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын аталышы)
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(шайкеш келбөөчүлүктүн конкреттүү түрүн көрсөтүү)
_____________________________________________________________________________________
Төмөнкүдөй тамак-аш продукциясы/азык түлүк (тамак-аш) сырьесу алынды:
_____________________________________________________________________________________
(аталышы, сериясы, өндүрүшү)
_____________________________________________________________________________________
Жалпы саны _____________________________________________________________ түзөт.
№ | Аталышы | Партиянын саны | Чарба жүргүзүүчү субъект/ өндүрүүчү өлкө | Партиянын өлчөмү | Саны (ченөө бирдиги) | Шайкештикти баалоо (ырастоо) тууралуу документ жөнүндө маалымат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
______________________________________ | ________________ | ________________ |
(чарба жүргүзүүчү субъекттин аты-жөнү) | (датасы) | (колу) |
|
|
|
______________________________________ | ________________ | ________________ |
(объект ээсинин аты-жөнү) | (датасы) | (колу) |
|
| Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кайтарып алынган тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун кабыл алып-өткөрүп берүү АКТЫСЫ
Тамак-аш продукциясынын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесунун аталышы жана кабыл алуу жери:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Кабыл алуу убактысы:
_____________________________________________________________________________________
Белгиленген мөөнөттү бузуу менен кабыл алынган, анткени:
_____________________________________________________________________________________
(эгерде мындай учур орун алса)
_____________________________________________________________________________________
Өз убагында кабыл албоонун себеби _____________________________________________________
(алардын пайда болуу жана жоюу убактысы)
_____________________________________________________________________________________
Чарба жүргүзүүчү субъект: ______________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Кайра кайтарылды: ____________________________________________________________________
(аталышы, сериясы, өндүрүшү, саны)
_____________________________________________________________________________________
керектөөчүдөн: ________________________________________________________________________
(аты-жөнү, дареги, байланыш маалыматы)
_____________________________________________________________________________________
төмөнкүнүн негизинде __________________________________________________________________
(техникалык регламенттин, Кыргыз Республикасынын
_____________________________________________________________________________________
укуктук ченемдик актыларынын аталышы)
_____________________________________________________________________________________
шайкеш келбегендигине байланыштуу _____________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(шайкеш келбөөчүлүктүн конкреттүү түрүн көрсөтүү)
_____________________________________________________________________________________
жалпы саны _____________________________________________________________ түзөт.
№ | Аталышы | Партиянын саны | Чарба жүргүзүүчү субъект | Партиянын өлчөмү | Саны | Шайкештикти баалоо (ырастоо) жөнүндө документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
__________________________________________ | _________________ | _________________ |
(өндүрүүчүнүн/өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын/сатуучунун аты-жөнү) | (датасы) | (колу) |
|
|
|
__________________________________________ | _________________ | _________________ |
(керектөөчүнүн аты-жөнү) | (датасы) | (колу) |