Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017 жылдын 13 июлу № 227
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Тогуз-Торо, Чаткал жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы № 227 токтомунун тиркемеси |
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо айыл аймагы
№ 2089 Ленин шайлоо участкасы.
Борбору: Иса атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Ленин, Өрнөк айылдары жана анын аймагындагы Кара-Булак, Тулпар, Чолок-Там, Кормоцех, Чырпыкты бейит, Кара-Чий, Комплекс, АБЗ участкаларындагы жашоочулар кирет.
№ 2090 Дөдөмөл шайлоо участкасы.
Борбору: Айылдык кубунун имараты.
Чек арасы: Дөдөмөл айылы жана бул айылдардын аймагындагы Телемунара, Чийлүү-Коо, Сары-Булак, Кара-Коюң, Орто-Көлмө, Аяк-Көлмө участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.
№ 2091 Кош-Булак шайлоо участкасы.
Борбору: Ыдырыс атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Кош-Булак айылы жана бул айылдардын аймагындагы Ийри-Суу, Кайыңды, Киндик, Көңдүк, участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.
Чаткал району
Терек-Сай айыл аймагы
№ 2299 Терек-Сай шайлоо участкасы
Борбору: Школьная-1 көчөсү №20, Терек-Сай айылдык маданият үйү
Чек арасы: Терек-Сай айылы Мырзалиев көчөсүнүн №35 Б.Жаркуловдун үйүнөн Эшалы болуш-1 көчөсүнүн №1 Ы.Өмүрбековдун үйүнө чейин кирет.
№ 2300 Кызыл-Токой шайлоо участкасы
Борбору: Кызыл-Токой көчөсү №86, Б.Камчыбеков атындагы орто мектептин имараты
Чек арасы: Кызыл-Токой айылы Н.Токторбаевдин үйүнөн С.Эшенкуловдун үйүнө чейин кирет.
№ 2403 Ак-Терек шайлоо участкасы
Борбору: Ак-Терек көчөсү №65, Терек-Сай орто мектеби
Чек арасы: Ак-Терек элдик конушу Горняк-2 көчөсүнүн №17 К.Мусабаевдин үйүнөн Ынтымак-1 көчөсүнүн И.Абдрахмановдун үйүнө чейин кирет.
Ош облусу
Кара-Суу район
Кара-Суу шаары
№5265-Нурахунов шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан “Авторемзавод” АКнун имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсү (мурдагы Рабоче-Дехканская) №103-үйгө баштап, Крылов, Осмонов, Пионерская, 60 лет Киргизии, Дружба, Космодемьянская, Тулебердиев көчөлөрү толугу менен, Чехов көчөсү №1,3,5 үйлөрү, Г.Айтиев көчөсү №1-18 үйлөрү, Х.Юлдашев №36 үйдөн баштап.
№5266-Линейный шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсэндө жайгашкан №134 башталгыч мектебинин имараты (эски №1 балдар бакчасынын имараты).
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсү №1-үйдөн баштап №101-үйгө чейинки аймактар, Калинин, Энгельс, Якубов (мурдагы Горький), Октябрьская, Шопоков, Бейшеналиева, Бөкөнбаев, Баетов, К.Маркса, Западная. К.Цеткин, Алай, Комсомольская, Крупская, Фрунзе көчөлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.
№5267-Токтогул шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаары К.Рахимов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Арашан микрорайонунун аймагындагы №1, №2-көп кабаттуу үйлөр, Токтогул, Культурная, Навои, РТС, Киргизская, Асанов (мурдагы Центральная), Демократическая, П.Лумумбы, Нариман, Тельман, Савай, Рахимов, Интернациональная көчөлөрү толугу менен.
№5268-Юбилейный шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаарындагы райондук маданият үйүнүн имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Панфилов, Гагарин, Терешкова, Киров, Карасуйская, Кенешская, Умаров (мурдагы Больничная) көчөлөрү, Ленин көчөсүнүн 2,2а, 2б, 4,5, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 22, 24-үйлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.
№5269-Мектеп шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Ош, Жалалабад, Совет, Өзгөн, Раджапов мурдагы (Спортивная), Кушбаков (мурдагы Пушкин), Пахта завод көчөсүнүн 1-20-(корпустары), Ленин көчөсүндө жайгашкан борбордук “Авицена” аптекасынан Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишине чейин, Школьная, Рабочая, Завод, Мира көчөлөрү, Завод көчөсүнүн 2,4,6,8а,8б көп кабаттуу үйлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.
№5270-МЭЗ шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Суу шаарындагы К.Жакыпов атындагы жатак мектеп-интернатынын имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын МЭЗ, Г.Айтиев, Бакиев (мурдагы Памир) көчөлөрү толугу менен, Ленин көчөсүнүн №171-185-үйлөрү, Салиева, Азимов, Х.Турсунов (мурдагы Коммунистическая), Улуков, Саттаров (мурдагы Новостроящаяся), Юлдашев (мурдагы Пролетарская), 1-Мая, Толстой, Темир-Жол, Долон-Чек (мурдагы Западная) көчөлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.