Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017 жылдын 13 июлу № 228
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин; Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Тогуз-Торо, Чаткал жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10- беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин; Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы № 228 токтомуна тиркеме |
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 11)
№ 1 Ленин шайлоо округу (УШК № 2089)
Борбору: Иса атындагы орто мектебинин имараты Ленин айылы.
Шайлоочулардын саны – 1320
Мандаттын саны-7
Чек аралары: Ленин, Өрнөк айылдары жана анын аймагындагы Кара-Булак, Тулпар, Чолок-Там, Кормоцех, Чырпыкты бейит, Кара-Чий, Комплекс, АБЗ участкаларындагы жашоочулар кирет.
№ 2 Дөдөмөл шайлоо округу (УШК № 2090, № 2091)
Борбору: Дөдөмөл айылдык клубунун имараты, Дөдөмөл айылы.
Шайлоочулардын саны –829
Мандаттын саны-4
Чек аралары: Кош-Булак, Дөдөмөл айылдары жана бул айылдардын аймагындагы Ийри-Суу, Кайыңды, Киндик, Көңдүк, Телемунара, Чийлүү-Коо, Сары-Булак, Кара-Коюн, Баш-Көлмө, Орто-Көлмө, Аяк-Көлмө участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.
Чаткал району
Терек-Сай айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 11)
№ 1 Терек-Сай шайлоо округу (УШК № 2299)
Борбору: Школьная-1 көчөсү №20, Терек-Сай айылдык маданият үйү
Шайлоочулардын саны –928
Мандаттын саны-5
Чек аралары: Терек-Сай айылы Мырзалиев көчөсүнүн №35 Б.Жаркуловдун үйүнөн Эшалы болуш-1 көчөсүнүн №1 Ы.Өмүрбековдун үйүнө чейин кирет.
№ 2 Кызыл-Токой шайлоо округу (УШК № 2300)
Борбору: Кызыл-Токой көчөсү №86, Б.Камчыбеков атындагы орто мектептин имараты
Шайлоочулардын саны –673
Мандаттын саны-3
Чек аралары: Кызыл-Токой айылы Н.Токторбаевдин үйүнөн С.Эшенкуловдун үйүнө чейин кирет.
№ 3 Ак-Терек шайлоо округу (УШК № 2403)
Борбору: Ак-Терек көчөсү №65, Терек-Сай орто мектеби
Шайлоочулардын саны –595
Мандаттын саны-3
Чек аралары: Ак-Терек элдик конушу Горняк-2 көчөсүнүн №17 К.Мусабаевдин үйүнөн Ынтымак-1 көчөсүнүн И.Абдрахмановдун үйүнө чейин кирет.
Ош облусу
Кара-Суу району
Кара-Суу шаары (УШК № 5265, № 5266, № 5267, № 5268, № 5269, № 5270)
Борбору: Кара-Суу шаардык кеңешинин имараты
Шайлоочулардын саны – 9935
Мандаттын саны – 31
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын аймагы толугу менен кирет.