Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017 жылдын 14 июлу № 240
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитуу туралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бакай-Ата, Аксы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата, Аксы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июлу № 240- токтомунун 1-тиркемеси
|
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1. | Өзгөрүш айылдык | Бакеев Байсеит Дастемкулович | Каза болгондугуна байланыштуу | №11, 05.07.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2. | Кош-Дөбө айылдык | Аманбаев Рахматилла Тажимырзаевич | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | №50, 07.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
3. | Ново-Покровка айылдык | Молдобаев Мирбек Джумашевич | Өз арызы | №30, 10.07.2017ж.. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июлу № 240- токтомунун 2-тиркемеси
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган
талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1. | Өзгөрүш айылдык | Төлөшов Данияр Шабданович | “Эрешев Соронкул” дыйкан чарбасынын башчысы | №11, 05.07.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2. | Кош-Дөбө айылдык | Сапарова Азиза Жолчуевна | №13 “Келечек ХХI кылым» бала бакча, тарбиячы | №50, 07.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
3. | Ново-Покровка айылдык | Насыров Абдрахимжан Уморджанович | “НБТ” ЖЧК КЖТ, кызматкер | №30, 10.07.2017ж.. |