Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 69
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сузак аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы № 69 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Расул кызы Миргуль - с.п. "Мекеним Кыргызстан" | Өз арызы | № 269, 26.12.2016-ж. |
2 | Насипов Алымбек Абдыманапович - с.п."Мекеним Кыргызстан" | Өз арызы | № 269, 26.12.2016-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
3 | Төмөнкү Ала-Арча | Ааалиев Эрнис Нурайызович | Өз арызы | № 274, 26.12.2016-ж. |
4 | Таш-Дөбө | Карымшаков Алтымышбек Бакасович | Өз арызы | № 274, 26.12.2016-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
5 | Ак-Кудук | Кавун Тимофей Александрович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 274, 26.12.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
6 | Таш-Булак | Самидинов Нурбек Жолмаматович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 261, 24.12.2016-ж. |
7 | Кара-Дарыя | Матиев Аширбек Алимкулович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 261, 24.12.2016-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы № 69 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Десятников Павел Николаевич - с.п. "Мекеним Кыргызстан" | ЖЧК "Дос ЛТД", башкы директор | № 4, 15.03.2017-ж. |
2 | Маткасымов Дамирбек Адылбекович - с.п."Мекеним Кыргызстан" | ЖЧК "2 канал", башкы директор | № 4, 15.03.2017-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
3 | Төмөнкү Ала-Арча | Джумалиева Асель Асылбековна | Мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы, мүдүрдүн орун басары | № 11, 10.03.2017-ж. |
4 | Таш-Дөбө | Ырыс уулу Медербек | Убактылуу иштебейт | № 10, 10.03.2017-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
5 | Ак-Кудук | Рагулин Олег Михайлович | ААК "МИС", айдоочу | № 24, 13.03.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
6 | Таш-Булак | Эргашев Алишер Кадиржанович | Жеке ишкер | № 33, 17.02.2017-ж. |
7 | Кара-Дарыя | Атеков Муратали Ураимович | Жеке ишкер | № 35, 17.02.2017-ж. |