Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 77
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 28-пункттарын жетекчиликке алып, шайлоо процессин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Шайлоо процессин талдоо жана жакшыртуу боюнча Жумушчу тобунун аткарылган иштер жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын Планы бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгынын маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобону карап чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планында каралган пункттарды жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы №77 токтому менен бекитилген |
Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планы
I - БӨЛҮМ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар, тең аткаруучулар |
1.1. УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК БАЗА | |||
1 | “Шайлоочулардын тизмесин башкаруунун маалыматтык системасы жөнүндө” Жобону иштеп чыгуу жана кабыл алуу (ШМС) | Апрель 2017 - ж. | МКК, БШК |
2 | “www.shailoo.srs.kg. порталы жөнүндө” Жобону иштеп чыгуу жана кабыл алуу. | Май 2017- ж. | МКК |
3 | “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосунун шайлоочуларды идентификациялоо жана маалымдоо процессин өркүндөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү. | Апрель 2017 - ж. | БШК (МШС бөлүмү), МКК |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо процессин жөнгө салган ченемдердин төмөнкү бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамдык сунуштар киргизилсин: - тактоо үчүн, ыйгарым укуктуу орган тарабынан БШКга шайлоочулардын тизмесин берүү мөөнөтүн узартуу -75 календардык күнгө чейин (колдонуудагы аракеттеги мыйзамда добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганга чейин); - ар бир шайлоо участкасында 2500 шайлоочу эсебиндеги чектөө ченемдерин өзгөртүү, участкадагы шайлоочулардын иш жүзүндөгү оптималдык саны боюнча иш жүргүзүү; -шайлоочуга маалымдоо (шайлоочу, арызы иштелип чыккандыгы тууралуу маалыматты алууга кайрылуу үчүн, №2 формасынын төмөнкү жагына, шайлоо участкасынын номерин жана МККнын байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен айрылуучу талонду тариздөө, СМС аркылуу билдирүү) | Май 2017 -ж. | БШК (укуктук камсыздоо бөлүмү), МКК |
5 | Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөргөнгө чейин калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо. | Апрель 2017- ж. | МКК |
1.2.ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ - УЮШТУРУУ ЧАРАЛАРЫ | |||
6 | Шайлоо участкалардын схемаларын жана так чектерин түзүү үчүн, жаңыдан киргизилген көчөлөрдү, кыймылсыз мүлк обьектилерин ачуу үчүн, калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын инвентаризациялоо боюнча мурда башталган иштерди бүтүүнү (мында ШУ чектеринде жайгашкан бардык обьектилерди эсепке алуу, обьектилердин номерлеринин так жана жуп тараптарынын башталышы жана бүтүшү көрсөтүлөт). | Май 2017- ж | БШК ( МШС бөлүмү) МКК ЖӨБО |
7 | “Даректүү каттоо” геомаалыматтык системасынын базасын жаңыртуу жана шайлоо участкаларынын чектерин тактоо. Шайлоо участкаларынын учурдагы чектерине талдоо жүргүзүү (баарынан мурда шайлоочулар үчүн ыңгайлуулук критерийлерин эске алуу) | Апрель 2017- ж. | БШК (МШС бөлүмү) МКК |
8 | Шайлоо процессинде колдонулуучу “Даректүү каттоо, ДМБ, ДКГМС) маалыматтык системаларды толук иштеп чыгуу. | Май 2017- ж. | МКК, ЖЖКМУКД, БШК (МШС бөлүмү)
|
9 | Шайлоо участкаларынын схемасын жана чектерин кайра карап чыгуу, тактоо жана бекитүү. ШУ боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүүдө ШУ чектерин ушул тактоонун алкагында өзгөртүлгөндүгүг эске алуу. | Май 2017- ж. | БШК (уюш. бөлүмү) АШК ЖӨБО |
10 | ЖӨБ органдары менен шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча ишти отчеттуулук формасын киргизүү менен иштелип чыккан схема боюнча алып баруу. Каза болгон шайлоочулар тууралуу так маалыматтарды чогултууга өзгөчө көңүл буруу жана аларды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу (ШМС Жобосунда белгиленген тартипке ылайык). | Май 2017- ж. | МКК ГАМСУМО, ЖӨБО БШК (МШС бөлүмү) |
11 | Бүткүл республика боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана МККнын www.shailoo.srs.kg Порталында жаңыртылган контент менен жайгаштыруу. | Ар бир 10 күндө ШТ тактоо учурунда | БШК МКК |
12 | Акыркы жаңыртылган датаны көрсөтүү менен Порталдын жаңыртылгандыгы жөнүндө ченемди киргизүү, мезгилдүүлүгүн белгилөө. | Май 2017-ж | МКК БШК (МШС бөлүмү) |
| www.shailoo.srs.kg расмий сайтына шайлоочулардын толук тизмесин жайгаштыруу, шайлоочулардын тизмесин мезгилдүүк менен жаңыртып турууну акыркы жаңыртылган датасын көрсөтүү менен камсыздоо (мезгилдүүлүгүн аныктоо – айына 1 жолудан кем эмес). | Май 2017-ж. | МКК, БШК (МШС бөлүмү) |
13 | Бардык транзакциялардын визуализациясын киргизүү / Ф-2 и Ф-3 формалары боюнча жарандардын ордун которуусун www.shailoo.srs.kg порталында ачык жайгаштыруу. | Май 2017 -ж. | МКК |
14 | Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн коргоо каражаттарын киргизүү (логини жана жеткиликтүүлүк паролу менен USВ – ташуучу) | Апрель 2017- ж. | МКК БШК (МШС бөлүмү) |
15 | Жарым жылда 1 жолу, шайлоочулардын тизмесин тактоо, иретке келтирүү боюнча ЖӨБ менен иштерди жүргүзүү. | Шайлоо аралык мезгилде | МКК, ЖӨБО |
1.3. ШАЙЛООЧУЛАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО | |||
16 | Шайлоочуларды сүрөтү боюнча идентификациялоо механизмин кеңейтүү (бетинен таануу) | Апрель 2017- ж. | МКК |
1.4. КАЛКТЫ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМДОО | |||
17 | Калкты “Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен такта” шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалымдоо боюнча стандартын даярдоо жана бекитүү: 1. ТВ, радионун – борбордук жана жергиликтүү каналдарынан маалымдоо 2. Борбордук жана жергиликтүү басылма ЖМКлар аркылуу 3. Мобилдик байланыштар аркылуу 4. Маалыматтык буклеттерди/плакаттарды, баннерлерди ар бир калктуу пункттардагы почта бөлүмдөрүнө, дүкөндөргө, клубдарга жайгаштыруу. | Апрель 2017 -ж. | БШК (маалыматтык саясат бөлүмү), МКК |
18 | Шайлоочулардын тизмесин тактоонун жаңы форматы жөнүндө маалыматты даярдоо жана жайылтуу, шайлоочуга маалымдоо. | Апрель 2017- ж. | БШК (маалыматтык бөлүмү), МКК |
1.5. БЮЛЛЕТЕНДЕР | |||
19 | Ар кандай деңгээлдеги шайлоолорго карата шайлоо бюллетенин сапаты жана стандарты жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана кабыл алуу. | КР Президентин шайлоо күнүн жарыялоого чейин | БШК (уюш.бөлүмү) |
1.6. ЖАБДУУЛАРДЫ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО | |||
20 | АЭУларды эксплуатациялоо жана сактоо боюнча Нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү. | Апрель 2017- ж. | БШК(АЭУ сектору) |
21 | Идентификациялоо жабдуусун эксплуатациялоо жана сактоо боюнча Нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү. | Апрель 2017 -ж. | МКК |
22 | АЭУларды жана идентификациялоо жабдууларын эксплуатациялоо жана сактоо боюнча Нускаманы жер-жерлерде сактоону камсыздоо. | Шайлоо күнү | БШК(уюш.бөлүм) ЖӨБО |
Кыскартуулар:
АШК – аймактык шайлоо комиссиялары;
АЭУ – Автоматтык эсептөө урнасы:
АЭУ сектору – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын автоматтык эсептөө урналарын эксплуатациялоо боюнча сектору;
БШК – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ДКГМС – Даректүү каттоонун географиялык маалыматтык системасы;
ДМБ – МККнын дарек-сурап билүү бюросу;
ЖЖКМУКД – КР Өкмөтүнө караштуу Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча департаменти
ЖӨБИЭАММА – КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги;
ЖӨБО – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
Каттоо дареги – ЖЖКМУКДнын даректүү-каттоо бюросу;
МКК –КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
МШС бөлүмү – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү;
ШУ – Кыргыз Республикасынын шайлоо участогу;
ШМС – МККнын шайлоочуларды эсепке алуу маалыматтык системасы;
ШТ — МККнын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлгөн ар бир ШУдагы шайлоочулардын тизмеси
СМС “кыска билдирүү тейлөөсү” – байланыштагы уюлдук түрмөгүндөгү тейлөөнүн түрү, кыска тексттеги билдирүү;
УШК – участкалык шайлоо комиссиялары;