Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 93
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 87 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 93 токтомуна тиркеме |
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын КУРАМЫ
№ | Фамилия, аты, атасынын аты | Ким көрсөткөн |
1 | Ташиева Канымбу Мадановна | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы |
2 | Турдубаева Бариса Майлыевна | "Бир-Бол" саясий партиясы |
3 | Курбанали уулу Акматбек | "Туран" саясий партиясы |
4 | Кыргызбаев Бакытбек Камбарович | "КСДП" саясий партиясы |
5 | Кулчунова Айсалкын Абдрасуловна | "Өнүгүү-Кыргызстан" саясий партиясы |
6 | Торокулов Элдяр Шаршенович | "Кыргызстан" саясий партиясы |
7 | Алдосова Бактыгул Садыковна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
8 | Казакбаева Самара Абдикаримовна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
9 | Маматов Усен Маликович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
10 | Паизбаева Махабат Жороевна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
11 | Раимов Ибрахимжан Эгембердиевич | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
12 | Хасанов Расулджан Шакиржанович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |