Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 95
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бакай-Ата, Сокулук, Ноокен, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата, Сокулук, Ноокен, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 95 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы | |
Талас облусу | |||||
Бакай-Ата району | |||||
1 | Ленинполь айылдык | Акылбеков Марс Нурбекович | Өз арызы | № 255, 24.12.2016-ж. | |
Чүй облусу | |||||
Сокулук району | |||||
2 | Военно-Антоновка айылдык | Бокомбаев Нурсуланбек Мамыркожоевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 276, 28.12.2016-ж | |
Аламүдүн району | |||||
3 | Байтик | Жунушбаев Бакыт Оморбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 274, 26.12.2016-ж | |
Жалал-Абад облусу | |||||
Ноокен району | |||||
4 | Бүргөндү | Сатыкулов Азамат Алаңбаевич | Өз арызы муниципалдык кызматка дайындалган | № 261, 24.12.2016-ж. | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 95 токтомунун 2-тиркемеси |
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы, | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Ленинполь айылдык | Бердалиев Суюндук Кыдыкович | "Кыдык" ф/ч, мүдүр | № 10, 22.03.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Военно-Антоновка айылдык | Зайнидинов Алманбет Мансурович | Өспүрүм- балдардын спорт мектеби, футбол боюнча машыктыруучу | № 41, 27.03.2017 |
Аламүдүн району | ||||
3 | Байтик | Тургунбек улуу Чоро | Убактылуу иштебейт | № 14, 13.04.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
4 | Бүргөндү | Маматаев Сагынбек Садырбекович | Жеке чарба | № 13, 12.04.2017-ж. |