Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 106
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Токмок аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл, Талас, Чүй, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 106 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Абдрахманов айылдык | Масиев Толонбек Молдошевич | Өз арызы | № 267, 24.12.2016-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
2 | Көк-Ой айылдык | Керимкулов Серик Сабырбекович | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 255, 24.12.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
3 | Ак-Бешим айылдык | Наматбеков Алмазбек Жумабекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 274, 26.12.2016-ж. |
4 | Бурана айылдык | Ашымов Канатбек Бусурманкулович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 274, 26.12.2016-ж. |
5 | Шамшы айылдык | Уметалиев Нурлан Джумабекович | Өз арызы | № 274, 26.12.2017-ж. |
Токмок шаары | ||||
6 | Токмок шаардык | Келдибеков Нурлан Белекович ("КСДП" с/п) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 76, 11.04.2016-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 106 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Абдрахманов айылдык | Исмаилов Арзымат Аскарбекович | Жайыт комитетинин төрагасы | № 95, 24.04.2017-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
2 | Көк-Ой айылдык | Мурат Шамиль | "Голос Граждан" КФ юрист-консультант | № 14, 20.04.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
3 | Ак-Бешим айылдык | Закиров Акылбек Нурбекович | Жеке дыйкан чарбасынын башчысы | № 3, 26.04.2017-ж. |
4 | Бурана айылдык | Тулегулов Улукбек Юсупович | Суу чарба башкармалыгында көзөмөлдөөчүсү | № 4, 26.04.2017-ж. |
5 | Шамшы айылдык | Макешов Урматбек Ишенбекович | "Манас" аэропорту, айдоочу | № 5, 26.04.2017-ж. |
Токмок шаары | ||||
6 | Токмок шаардык | Жансеитов Тынайбек Каныбекович ("КСДП" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 30, 17.04.2017-ж. |