Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-майы № 123
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Базар-Коргон, Кара-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон, Кара-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-майындагы № 123 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Базар-Коргон айылдык | Юсупжанов Араббой Нематжанович | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 21, 16.05.2017-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
2 | Кара-Көл шаардык | Курманалиева Үрбүкан Токтоналиевна ("Энергетиктердин" с/п) | Өз арызы | № 1, 22-май 2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
3 | Кулунду айылдык | Шукуралиев Бегали | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 48, 28.04.2017-ж. |
4 | Абдираимов Жамалидин | Өз арызы, айыл өкмөт башчысынын орун басарынын кызматына дайындалган | № 48, 28.04.2017-ж. | |
5 | Абдуманов Пулат Асанович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктар менен айкалышпаган кызматка дайындалган | № 48, 28.04.2017-ж. | |
6 | Бешкент айылдык | Ерматов Сапарбай Аширович | Өз арызы | № 48, 28.04.2017-ж. |
7 | Катран айылдык | Жетимишов Кабыл Абдиевич | Өз арызы | № 48, 28.04.2017-ж. |
8 | Тогуз-Булак айылдык | Кудайбердиев Замирбек | Өз арызы | № 48, 28.04.2017-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-майындагы № 123 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Базар-Коргон айылдык | Исмаилов Нематжан Абдуманапович | Жеке ишкер | № 21, 16.05.2017-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
2 | Кара-Көл шаардык | Эшенкулов Уланбек Салимбаевич ("Энергетиктердин" с/п) | КТГЭС, КИК электро цехтин башчысы | № 1, 22.05.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
3 | Кулунду айылдык | Шамшиева Саадат Бааридиновна | И.Раззаков о.м., мугалим | № 48, 28.04.2017-ж. |
4 | Абдиев Акмурза Курбанбекович | № 31 кесиптик лицей, мугалим | № 48, 28.04.2017-ж. | |
5 | Ильмиянов Абдижалил Доорович | Жеке ишкер | № 48, 28.04.2017-ж. | |
6 | Бешкент айылдык | Саламов Абдукосим Абдулахатович | Андархам о.м., окуу бөлмөнүн башчысы | № 48, 28.04.2017-ж. |
7 | Катран айылдык | Кылычов Абдипатта Аширович | Жеке ишкер | № 48, 28.04.2017-ж. |
8 | Тогуз-Булак айылдык | Кочкоров Нишанбай | Жеке ишкер | № 48, 28.04.2017-ж. |