Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 126
2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кемин шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5953тү түзүп, анын ичинен 3460 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 58,12% түзөт.
Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана Кемин шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы № 126 токтомуна тиркеме |
2017-жылдын 28-майы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Чүй облусу, Кемин району
Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо.
I. 2017-жылдын 28-майында Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1, 2, 3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % |
1 | Онугуу Прогресс | 173 | 5 |
2 | Кыргызстан | 394 | 11,33 |
3 | Республика | 838 | 24,05 |
4 | Патриот Ынтымагы | 533 | 15,26 |
5 | СДПК | 1143 | 32,75 |
6 | Баба Дыйкан | 274 | 7,98 |
7 | "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 14 |
|
№ 2 таблица
2 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны |
беш миң сегиз жүз жетимиш үч | |||||
3 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны |
беш миң тогуз жүз элүү үч | |||||
4 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны |
эки миң төрт жүз он үч | |||||
5 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) |
үч миң төрт жүз алтымыш | |||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
үч миң төрт жүз тогуз | |||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) |
элүү бир | |||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) |
нөл | |||||
6 | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны |
нөл | |||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны |
үч миң төрт жүз он үч | |||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) |
кырк жети |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1. Кыргызстан 2. Республика 3. Патриот Ынтымагы 4. СДПК 5. Баба Дыйкан | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Кемин аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
| Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 3 | |
2 | "Республика" саясий партиясы | 5 | |
3 | "Патриот Ынтымагы" саясий партиясы | 4 | |
4 | СДПК саясий партиясы | 7 | |
5 | "Баба Дыйкан" саясий партиясы | 2 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Кемин аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 1 | Абдрахманов Марс Рысбекович |
2 | Мажитов Дениз Абдымомунович | ||
3 | Кемелова Кулукан Жапарбековна | ||
2 | "Республика" саясий партиясы | 4 | Мамыров Кубатбек Шамырбекович |
5 | Бакиров Азис Рысбекович | ||
6 | Дубинина Наталья Павловна | ||
7 | Шарипканов Аман Алмазбекович | ||
8 | Бейшеналиев Эмиль Ишенович | ||
3 | "Патриот ынтымагы" саясий партиясы | 9 | Кермакунов Нурлан Омургазиевич |
10 | Муканбетов Сейтек Асангулович | ||
11 | Сейденова Назгуль Дженишпековна | ||
12 | Токтогожоев Даир Батырбекович | ||
4 | "Кыргызстан социал-демократиялык партия" саясий партиясы | 13 | Омурбеков Мирлан Мусабекович |
14 | Копжашаров Кыдырбек Тологонович | ||
15 | Саманчиева Эркинбубу | ||
16 | Абдывалиев Кайрат Замирбекович | ||
17 | Джакыпбек уулу Азамат | ||
18 | Иманбаева Гульмира Абдыкеримовна | ||
19 | Маралбаев Таалайбек Осконбаевич | ||
5 | "Баба Дыйкан" саясий партиясы | 20 | Сатаров Алтынбек Жаныбекович |
21 | Касмалиев Сайнидин Джолдошалиевич | ||
Протокол 2017-жылдын 31-майында саат 14.25 мүнөттө түзүлдү.