Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 129
2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Тоголок-Молдо айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2019 түзүп, анын ичинен 830 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 41,11%түзөт.
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы № 129 токтомуна 1-тиркеме |
2017-жылдын 28-майы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши (облустун, райондун, аймактын аталышы)
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2017-жылдын 28-майындагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
II. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, 2 таблица түрүндө сунушталат.
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ 1 таблица
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 471 |
2 | Бегимкулова Гүлсара Айдаровна | 252 |
3 | Бугубаев Эркинбек Билалович | 194 |
4 | Жамансариев Аманбек Муканович | 293 |
5 | Иманов Нарынбек Ободоевич | 321 |
6 | Исмаилов Алмасбек Сатыбалдиевич | 244 |
7 | Кадышов Тимурлан Керимбекович | 269 |
8 | Казиев Руслан Алишерович | 185 |
9 | Качкынбаев Эдик Кеминбекович | 195 |
10 | Кулов Таалайбек Тобокелович | 222 |
11 | Кулубаев Алтыбай | 235 |
12 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 317 |
13 | Моңолов Таалайбек Сүйүналиевич | 149 |
14 | Осмонов Урмат Асанович | 212 |
15 | Өмүракунов Мирбек Абдласович | 216 |
16 | Сайнилов Жоодарбек Советбекович | 150 |
17 | Саргожоев Бактыбек Нурдинович | 297 |
18 | Сеитов Улан Жолдошбекович | 158 |
19 | Ташматов Мелисбек Аманжанович | 265 |
20 | Таялиев Айбек Асыкбаевич | 326 |
21 | Турганбаев Жыргалбай Камытович | 112 |
22 | Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич | 300 |
23 | Чырмыев Айбек Жумабекович | 197 |
24 | Шамиев Бактыбек Жамадилович | 302 |
25 | БААРДЫГЫНА КАРШЫ | 0 |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
Шайлоонун натыйжалары боюнча Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 2 таблица).
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ 2 таблица
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 471 |
2 | Таялиев Айбек Асыкбаевич | 326 |
3 | Иманов Нарынбек Ободоевич | 321 |
4 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 317 |
5 | Шамиев Бактыбек Жамадилович | 302 |
6 | Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич | 300 |
7 | Саргожоев Бактыбек Нурдинович | 297 |
8 | Жамансариев Аманбек Муканович | 293 |
9 | Кадышов Тимурлан Керимбекович | 269 |
10 | Ташматов Мелисбек Аманжанович | 265 |
11 | Бегимкулова Гүлсара Айдаровна | 252 |
Протокол 2017-жылдын 31-майында саат 12.30 мүнөттө түзүлдү.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы |
| У.Жылтыров |
Катчысы |
| А.Илебаева |
Мүчөлөрү |
| Б.Бексултанов |
|
| К.Сатымкулов |
|
| С.Кулманбетова |
|
| А.Узакбаева |
|
| У.Жангазиев |
|
| Ч.Жамадилов |
|
| Кылычбек уулу Н. |
|
| А.Секиев |
|
| К.Шыгаев |