Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 131
2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 4634тү түзүп, анын ичинен 1289 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 27,8% түзөт.
Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Жаңгак шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 131 токтомуна тиркеме |
2017-жылдын 28-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Жалал-Абад облусу, Сузак району
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо:
I. 2017-жылдын 28-майындагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицасы тиркелет).
II. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1, 2, 3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % | |
1 | СДПК "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 678 | 52,9 | |
2 | "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы | 493 | 38,5 | |
3 | "Өнүгүү-прогресс" саясий партиясы | 95 | 7,4 | |
4 | Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы | 15 | 1,2 |
№ 2 таблица
1 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 4 | 6 | 3 | 2 |
|
| |||||||
2 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны | 0 | 4 | 6 | 3 | 4 |
|
| |||||||
3 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 3 | 3 | 4 | 3 |
|
| |||||||
4 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) | 0 | 1 | 2 | 8 | 9 |
|
| |||||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны | 0 | 1 | 2 | 6 | 5 |
|
| |||||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) | 0 | 0 | 0 | 2 | 4 |
|
| |||||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
|
| |||||||
6 | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
|
| |||||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 1 | 2 | 8 | 1 |
|
| |||||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) | 0 | 0 | 0 | 0 | 8 |
|
| |||||||
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1. СДПК "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы; 2. "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы; 3. "Өнүгүү-прогресс" саясий партиясы. | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Сузак аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
| Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | СДПК "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 11 | |
2 | "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы | 8 | |
3 | "Өнүгүү-прогресс" саясий партиясы | 2 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Сузак аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | СДПК "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 1 | Укембаев Аксубай Зулпукарович |
2 | Кошмуратов Талантбек Аскарбекович | ||
3 | Садыкова Гульжахан Махаматсабыровна | ||
4 | Исмаилов Уларбек Тавалдиевич | ||
5 | Жаныбаев Максатбек Камалдинович | ||
6 | Эшиева Лайликан Эшатовна | ||
7 | Мамасадыков Жанарбек Мамасалыевич | ||
8 | Маматкулов Акылбек Турдубекович | ||
9 | Аликеев Максатбек Сакыевич | ||
10 | Байдавлетов Заирбек Максатбекович | ||
11 | Ульмасов Усубжан Фазылжанович | ||
2 | "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы | 1 | Мамбетов Тойчубек Карабекович |
2 | Мамайкулов Алтынбек Алибекович | ||
3 | Досбаева Айгул Паизбековна | ||
4 | Усенов Кадыржан Атабекович | ||
5 | Садыков Замирбек Каныбекович | ||
6 | Осмоналиева Аида Каныбековна | ||
7 | Маткеримов Бахадыр Шарабидинович | ||
8 | Эргешов Арапбай Эсентаевич | ||
3 | "Өнүгүү-прогресс" саясий партиясы | 1 | Аширбаев Уланбек Асанович |
2 | Матназаров Суйорбек Мурзакаримович | ||
Протокол 2017-жылдын 31-майында саат 11.00 мүнөттө түзүлдү.
Төрага |
| М.Кыргызбаев |
Катчы |
| Г.Тагаев |
Мүчөлөр |
| М.Абдуллаев |
|
| К.Керимбекова |
|
| Г.Сапарова |
|
| С.Сатарова |
|
| Г.Аманова |
|
| А.Караева |
|
| Д.Шамшиева |
|
| Б.Маматкулов |
|
| У.Арзыбаева |