Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 138
2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кадамжай шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5940 түзүп, анын ичинен 2904 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 48% түзөт.
Кадамжай районун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 138 токтомуна тиркеме |
2017-жылдын 28-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Баткен облусу, Кадамжай району, Кадамжай шаары
Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо.
I. 2017-жылдын 28-майында Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № (1, 2, 3 ) таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % | |
1 | "Ата-Журт Мекенчил партиясы" саясий партиясы | 246 | 8,5 | |
2 | СДПК "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 505 | 17,4 | |
3 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 726 | 25,0 | |
4 | "Республика" саясий партиясы | 328 | 11,3 | |
5 | "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы | 232 | 8,0 | |
6 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 251 | 8,6 | |
7 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 580 | 20,0 | |
8 | "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 9 | 0,3 |
№ 2 таблица
1 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 5 | 7 | 4 | 9 | Беш миң жети жүз кырк тогуз |
| |||||||
2 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны | 0 | 5 | 9 | 4 | 0 | Беш миң тогуз жүз кырк |
| |||||||
3 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 2 | 8 | 4 | 5 | Эки миң сегиз жүз кырк беш |
| |||||||
4 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) | 0 | 2 | 9 | 0 | 4 | Эки миң тогуз жүз төрт |
| |||||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны | 0 | 2 | 8 | 7 | 8 | Эки миң сегиз жүз жетимиш сегиз |
| |||||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) | 0 | 0 | 0 | 2 | 6 | Жыйырма алты |
| |||||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | нөл |
| |||||||
6. | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | нөл |
| |||||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 2 | 8 | 7 | 7 | Эки миң сегиз жүз жетимиш жети |
| |||||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) | 0 | 0 | 0 | 2 | 7 | Жыйырма жети |
| |||||||
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1."Ата-Журт Мекенчил партиясы" саясий партиясы 2. СДПК "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы 3. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы 4. "Республика" саясий партиясы 5. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 6. "Кыргызстан" саясий партиясы 7. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
| Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | "Ата - Журт Мекенчил партиясы" саясий партиясы | 2 | |
2 | СДПК "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 4 | |
3 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 5 | |
4 | "Республика" саясий партиясы | 2 | |
5 | "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы | 2 | |
6 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 2 | |
7 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 4 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Ата - Журт Мекенчил партиясы" саясий партиясы | 1 | Нажимитдинов Ахматали Нийматтиллаевич |
2 | Джаманбаев Исманали Турдахунович | ||
2 | СДПК "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 1 | Кудайбергенов Авазбек Алимбаевич |
2 | Нурматов Чынгыз Айтматович | ||
3 | Шакирова Хабибахан | ||
4 | Исаков Толкунбек Талипович | ||
3 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 1 | Абдырахманов Шамшидин Мирпазилович |
2 | Сариков Абдумалик Рахманалиевич | ||
3 | Маатказиева Гульнара Эргешовна | ||
4 | Абдираимов Алтынбек Гыламжанович | ||
5 | Жолболдуев Турдахун Камчиевич | ||
4 | "Республика" саясий партиясы | 1 | Дастиров Кубаныч Айдаралиевич |
2 | Аманов Азизбек Козубаевич | ||
5 | "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы | 1 | Шамшиев Улукбек Ташполотович |
2 | Айтматов Толкунбек Авазович | ||
6 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 1 | Ырысматов Кубанычбек Гыламович |
2 | Нарбаев Камалидин Мукумович | ||
7 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 1 | Арыков Исламидин Утупиллаевич |
2 | Караев Шамши Исабаевич | ||
3 | Ашимова Нуркан Жусуповна | ||
4 | Ураимов Эркин Нусратиллаевич | ||
Протокол 2017жылдын 31-майында саат 14-41 мүнөттө түзүлдү.
Төрага | Т.Арыков | |
Катчысы | Г.Хасенова | |
Мүчөлөр | Н.Таирова | |
А.Мадалиев | ||
А.Жакыпов | ||
| А.Маматалиев | |
| Ш.Саматов | |
| А.Аманов | |
| К.Мадимаров | |
| Т.Омурзаков | |
| С.Идирисов |