Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 146
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Тогуз-Торо, Токтогул, Таш-Көмүр, Сокулук, Жайыл, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо, Токтогул, Таш-Көмүр, Сокулук, Жайыл, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 146 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
1 | Атай айылдык | Шайырбек уулу Умид | Өз арызы, айыл башчысынын кызматына дайындалган | № 5, 08.06.2017-ж. |
Токтогул району | ||||
2 | Токтогул шаардык | Исраилов Адыл Токтомушевич ("Ата-Мекен" с/п) | Өз арызы | № 15, 12.06.2017-ж. |
Таш-Көмүр шаары | ||||
3 | Таш-Көмүр шаардык | Карапашев Бакыт Шермаматович ("Республика с/п) | Өз арызы | № 19, 12.06.2017-ж. |
4 | Кушбакова Инояткан Аскаровна ("Республика" с/п) | Өз арызы | ||
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Жаңы-Жер айылдык | Джекшенов Мирлан Ратынбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 58, 25.05.2017-ж. |
Жайыл району | ||||
6 | Полтавка айылдык | Абдылдаев Эрнис Мырзахматович | Башка мамлекетке чыгып кеткендигине байланыштуу | № 1, 8.06.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
7 | Б.Мамбетов айылдык | Төрөгелдиев Нурлан Токтогулович | Өз арызы, айыл башчысынын кызматына дайындалган | № 19, 7.06.2017-ж. |
8 | Кажы-Сай айылдык | Шамырбеков Жаныбек Иманкожоевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 20, 7.06.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
9 | А.Масалиев айылдык | Хакимов Музаффаржон Турсуналиевич | Өз арызы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындалган | № 33, 05.05.2017-ж. |
10 | Кадамжай шаардык | Ырысматов Кубанычбек Гыламович ("Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 35, 12.06.2017-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 146 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
1 | Атай айылдык | Жолдошбек уулу Эрмекк | Дыйкан чарба мүчөсү | № 5, 08.06.2017-ж. |
Токтогул району | ||||
2 | Токтогул шаардык | Тууганбаев Байызбек Болотбекович ("Ата-Мекен" с/п) | Дыйкан чарба мүчөсү | № 15, 12.06.2017-ж |
Таш-Көмүр шаары | ||||
3 | Таш-Көмүр шаардык | Шербеков Алтынбек Махаматович ("Республика с/п) | Убактылуу иштебейт | № 15, 12.06.2017-ж |
4 | Жолдошева Гулшайыр Тургуналиевна ("Республика" с/п) | № 2 К.Осмонкулов атындагы гимназия мектеби, башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы | ||
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Төмөнкү-Чүй айылдык | Меделкан уулу Кубат | Убактылуу иштебейт | № 58, 25.05.2017-ж. |
Жайыл району | ||||
6 | Полтавка айылдык | Айдралиев Нурбек Акматович | Жайыт комитети, төрага | № 1, 8.06.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
7 | Б.Мамбетов айылдык | Догдурбай уулу Мирбек | Жеке ишкер | № 19, 7.06.2017-ж. |
8 | Кажы-Сай айылдык | Дарканбаев Каджибек Сарыбаевич | Жеке ишкер | № 20, 7.06.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
9 | А.Масалиев айылдык | Бутабаев Алишер Шералиевич | Дыйкан чарба мүчөсү | № 33, 05.05.2017-ж |
10 | Кадамжай шаардык | Курбанова Урпия Абдырахмановна ("Кыргызстан" с/п) | Убактылуу иштебейт | |