Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-майы № 121
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Лейлек, Сүлүктү, Сокулук, Талас шаардык жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек, Сүлүктү, Сокулук, Талас шаардык жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-майындагы № 121 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
1 | Бешкент айылдык | Аслонова Тухтанисо Мамаразаевна | Өз арызы | № 49, 11.05.2017-ж. |
Сүлүктү шаары | ||||
2 | Сүлүктү шаардык | Мадаминов Кубанычбек Гапырович ("Республика - Ата Журт" с/п) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 10, 15.05.2017-ж. |
3 | Халов Шамшиддин Каримович ("Бүтүн Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 9, 15.05.2017-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
4 | Крупская айылдык | Биянху Керим Юсупович | Өз арызы | № 47, 17.04.2017-ж. |
5 | Имазов Рустам Эдирович | Өз арызы | № 47, 17.04.2017-ж. | |
6 | Бетигов Адлан Умарович | Өз арызы | № 47, 17.04.2017-ж. | |
7 | Базарбаев Улан Ибраимович | Өз арызы | № 45, 12.04.2017-ж. | |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
8 | Талас шаардык | Мураталиев Чынгыз Байымбетович ("КСДП" с/п) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 23, 16.05.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
9 | Нарын шаардык | Чымылдаков Эмилбек Назарбекович ("Ала-Тоо ынтымагы" с/п) | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 3, 15.05.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-майындагы № 121 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
1 | Бешкент айылдык | Нематжонов Расулжон Ахматжонович | Жеке ишкер | № 49, 11.05.2017-ж. |
Сүлүктү шаары | ||||
2 | Сүлүктү шаардык | Жумагулов Талантбек Абдыкулович ("Республика-Ата Журт" с/п) | "РСК" Банкынын Сүлүктүдөгү филиалы, эсепчи | № 10, 15.05.2017-ж. |
3 | Шамшиев Малик Алибаевич ("Бүтүн Кыргызстан" с/п) | "Т.Ибрагимов" ЖЧК, кампа башчысы | № 9, 15.05.2017-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
4 | Крупская айылдык | Джакупов Арли Хазипович | Пенсионер | № 47, 17.04.2017-ж. |
5 | Акчалов Марс Рыспекович | Убактылуу иштебейт | № 47, 17.04.2017-ж. | |
6 | Шайырбек уулу Анарбек | ЖЧК "АКМ Энержи", ага-мастер | № 47, 17.04.2017-ж. | |
7 | Апакаев Рашид Калибекович | Убактылуу иштебейт | № 45, 12.04.2017-ж. | |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
8 | Талас шаардык | Рыскулбекова Асыл Калмурзаевна ("КСДП" с/п) | Администратор кафе | № 23, 16.05.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
9 | Нарын шаардык | Усубалиев Бакытбек Дюшекович ("Ала-Тоо ынтымагы" с/п) | Жеке ишкер | № 3, 15.05.2017-ж. |