Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июлу № 281
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтом тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-июлундагы № 281 токтомунун тиркемеси |
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши (21 мандат)
№ 1 Өзгөрүш шайлоо округу (УШК № 2242, УШК № 2243)
Борбору: Термечиков атындагы орто мектебинин имараты жана Чодошов атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочулардын саны: 2039
Мандаттын саны: 8
Чек аралары: Бууракан айылынын К.Жайчыбеков 1-20, Ж.Алымкулов 1-28, Г.Кенетаева 1-14 көчөлөрү. Белкара-Суу айылынын М.Чакиев көчөсүнүн батыш тарабы. Кызыл-Өзгөрүш айылынын Жоробекова 1-18, Турдукожоев 1-16, Байсопуев 1-16 , Култаев 1-16, Назараалы 1-14, Мамажан 1-18, Мамбетаипов 1-18, Сейдикеримов 1-18, Малабашов 1-6, Амантай 1-20, Абдраманов 1-14, Сакеев 1-38, Сагынбек 1-11, көчөлөрү. Белкара-Суу айылынын М.Чакиев 1-38 көчөсүнүн чыгыш тарабы. Коңур-Өгүз айылынын Мамажан 1-20, Байгазы 1-16, Жумагул 1-18, Бекиш 1-30 көчөлөрү.
№ 2 Камыш-Башы шайлоо округу (УШК № 2244)
Борбору: Чаргынов атындагы гимназия мектебинин имараты
Шайлоочулардын саны: 1612
Мандаттын саны: 6
Чек аралары: Камыш-Башы айылынын Т.Осмоналиев 1-32, Нанай-Ата 1-50, Маленкул 1-24, А.Абдырахманов 1-30, Чаргынов 1-32, Капалбай 1-13 көчөлөрү. Шайык айылынын Б.Сейдеев 1-12, Б.Көчөров 1-18, А.Жээнчороев 1-30 көчөлөрү. Ак-Жар айылынын С.Досалиев 1-37, С.Султаналиев 1-68 көчөлөрү.
№ 3 Кызыл-Жылдыз шайлоо округу (УШК № 2354)
Борбору: Ибраимов атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочулардын саны: 1750
Мандаттын саны: 7
Чек аралары: Аң-Арык айылынын К.Абдыраимов 1-35, А.Таштанбеков 1-27, Б.Темиров 1-19, Ш.Сасыкулов 1-27 көчөлөрү. Көк-Таш айылынын А.Калдарбаев 1-63, А.Байсопуев 1-21, К.Мамбетаипов 1-18, С.Сейдикеримов 1-11, К.Малабашов 1-15, Б.Абдыраманов 1-20, Т.Сакеев 1-16, Сагынбек 1-20, Ж.Адилбаева 1-18, Б.Кармышаков 1-15, көчөлөрү. Орто-Жон айылынын Эрлан 1-87, Чеч-Дөбө айылынын Т.Боргемиков 1-20, Акмат 1-54 көчөлөрү.