Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июлу № 282
2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтом тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-июлундагы № 282 токтомунун тиркемеси |
Кызыл-Өзгөрүш айылдык аймагы
№ 2242 Бууракан шайлоо участкасы
Борбору: Термечиков атындагы орто мектебинин имараты
Чек аралары: Бууракан айылынын К.Жайчыбеков 1-20, Ж.Алымкулов 1-28, Г.Кенетаева 1-14 көчөлөрү. Белкара-Суу айылынын М.Чакиев көчөсүнүн батыш тарабы.
№ 2243 Өзгөрүш шайлоо участкасы
Борбору: Чодошов атындагы орто мектебинин имараты
Чек аралары: Кызыл-Өзгөрүш айылынын Жоробекова 1-18, Турдукожоев 1-16, Байсопуев 1-16, Култаев 1-16, Назараалы 1-14, Мамажан 1-18, Мамбетаипов 1-18, Сейдикеримов 1-18, Малабашов 1-6, Амантай 1-20, Абдраманов 1-14, Сакеев 1-38, Сагынбек 1-11, көчөлөрү. Белкара-Суу айылынын М.Чакиев 1-38 көчөсүнүн чыгыш тарабы. Коңур-Өгүз айылынын Мамажан 1-20, Байгазы 1-16, Жумагул 1-18, Бекиш 1-30 көчөлөрү.
№ 2244 Камыш-Башы шайлоо участкасы
Борбору: Чаргынов атындагы гимназия мектебинин имараты
Чек аралары: Камыш-Башы айылынын Т.Осмоналиев 1-32, Нанай-Ата 1-50, Маленкул 1-24, А.Абдырахманов 1-30, Чаргынов 1-32, Капалбай 1-13 көчөлөрү. Шайык айылынын Б.Сейдеев 1-12, Б.Көчөров 1-18, А.Жээнчороев 1-30 көчөлөрү. Ак-Жар айылынын С.Досалиев 1-37, С.Султаналиев 1-68 көчөлөрү.
№ 2354 Кызыл-Жылдыз шайлоо участкасы
Борбору: Ибраимов атындагы орто мектебинин имараты
Чек аралары: Аң-Арык айылынын К.Абдыраимов 1-35, А.Таштанбеков 1-27, Б.Темиров 1-19, Ш.Сасыкулов 1-27 көчөлөрү. Көк-Таш айылынын А.Калдарбаев 1-63, А.Байсопуев 1-21, К.Мамбетаипов 1-18, С.Сейдикеримов 1-11, К.Малабашов 1-15, Б.Абдыраманов 1-20, Т.Сакеев 1-16, Сагынбек 1-20, Ж.Адилбаева 1-18, Б.Кармышаков 1-15, көчөлөрү. Орто-Жон айылынын Эрлан 1-87, Чеч-Дөбө айылынын Т.Боргемиков 1-20, Акмат 1-54 көчөлөрү.