Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июлу № 284
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Лейлек, Түп, Аксы, Чаткал жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек, Түп, Аксы, Чаткал жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-июлундагы № 284 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
1 | Бешкент айылдык | Мусаев Кубатбек Ибрагимович |
| № 51, 12.07.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
2 | Ак-Булак айылдык | Кыштобаев Меркибек Жолоушевич | Өз арызы | № 44, 24.07.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
3 | Кош-Добо айылдык | Абдыкааров Кыялбек Ыманалиевич | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 50, 07.07.2017-ж. |
Чаткал району | ||||
4 | Сумсар айылдык | Кадыров Шайлибай Кочкорбаевич | Өз арызы | № 4, 24.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Сокулук айылдык | Токтобаев Бакытбек Анашович | Өз арызы | № 69, 25.06.2017-ж. |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-июлундагы № 284 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
1 | Бешкент айылдык | Умаров Заиржон Абдикасымович | Жеке ишкер | № 51, 12.07.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
2 | Ак-Булак айылдык | Исакова Зууракул Темирбековна | Жеке ишкер | № 44, 24.07.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
3 | Кош-Дөбө айылдык | Суеркулов Кубанычбек Абдыракманович | Сулайманкулов а.о. мектеби, директор орун басары | № 50, 07.07.2017-ж. |
Чаткал району | ||||
4 | Сумсар айылдык | Дангибаев Омуралы Акматалиевич | Өрт коопсуздук бөлүмүндө, коргоо башчысы | № 4, 24.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Сокулук айылдык | Джумалиев Бегиристан Бекмырзаевич | Убактылуу иштебейт | № 69, 25.06.2017-ж. |