Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 311
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кара-Кулжа, Москва, Тоң, Жети-Өгүз жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа, Москва, Тоң, Жети-Өгүз жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы № 311 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кара-Кулжа айылдык | Ормокеев Айбек Алимбекович | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 37, 27.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
2 | Биринчи май айылдык | Бакшиев Нурбек Шаршенбекович | Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендиги | № 25, 28.07.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Улахол айылдык | Абдыкеримов Амангелди Стынович | Өз арызы | № 21, 26.07.2017-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
4 | Жети-Өгүз айылдык | Сейдакматов Артур Заирбекович | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 23, 21.07.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
5 | Жумгал айылдык | Дүйшекеев Алтынбек Ишенбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 97, 17.07.2017-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы № 311 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кара-Кулжа айылдык | Бөрүбаев Айбай Аталиевич | Жеке ишкер | № 37, 27.07.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
2 | Биринчи май айылдык | Суеркулов Мирлан Казыбекович | Ак-Суу айылынын орто мектеби, мугалим | № 25, 28.07.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Улахол айылдык | Өмүркулов Урмат | Маданият үйүнүн башчысы | № 21, 26.07.2017-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
4 | Жети-Өгүз айылдык | Камчыбек уулу Алтынбек | Дыйкан чарба мүчөсү | № 23, 21.07.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
5 | Жумгал айылдык | Сарыкеев Нурбек Согушбекович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 97, 17.07.2017-ж. |