Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 208
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Тоң, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ысык-Ата жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ысык-Ата жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-июлундагы № 208 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
1 | Каджы-Сай айылдык | Буржуев Тилек Керимкулович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 21, 03.07.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Гуз айылдык | Шерикбаев Таштемир Шерматович | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 32, 27.06.2017-ж. |
Өзгөн району | ||||
3 | Өзгөн шаардык | Абдрасулов Шавкат Мамарасулович ("Республика Ата-Журт" фракциясы) | Өз арызы | № 120, 22.06.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
4 | Люксембург айылдык | Буйляшев Эсенбол Туратович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 29, 29.06.2017 г. |
5 | Люксембург айылдык | Шайлозов Акылбек Турдубековуич | Өз арызы | № 29, 29.06.2017 г. |
Бишкек шаары | ||||
6 | Бишкек шаардык | Шананов Алмаз Абылкасымович ("Республика Ата-Журт" фракциясы) | Өз арызы | № 9, 03.07.2017 г. |
|
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-июлундагы № 208 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
1 | Каджы-Сай айылдык | Андашев Канатбек Туратбекович | "Алтын-Жээк" пансионаты, директор | № 21, 03.07.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Гуз айылдык | Зикиров Мураталин Токтомаматович | Жеке ишкер | № 32, 27.06.2017-ж. |
Өзгөн району | ||||
3 | Өзгөн шаардык | Джакыпов Алмаз Назармаматович ("Республика Ата-Журт" фракциясы) | Жеке ишкер | № 120, 22.06.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
4 | Люксембург айылдык | Кадыркулов Фархад Эсенович | Жеке ишкер | № 29, 29.06.2017-ж. |
5 | Люксембург айылдык | Молдокеева Дамира Керимовна | Кант шаары, № 2 "Ручеек" бала бакчасы, башчысы | № 29, 29.06.2017-ж. |
Бишкек шаардык | ||||
6 | Бишкек шаардык | Жакышов Русланбек Шергазиевич ("Республика Ата-Журт" фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 9, 03.07.2017 г. |