ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция11.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2016-жылдын 11-октябры № 153

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 20, 21, 53, 60-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова