Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын өкүлдөрүнүн (шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, анын ичинде финансылык маселелер боюнча, ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын) укуктук статусун жөнгө салат.
1.2. Ушул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасында чыныгы эркин, адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүнү, жарандардын жана алардын кошуундарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлгөн талапкерлерге, ошондой эле саясий партиянын тизмеси менен көрсөтүлгөн талапкерлерге бирдей шарт түзүүнү, камсыз кылуу саналат.
1.3. Бул Жобо Конституциянын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка шайлоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) актыларынын талаптарынын негизинде даярдалды.
1.4. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте, ушул Жободо талапкер термини катары түшүнүлөт:
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлгөн талапкер;
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия.
1.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкердин өкүлү болуп саналат:
- шайлоо комиссияларындагы талапкердин, саясий партиянын өкүлү;
- шайлоого катышуу менен байланышкан маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, анын ичинде каржы маселелери боюнча;
- финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл;
- ишенимдүү адам;
- талапкердин атынан чыккан байкоочу.
2. Шайлоо комиссиясындагы талапкердин өкүлү
2.1. Талапкерлер катталгандан кийин, анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иштеген жери (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык байланыштары тууралуу маалыматтарды берүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссиясындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
2.2. шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
2.3. 21 жаш куракка чыккан, жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссиясындагы өкүл болууга укуктуу.
2.4. Төмөнкүлөр шайлоо комиссиясында өкүл болууга укуксуз:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер;
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
-диний кызматкерлер;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссиясындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.
2.6. Эгерде ал жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын мүчөсү жана (же) уюштуруучусу, мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мекеменин, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар мекеменин кызматкери болуп саналса, шайлоо комиссиясындагы өкүл өзүнүн кызмат орундук жана кызматтык абалынын артыкчылыгынан пайдаланууга укугу жок.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Шайлоо комиссиясындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
2.8. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары:
2.8.1. Шайлоо комиссиясындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана алардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
7) шайлоочунун инсандыгын көрсөткөн документтин дал келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө.
2.8.2. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн төмөнкүлөргө укугу жок:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
2.8.3. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын чечими боюнча ар кандай убакта токтотулат жана башка адамга өткөрүп берилет мүмкүн.
Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.
Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
Талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанылган учурда шайлоо комиссиясындагы гы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
3.1. Талапкерлер, саясий партиялар экиден көп эмес ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү талапкерлерге, саясий партияларга өкүл болот.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36токтомунун редакциясына ылайык)
3.2.Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн 21 берененин талаптарына ылайыктыгын тастыктайт жана берилген маалыматтар үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Аймактык шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат.
3.4. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо күбөлүктөрү берилгенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
3.6. (КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.7. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;
2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Талапкер, саясий партия аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн жиберүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген жобонун 3.7-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 3.7-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3.8. Талапкер, саясий партия тийешелүү ыйгарым өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3.9. Талапкердин, саясий партиянын жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдүн, анын ичинде каржы маселелери боюнча өкүлдүн каттоосу ушул Жобонун -3.1-3.7-пункттарында каралган тартипте ишке ашырылат.
3.10. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишенимдүү адамдар
4.1. Талапкер, саясий партия өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын дайындоого укуктуу.
Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугун берген жарандын өзүнүн арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз ишке ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу адам боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Ишенимдүү адамдар талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзам жол берген формаларда жана мыйзамдуу ыкмаларда талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка ишти жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
4) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө шайлоо участкаларында болууга;
5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
6) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан үгүт алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө керектүү жардам алууга;
7) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.
4.6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
2) шайлоо бюллетендерин алгандагы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.
4.7. Ишенимдүү адамдарды көрсөтүшкөн талапкерлер, саясий партиялар аймактык шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарат. Ишенимдүү адам аймактык шайлоо комиссиясына өзүнө берилген күбөлүктү кайтарып берип жана бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге, саясий партияга жазуу жүзүндө билдирүү менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
4.8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул жобонун 4.7-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36токтомунун редакциясына ылайык)
5. Байкоочулар
5.1. Талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия байкоочуларды дайындоого укуктуу, алар мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Байкоочу байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына, аны жиберген талапкерден, саясий партиядан жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомо талапкердин кол тамгасы же саясий партиянын мөөрү болгондо жана паспорту же аны алмаштырган документи болгондо анык деп эсептелинет. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.
5.4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссиясында болууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруунун жана добуш берүүнүн белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;
12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссиясында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
17) добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга жолтоо болбостон, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугун бузбастай, шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото-, көрмө тартууну, үн жазууну жеке жүргүзүүгө.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
5.5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
6. Өкүлдөрдүн шайлоо процессинин ар кандай стадияларындагы ыйгарым укуктары
6.1. Талапкердин өкүлдөрү (мындан ары - өкүлдөр) шайлоолорго катышуу менен жогоруда аталып кеткен ыйгарым укуктардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.
6.2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө байкоочуларды кошпогондо, байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- үгүт өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга;
- телерадио көрсөтүү каналдарында биргелешкен үгүт иш-чараларына катышууга;
- үгүт материалдарын жайылтууга;
- башка үгүт иш-чараларына катышууга.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө өкүлдөр төмөнкүлөргө укуксуз:
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга, башкача айтканда улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларды өткөрүүгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат;
- шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат;
- шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө;
- билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
6.3. Добуш берүү күнү өкүлдөр добуш берүү үчүн жайда төмөнкүлөргө укуктуу:
- ошол участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер болгон мөөр басылган сейфти (шкафты) ачууга катышууга;
- тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын угузууга катышууга;
- шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү жана электрондук тизмелерин жөнөкөй көз менен карап чыгууга жана салыштырып текшерүүгө;
- участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен басылган (пломба коюлган) добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап чыгууга;
- контролдук баракчаларга кол коюуга жана алардын добуш берүү үчүн ящиктерге ташталышына байкоо жүргүзүүгө;
- шайлоо бюллетендерин кайра эсептөөгө жана алардын санын угузууга катышууга жана көз менен карап чыгууга;
- жогору турган шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан алынган шайлоо бюллетендеринин санынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилишине байкоо жүргүзүүгө.
Өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүдө катышууга укуктуу. Мында өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап текшерип чыгууга жана добуш берүү үчүн ящиктерге ташталуучу контролдук баракчаларга кол коюуга укуктуу.
6.4. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө өкүлдөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышууга. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн жер ага шайлоо комиссиясында гы бардык өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында эсептөөгө катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек;
- сүрөткө, кино-, видео тасмага тартууга;
- участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдоосу астында иргелген шайлоо бюллетендери менен таанышып чыгууга;
- добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууга;
- алар тараптан көз менен карап текшерүүдө шайлоо бюллетендерин кайра эсептөөгө катышууга;
- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин таңгактоого, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга иреттеп салууга катышууга, ошондой эле мүшөккө же кутуга өзүнүн кол тамгасын коюуга;
- участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктарын угузууга катышууга;
- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин, арыздарды (даттанууларды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актыларды кошо алганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүүнү коштоого;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда мүчүлүштүктөр, дал келишпестиктер аныкталганда же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын экинчи ирет эсептешине катышууга;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин шайлоо комиссиясынын катчысынан мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тез арада алууга.
6.5. Талапкердин өкүлдөрүн чыгаруу тартиби:
Эгерде талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо комиссиянын ишине же Кыргыз Республикасынын жаранынын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук кылууга жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракеттенсе, алар добуш берүү үчүн жайдан чыгарылат.
Чыгаруу жөнүндө акт участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу формасында түзүлөт.
"Шайлоо комиссиянын ишине тоскоолдук" деп, шайлоонун абийирине жана шайлоого карата ишенимге карата түзөлбөс сокку алып келген, эл аралык шайлоо стандарттардын, шайлоо комиссиялардын ишинин ачыктык жана айкындуулук принцибине карама-каршы болгон жарандардын шайлоо укуктарын одоно бузулушу түшүнүлөт. Участкалык шайлоо комиссиянын өкүлдү чыгаруу жөнүндө акт жүйөлүү болууга тийиш.
Участкалык шайлоо комиссиянын өкүлдү чыгаруу же четтетүү жөнүндө акт участкалык комиссиянын төрагасы же анын милдетин аткаруучусу тарабынан даярдалат. Чыгаруу жөнүндө актта чыгаруунун негиздери көрсөтүлүшү керек: чыгарылып жаткан адам бузган мыйзамдын беренесинин номери жана конкреттүү пункттун (бөлүктүн, берененин) тексти. Ошондой эле актта бузуулардын жагдайлары көрсөтүлөт (сүрөттөлүшү, убактысы, орду, катышуучулары). Ар бир чыгарылып жаткан адамга карата өзүнчө акт түзүлөт.
Участкалык комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү жана чыгарылып жаткан адам чыгаруу жөнүндө акт менен алдын ала тааныштырылышы керек. Комиссиянын төрагасы (же анын милдетин аткаруучу) акт боюнча добуш берүүдөн мурда чыгып сүйлөөнү каалаган комиссиянын мүчөлөрүнө, чыгарылып же четтетилип жаткан адамга, башка байкоочуларга, өкүлдөргө сөз берүүгө милдеттүү. Эгерде, комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү чыгаруу жөнүндө актты кабыл алуу үчүн добуш берсе, акт кабыл алынды деп эсептелинет.
Чыгаруу жөнүндө акт эки нускада түзүлөт. Акттын номери жана аны кабыл алынган датасы менен убактысы көрсөтүлүшү керек, ага участкалык шайлоо комиссиянын төрагасы жана катчысы (же алардын милдеттерин аткаруучулар) кол коюп, ал участкалык шайлоо комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Акттын бир нускасы чыгарылып жаткан адамга берилет. Анын башка нускасы участкалык шайлоо комиссиясынын документи болуп саналат жана шайлоо комиссиянын башка документтери менен чогуу сакталат.
Чыгарылган адам аны чыгаруу жөнүндө актка карата жогору турган шайлоо комиссияга даттанууга укуктуу. Жогору турган комиссия же сот кабыл алган чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз аткарылышы керек.
Мында, комиссия тиешелүү органдарга көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу сунушу менен кайрылууга укуктуу.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген жобонун 6.5-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 6.5-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
6.6. Өкүл шайлоо процессинин субъекттеринин (талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкер, саясий партия, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын өкүлү) шайлоо укуктарын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз менен кайрылууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко кайрыла алат.
Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган шайлоо комиссияларында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) - сотто даттанылышы мүмкүн.
(КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 9-февралындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)