Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябры № 166
Кээ бир шайлоо участкаларынын чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон жана Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын алыс жашаган шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жана тиркемеде көрсөтүлгөн участкаларда шайлоочулардын саны 2500дөн ашкандыгына байланыштуу айрым шайлоо участкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле кээ бир шайлоо участкаларды бөлүү боюнча сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон жана Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын чек аралары тиркемеге ылайык бөлүнсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары бөлүнгөн шайлоо участкаларда участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 21-октябрынын № 166 токтомуна тиркеме |
Шайлоо участогун бөлүү боюнча түшкөн сунуштар
№ | АШКнын аталышы | УШКнын № | Шайлоочулардын саны | Сунуш | Чектери | Эскертүү |
1 | Тогуз-Торо | № 2082 | 1758 858 | Казарман айылында участок ачуу | № 2082 чек аралары: Казарман айылындагы Кадыркулов, Кожалиев, Акимбаев жана Бектен атындагы көчөлөрүндө жашаган шайлоочулар кирет, борбору А.Абдраимов атындагы орто мектебинин имараты | Шайлоочулардын саны 2500 ашып кеткен |
№ 2420 чек аралары: Казарман айылындагы Чодиев, Жооров жана Алымбабаев атындагы көчөлөрүндө жашаган шайлоочулар кирет, борбору: Тогуз-Торо райондук Суу чарба башкармалыгынын имараты | ||||||
2 | Базар-Коргон | № 2131 | 2084 700 | Базар-Коргон аймагында участок ачуу | № 2131 чек аралары: Базар-Коргон айылындагы Б.Осмонов, Бегимкулов, Караүңкүр, Манас, Калмурзаев, Маслозавод, Б.Осмонов-чек, Түштүк ПМК, Дом пионер - РЭС, Махмадалиев көчөлөрүнүн шайлоочулары кирет, борбору: Атабекова атындагы мектеби |
|
| № 2421 чек аралары: Базар-Коргон айылындагы Сайдуллаев көчөсүнүн Ош-Бишкек трассасынын оң жагындагы шайлоочулары, А.Нурбеков, М.Козуева, А.Токторалиев, Бешбадам көчөлөрү, Жаңытурмуш-1, Жаңытурмуш-2 участкаларынын шайлоочулары кирет, Борбору: У.Колдошева атындагы мектеби |
| ||||
| № 2135 | 1825 887 | Базар-Коргон аймагында участок ачуу | № 2135 чек аралары: Базар-Коргон айылындагы Ленин көчөсүнүн Мирзабаевдин үйүнөн батыш тарабы, М.Аккозиев, Янги хает көчөсүнүн кварталдары, Камалходжаев көчөлөрүнүн шайлоочулары кирет, борбору: Худайбердиев атындагы орто мектебинин имараты |
| |
| № 2422 чек аралары: Базар-Коргон айылындагы К.Далибаев, М.Жусуев, Б.Ташиева көчөлөрү, М.Сулайманов көчөсүнүн балдар санаториясынан баштап эки тарабы МТФга чейин, Мураталиев көчөсү, Вокзальная-1 жана Вокзальная-2 көчөлөрү МТФга чейин шайлоочулары кирет, борбору: Т.Жумабаева атындагы мектебинин имараты |
| ||||
| № 2140 № 2141 | 2488 1197 1203 | Кеңеш аймагында участок ачуу | № 2140 чек аралары: Бабашата айылындагы Арпачы, Кыргызстан, Аркалык, Ленин көчөсү борбордон күн батышты карай, Аттокуров көчөсү борбордон К.Турсунбаев көчөсүнө чейинки күн батыш тарабында жашаган шайлоочулар кирет, борбору: Бабаш-Ата маданият үйү |
| |
| № 2141 чек аралары: Бабашата айылындагы Достук, ПМК, Абдраимов, Ленин, Турдуев, Тыткатар көчөлөрү, Ортосай участкасында жайгашкан шайлоочулары кирет, борбору: райондук миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн имараты |
| ||||
| № 2423 чек аралары: Бабашата айылындагы Суубашы, МТФ участкалары, Ош-Бишкек трассасынын оң жагы ага уланып кеткен Ж.Аттокуров көчөсүнүн Калбаев Баймураттын үйүн кошо күн чыгыш тарабында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет, борбору: М.Юсупов атындагы мектебинин имараты |
| ||||
3 | Лейлек | № 8025 | 1148, 1184 | Ак Суу айылында участок ачуу | № 8025 чек аралары: Ак Суу айылындагы Сай, Чашма, Булак, Акжол, Кенкол, А.Осмонов, Селхана, И.Раззаков, Достук, Коргон сай, Корук, Акташ, Ак босого, Бирлик, Ак-Ордо, Береке, Жаштык, Байчечекей, Ынтымак, Нур, Ак ниет, Ак Тилек, Ак Орго, Ислам, Тынчтык, Келечек, Биримдик көчөсүнүн батыш-түндүк жагында жашаган элдер кирет, борбору: Ак Суу айылынын маданият үйү | Шайлоо участкасы 11 км алыс жайгашкан |
№ 8200 чек аралары: Суу Башы айылынын элдери, Ак Суу айылынын Биримдик көчөсүнүн чыгыш-түштүк тарабындагы жашоочулар жана Жизген, Жаны-Абат участкаларынын элдери кирет, борбору: Ак Суу айылындагы Эгемендүүлүк орто мектебинин имараты |
|