Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-октябры № 478-б
1. Биргелешип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Макулдашууну түзүүчү, Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Казакстан Республикасынын Консулдугун ачуу жөнүндө Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2011-жылдын 3-майындагы № 641 жана 2011-жылдын 6-июнундагы № 821 ноталарына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул нотаны Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине белгиленген тартипте жөнөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өз урматын билдирүү менен, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2011-жылдын 3-майындагы № 641 жана 2011-жылдын 6-июнундагы № 821-ноталарына таянуу менен эл аралык эки тараптуу келишимдерге ылайык жана эл аралык укуктук ченемдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Ош шаарында консулдук аймагына Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган Казакстан Республикасынын Консулдугун ачууга макулдук берилгендигин маалымдайт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2011-жылдын 3-майындагы № 641 жана 2011-жылдын 6-июнундагы № 821 ноталары жана бул жооп нота Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Казакстан Республикасынын Консулдугун ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууну түзүшөт деп эсептөөнү сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн терең урматтоосун билдирет.
Бишкек ш., 2011-жылдын____- сентябры
Казакстан Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги
Астана ш.