Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-октябры № 487-б
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 2011-жылдын 16-сентябрындагы протоколунун 10 жана 11-пункттарын аткаруу үчүн:
1. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин курамында мүлктүк жана башка жөнгө салына элек маселелерди чечүү боюнча эки тараптуу комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эки тараптуу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Эки тараптуу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, эки тараптуу комиссиянын тең төрагасы.
Эки тараптуу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
"ЭкоИсламикБанк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).