Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-октябры № 498-б
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин балансына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы Жол-эксплуатациялык ишканасынын имаратын жана курулмаларын жалпы аянты 0,8 га талапташ аймактары менен белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана курулмаларды кабыл алуу-өткөрүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |