КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 685 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2005-жылдын 15-сентябры, №437 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүүнү тартипке салуу жанаконтролдукту күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө тиркелгенжобо бекитилсин. 2. Жогоруда аталган Жобого ылайык лотереянын тибине, түрүнө жанашарттарына карабастан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндемамлекеттик каттоодон өтпөгөн лотереяларды Кыргыз Республикасынынаймагында өткөрүүгө тыюу салынсын. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтому; - «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-августундагы № 407 токтому; - «Лотереялык ишке байланыштуу маселелер жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-февралындагы № 95 токтому.4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов